Талас мамлекеттик университетинин алдындагы Кесиптик билим берүү бөлүмүндө “көгүлтүр от” жагылды

Бүгүн Талас мамлекеттик университетинин алдындагы Кесиптик билим берүү бөлүмүндө “көгүлтүр от” жагылды. Адистиктер арасында конкурс уюштурулуп, жаңы жылдык маанайдын илеби жаштардын деминен, даярдыктарынан көрүнүп турду. Студенттер бардык талаптарга өтө кылдат даярданышканынан , кызуу таймаш болду. Конкурстун аягында жеңүүчүлөргө “Мыкты ыр”, “Мыкты бий”, “Мыкты юмор” номинациялары ыйгарылып, Ардак грамоталар берилди. Ошентип студенттик күндөрдүн бир кызыктуу күнү да элесте калды.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*