Чыңгыз Айтматовду эскерүү

12-декабрь залкар жазуучу Ч.Айтматовдун  туулган күнүнө жана кыргыз улуттук  адабият күнүнө карата «Ч.Айтматовду  эскерүү» иш–чарасы Ч.Айтматовдун  айкелинин алдында болду. Бул иш-чарага Талас облусундагы  ыйгарым укуктуу  өкүлүнүн  орун басары А.Ш.Жаркыналиева, Талас шаардык  жергиликтүү  өз ара башкаруусунун  вице-мэри Н.Базарбаева, ТалМУнун  мамлекеттик тил боюнча проректору  С.С.Жумалиев, гуманитардык факультеттин деканы Ж.Абдиева, Талас турмушу гезитинин башкы редактору К.Иманкулов, К.Медетбеков  атындагы  драм-театрдын  директору  К.Эстебесов, ТТРдин  башкы директору Э.Уметов  жана кыргыз тили жана адабияты адистигинин  студенттери,  окутуучулары,  ошондой эле шаардык мектептердин окуучулары  мугалимдери  катышып, Ч.Айтматовдун  чыгармалары боюнча көркөм окушуп  жана  Айтматовго  арналган  ырлар окулду.

Прокрутить вверх