Май 2018

Брейн-ринг-2018

ТалМУда Кыргызстан тарыхы, маданияты, географиясы боюнча суроолорду камтыган Брейн-ринг интелллектуалдык таймашы 2 жылдан бери жолго коюлуп келет. Бул демилге 2016-2017-окуу жылында ТалМУнун гуманитардык факультетинин тарых жана коомдук илимдер кафедрасында демилгеге алынып, ТалМУнун ректору А.Ш. Упенов жана мамлекеттик тил боюнча проректор С.С. Жумалиев тарабынан колдоого алынып, окуу жайда жыл сайын өткөрүлүүчү структуралык бөлүмдөрдүн ортосундагы кызыктуу интелллектуалдык …

Брейн-ринг-2018 Читать полностью »

Тил өз ара катнашуунун булагы

2017-2018-окуу жылында жетекчиликтин колдоосу менен ТалМУнун профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттер 2017-жылдын октябрь айынан баштап 2018-окуу жылынын май айынын аягына чейин түрк тилин үйрөнүү курстарынын А жана Б группасында окушуп, сертификаттарга ээ болушту. ТалМУнун гуманитардык факультетинин А жана Б группаларында турк тилин үйрөнүп сертификатка ээ болгон профессордук-окутуучулар жамаатын жана студенттерин куттуктайбыз. Андан ары өркүндөтүүнү каалайбыз.

Тарых жана коомдук илимдер кафедрасынын доценти М.М.Жусупова эл аралык илимий жыйындардын активдүү катышуучусу

Тарых жана коомдук илимдер кафедрасынын мүчөсү, т.и.к, доцент Жусупова Моймол Молдобековна 17-18-19-май күндөрүндө З.Бабур атындагы Анжиян мамлекеттик университетинде, Ош мамлекеттик университетинде жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинде тарых багытындагы илимий-тажрыйбалык жыйындарга активдүү катышып келди. Жыйындарга өз илимий макалалары менен катышып, сертификаттарга ээ болуп келди.

Летняя школа «Изучение ландшафтов через исследование и мониторинг окружающей среды», 2-9 июля 2018г., г. Нарын.

Институт исследований горных сообществ (ИИГС) при Университете Центральной Азии (УЦА), совместно с Немецким исследовательским центром геофизических исследований (GFZ) рады объявить о наборе  на Летнюю школу «Изучение ландшафтов через исследование и мониторинг окружающей среды». Данная Летняя школа проводится в рамках проекта PALESCA (Палеоклимат, изменение окружающей среды и социальное взаимодействие в Центральной Азии)  и финансируется Федеральным правительством по образованию …

Летняя школа «Изучение ландшафтов через исследование и мониторинг окружающей среды», 2-9 июля 2018г., г. Нарын. Читать полностью »

Бош орундар жарманкеси — 2018

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Талас мамлекеттик университети  «Бош орундар жарманкеси — 2018» Жарманкенин өтүүчү орду: Талас мамлекеттик университетинин      башкы имаратынын чоң жыйындар залы “Бош орундар  жарманкесинин” программасы Мекеме, ишканаларды каттоо (1000 _1030) ТалМУнун ректору  А.Ш.Упеновдун сөзү          (1030 -1035 ) Талас шаардык эмгек жана  социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси   Д.Т.Рысалиеванын сөзү                     (1035-1045) Талас …

Бош орундар жарманкеси — 2018 Читать полностью »

Кытайлык залкар манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына карата эскерүү кече өткөрүлдү

2018-жылдын 24-апрелинде Талас мамлекеттик университетинин жыйындар залында кытайлык залкар манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына карата эскерүү кече өткөрүлдү. Кечеге  Жусуп Мамайдын  чөбөрөсү Тургуналы Турсуналы уулу чакырылып, окутуучуларга, студенттерге жана чакырылган конокторго кызыктуу маек куруп берди. Сөз арасында ТалМУнун ректору А.Ш.Упеновго, мамлекеттик тил боюнча проректор С.С.Жумалиевге жана иш чараны уюштуруп жаткан тарыхчы-окумуштуу Моймол Жусуповага терен ыраазычылык билдирди. …

Кытайлык залкар манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына карата эскерүү кече өткөрүлдү Читать полностью »

«Көчмөндөр маданиятынын мурасы-азыркы замандын башаттары» аттуу республикалык денгээлдеги илимий-практикалык конференция болуп өттү

Талас мамлекеттик университетинин жыйындар залында «Көчмөндөр маданиятынын мурасы-азыркы замандын башаттары» аттуу республикалык денгээлдеги илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференция 2018-жылдын 21-апрелинде өткөрүлдү. Пленардык отурумда т.и.д, профессор Ташманбет Кененсариев «Алтай элдеринин Евразиянын тарыхындагы орду» аттуу илимий баяндамасы угуучулар үчүн абдан кызыктуу болду. Конференцияга ТалМУнун профессордук-окумуштууларынан тышкары, ОшМУ, ЖаМУ, ОГПИ,ОштТУнун окумуштуулары катышышты. Конференциянын сонунда резолюция кабыл алынып, секция башчылары өз …

«Көчмөндөр маданиятынын мурасы-азыркы замандын башаттары» аттуу республикалык денгээлдеги илимий-практикалык конференция болуп өттү Читать полностью »

“Улуу Ата Мекендик согуштагы менин үй-бүлөмдүн тагдыры”семинар-треннинг

Тарых жана коомдук илимдер кафедрасынын окутуучуларынын уюштуруусунда т.и.к.,доцент А.С.Усубалиева, т.и.к. Э.К.Кулова 2018-жылдын 7-майында Гуманитардык факультетинин англис тили, орус тили, кыргыз тили жана тарых адистигинин студенттерине “Улуу Ата Мекендик согуштагы менин үй-бүлөмдүн тагдыры”семинар-треннинг өтүштү. Семинар-треннинг викторина, пресс-конференция жана чыгармачылык разминка менен коштолду. Чыгармачылык тапшырмаларды чакан топтордо чечүү жолу менен анализдеп, жыйынтыгы наминациялар менен сыйланды.

“Билим берүү программасынын сапаттуу мазмуну – жаңы мезгилдин талабы” деген методикалык семинар

ТалМУнун гуманитардык факультетинде 2017-2018-окуу жылынын жумалык иш планынын негизинде “Билим берүү программасынын сапаттуу мазмуну – жаңы мезгилдин талабы” деген методикалык семинар болуп өттү. Семинардын максаты сапаттуу билим берүү программасынын алкагында кесипкөй, компетенттүү, конкуренцияга туруштук бере ала турган келечектин жаш адистердин даярдоо. Семинарды уюштуруучулар: Ж.К.Абдиева. — т.и.к., ТалМУнун доценти, гуманитардык факультеттин деканы, К.А. Душеева.- орус тили …

“Билим берүү программасынын сапаттуу мазмуну – жаңы мезгилдин талабы” деген методикалык семинар Читать полностью »

“Акыл-эси жактан артта калган балдардын психологиялык абалы” аттуу тегерек стол.

ТалМУнун гуманитардык факультеттинде “Тарых жана коомдук илимдер” кафедрасынын окутуучусу К. Туткучбаеванын жетектөөсү жана К-17 группасынын студенттери тарабынан “Акыл-эси жактан артта калган балдардын психологиялык абалы” аттуу тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столго ТалМУнун мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору С.С. Жумалиев, Кызыл Ай коомунун кызматкери  Кулипа Шейшенова, “Теңир колдо” реабилитациялык борбордун жетекчиси  Абдымалик Турсаливич Ахметов, факультеттин …

“Акыл-эси жактан артта калган балдардын психологиялык абалы” аттуу тегерек стол. Читать полностью »

Scroll to Top