Чет тилдер кафедрасы

Тагайкулова Сайкал Абдрашитовна кафедра башчысынын м.а.

Чет тилдер кафедрасы Талас мамлекеттик университети негизги билим берүү багыты  болуп саналат. Бүтүрүүчү квалификациясы – Англис тили мугалими. 550300 багыты боюнча  4 жыл. Чет тилдер кафедрасы 2020-2021 окуу жылында     “Эл  баасы”  аккредитациялык   агенттигинен  5  жылга аккредитациядан ийгиликтүү өттү

Чет тилдер кафедрасында 4 окуу бөлмөсү, “Америка Ордосу”,  ресурстук борбору, 1 усулдук кабинет  бар. Окуу ресурстук борбору жана аудиториясы чет тилдер кафедрасынын  түзүмдүк бөлүмдөрү болуп саналат. Интернетке туташтырылган  компьютердик ресурстук борбор студенттерге окуу процессинде,  окуу-усулдук жана изилдөө иштерине жардам берет. Кафедра АКШ Мамлекеттик департаментинин Билим берүү жана маданият бюросу жана Кыргызстандагы Тынчтык Корпусу менен биргеликте 2007-2008-окуу жылында ТалМУнун Гуманитардык факультетинин “Аудиторияларын  жаңылоо” долбоорун жазуу демилгесин көтөргөн. Бул долбоор жактырылып , 34308 сом суммасында акча каражаты каралып, 2 аудитория жаңыртылды. 2008-2009-окуу жылында ресурстук борборду кеңейтүү боюнча 20000 АКШ доллары өлчөмүндө долбоор жазылган, бул акчага техникалык шаймандар, эмеректер, китептер сатылып алынган. 2010-2011-окуу жылында Гуманитардык факультеттин “Лингафон кабинети” долбоору жазылып, бул долбоор жактырылып, 5000 доллар өлчөмүндө утуп алган. Мындан тышкары, 2012-2013-окуу жылында ресурстук борборду кеңейтүү боюнча долбоор жазылып, (5,000$) ресурстук борбордун аянты кеңейтилип, жаңыланып, пластик терезелер орнотулду. 2013-2014-окуу жылында ресурстук борборду жабдуу боюнча 50 000 АКШ доллары өлчөмүндө долбоор жазылган. 2015-2016-окуу жылында 732 китеп, эмерек жана техникалык шаймандар сатылып 

Прокрутить вверх