Notice: WP_Scripts::localize was called incorrectly. The $l10n parameter must be an array. To pass arbitrary data to scripts, use the wp_add_inline_script() function instead. Please see Debugging in WordPress for more information. (This message was added in version 5.7.0.) in /var/www/vhosts/talsu.kg/httpdocs/wp-includes/functions.php on line 5663

Талас мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Көчмөндөр маданиятынын мурасы-азыркы замандын башаттары” аттуу республикалык денгээлдеги илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференция 2018-жылдын 21-апрелинде өткөрүлдү. Пленардык отурумда т.и.д, профессор Ташманбет Кененсариев “Алтай элдеринин Евразиянын тарыхындагы орду” аттуу илимий баяндамасы угуучулар үчүн абдан кызыктуу болду. Конференцияга ТалМУнун профессордук-окумуштууларынан тышкары, ОшМУ, ЖаМУ, ОГПИ,ОштТУнун окумуштуулары катышышты. Конференциянын сонунда резолюция кабыл алынып, секция башчылары өз жыйынтыктарын чыгарышты. Мазмундуу илимий баяндамачыларга ТалМУнун Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

жаңылыктар