Тарых жана коомдук илимдер кафедрасы

Кафедра башчысы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент,
Кыргыз Республикасынын Билим берүүнүн мыктысы
Жусупова Моймол Молдобековна

Тарых кафедрасы 2000-жылы гуманитардык факультетинин курамында уюшулган жана адистерди чыгаруучу негизги кафедра болуп эсептелет.

Кафедра буга чейин мезгил талабына ылайык адистерди даярдап келген. 2012-жылдан баштап аталган багыт боюнча бакалавр программасы менен адистерди даярдай баштаган.  Азыркы учурда тарыхый-фундаменталдык изилдөөлөрдү жүргүзүү жана тарых илиминин теориясын, методологиясын өздөштүрүүгө багытталган академиялык билимдерди берет.

Кафедранын материалдык-техникалык базасында тарых адистигине ылайыктуу 3 аудитория жана керектүү жабдуулар менен жабдылган К. Кеңешбеков атындагы тарыхый-этнографиялык музей бар. Аталган музейде практикалык жана семинардык сабактар өткөрүлөт. Окуу процессинин графигине ылайык студенттер алган теориялык билимдерин тереңдетүү максатында археологиялык-этнографиялык, архивдик-музей жана адаптациялык, кесиптик-базалык, кесиптик-профилдик практикалардан өтүп турушат.

Кафедрада  профессордук-окутуучулар жамаатынын жалпы саны – 12. Алардын ичинде: 7 илимдин кандидаты, анын ичинен 5 тарых илимдеринин кандидаттары (Жусупова М.М,Абдиева Ж.К, Кулова Э.К,Конокбаев Р.Т, Усубалиева А.С, 1 социология илимдеринин кандидаты (Турсалиева Г.Ж,), 1 философия илимдеринин кандидаты (Үмөтов Э.А.), 1 доцент, 6 доценттин милдетин аткаруучу, 2 билим берүүнүн мыктысы (М.М.Жусупова, Ж.К.Абдиева), 3 ага окутуучу (Үмөтов Э.А, Т.К.Көкөев, К.А.Чекиров ), 2 окутуучу (Сатаева С.Т,Бейшекеев Т.К., ) эмгектенет. Кафедранын илимий сапаттык көрсөткүчүнүн пайыздык катышы 65%ти түзөт.

Акыркы беш жылдын ичиндеги илим-изилдөө иштеринин жыйынтыгы боюнча кафедранын окутуучулары тарабынан 4 монография, 37 окуу-усулдук көрсөтмө жана 90 илимий макала жарык көргөн. Кафедра жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо боюнча  КР УИА,  Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын алдындагы “Мурас” фондусу,   И.Арабаев атындагы КМУ, Ж.Баласагын атындагы КУУ, Кыргыз-Түрк “Манас” университети, К.Карасаев атындагы БГУ, С.Нааматов атындагы НМУ, К.Тыныстанов атындагы ЫМУ, Б.Осмонов атындагы ЖаМУ, М.С.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети, БатМУ, Кыргыз Улуттук “Манас Ордо” комплекси, Казакстан Республикасынын М.Ауезов атындагы Чыгыш-Казакстан Университетинин “Тарых жана этнология” илимий-изилдөө борборлор менен да тыгыз байланышта иш алып барат. Жогоруда аталган окуу жайлар жана илимий борборлор менен азыркы мезгилге чейин активдүү иш алып барышып, байланышып келишет.

Музейдин тарыхы

Канат Кеңешбеков атындагы тарыхый-этнографиялык музей   Талас мамлекеттик университетинин 2016-жылы 20 жылдык мааракесине арналып түзүлгөн. Музей окуу жайдын илимий, маданий жана агартуу чакан борбору болуп эсептелет. Музейге 100дөн ашык экспонаттар жайгаштырылган.

Музейдин ысымы өзүнүн өсүп-өнүгүү тарыхында эки ирет өзгөргөн:

  • 2016-2019-жылдарда музей-кабинет болуп түзүлгөн.
  • 2019-жылдан баштап Канат Кеңешбеков атындагы тарыхый-этнографиялык музей. (Эскерте кетсек, музей кайрадан т.и.к, доцент Канат Аманович Кеңешбековдун элесине арналып өзгөртүлдү. Себеби Канат Аманович Кеңешбеков окуу жайдын илимий потенциалынын өсүп-өнүгүүсүнө зор салым кошкон окумуштуу болгон. Жаш окумуштууларга мыкты насаатчы эле. Талас облусунунун тарыхына, кыргыз-немис байланыштарын изилдөөгө өзгөчө кошкон салымы үчүн ысмы ыйгарылган). Музейде Кенешбеков Канат Амановичке арналып атайын чакан бурч уюштурулган.

Канат Кеңешбеков атындагы археологиялык-этнографиялык музей эки бөлүмдөн турат:

1. ТалМУнун 20 жылдык тарыхы

2. Талас өрөөнүндөгү археологиялык-этнографиялык экспонаттар жайгаштырылган бөлүм.

Уюштуруучулар: гуманитардык факультетинин деканы, т.и.к, доцент Абдиева Жылдызкан Канатбековна, т.и.к, доцент Жусупова Моймол Молдобековна, Кыргыз Улуттук “Манас Ордо” комплексинин “Манас эпосу” музейини директору Жунушалиев Асан Самилович жана тарыхчы-окутуучу Бекмуратова Динара Замировна.

2021-жылдан бери музейдин ишмердүүлүгүн жогорулатуу максатында жетекчи дайындалган. Учурда музейдин директору : т.и.к, доцент
Жусупова Моймол Молдобековна

Аталган музейде Талас өрөнүндөгү илимий негиздеги археологиялык – этнографиялык буюмдардын жана окуу жайдын өсүп-өнүгүүсүнө салым кошуп кеткен жана кошуп келе жатышкан профессордук-окутуучулар жамаатынын өздүк документтерин жыйнап-топтоо маселесине өзгөчө көңүл бурулуп келет.

Музейде облусубуздун, окуу жайдын инсандары жөнүндөгү материалдар, алардын өздүк буюмдары, документтери, сыйлыктары сакталып турат. Учурда музейге окутуучулар, студенттер тарабынан ар кандай тарыхый буюмдар тапшырылып, толукталып келет.

Өзгөчө табылга 2020-жылынын 18-март күнү Манас районунун Кара-Арчадан табылган 4 даана кумура болуп эсептелет. Тактап айтканда, айыл тургуну Термечик уулу Бактыбектин чарбагынан таза суу чыгаруу үчүн арык казып жатып, 4 даана чоподон жасалган кумура таап алган. Жаңы табылга дагы окуу жайдын музейине жайгаштырылды.2023-жылдын июнь айында Манас районундагы Сөгөт айылынан кумура табылган. Тарых профилинин студенттери менен кумураны казып, музейге жайгаштырылган. Иш чараны кафедра башчысы, доцент М.М.Жусупова жетектеген.

Талас мамлекеттик университетинин алдында магистратура бөлүмү ачылып, анын ичинде тарых жана коомдук илимдер кафедрасы өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. 2023-жылдын октябрь айынан баштап,тарых профилинин магистратура бөлүмү гуманитардык факультетинин тарых жана коомдук илимдер кафедрасына кошулган. 2022-окуу жылынан бери жалпы 14 магистрант билим алышууда. Магистранттарга диссерациялык иштер окуу жылынын башында бөлүнүп берилген. Магистранттардын илимий иштеринин темалары аймактарды өнүктүрүүгө, туризм багытында, руханий баалуулуктарга, тарыхый инсандарга жана “Манас” эппосун изилдөөгө арналган. Магистранттар эл аралык, ЖОЖдор аралык жана ТалМудагы илимий-практикалык иштерге активдүү катышып келишет. Ар биринин 2ден илимий макалалары жарык көргөн. Илимий жетекчилери менен тыгыз иш алып барышат. Башкаруучулук жана илимий-изилдөө иштеринин практикаларында активдүү өтөшөт.

Прокрутить вверх