Америкалык DevX окуу жайы кыргызстандык сегиз жогорку окуу жайлары менен биргеликте дүйнө жүзү боюнча эң көп талап кылынган IT тармагындагы адистерди даярдашат

Америкалык DevX окуу жайы кыргызстандык сегиз жогорку окуу жайлары менен биргеликте дүйнө жүзү боюнча эң көп талап кылынган IT тармагындагы адистерди даярдашат.2022-жылдын 12 — июлунда Бишкекте IT тармагында адистерди даярдаган америкалык DevX аттуу окуу жайы менен Кыргыз Республикасындагы сегиз жогорку окуу жайынын ортосунда дүйнө жүзү боюнча эң көп талап кылынган IT адистерин биргелешип даярдоо боюнча келишим түзүлдү. Мындай иш-чарага Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы элчиси Бакыт Аманбаев, Илим жана билим берүү министри Алмаз Бейшеналиев, АКШнын Кыргызстандагы элчисинин милдетин аткаруучу Соната Коултер, Кыргыз Республикасындагы сегиз мамлекеттик университетинин ректорлору жана америкалык DevX мектебинин негиздөөчүлөрү катышышты. Америкалык DevX окуу жайы соңку бир нече жылдан бери АКШнын аймагында IT тармагындагы эң зарыл болгон онго жакын кесип ээлерин ийгиликтүү даярдап келет. Окутуу англист тилинде өткөрүлөт жана окуу мөөнөтү сегиз айга созулат. Окутуу он лайн түрүндө өткөрүлүп, дүйнөлүк ири компанияларда иштеген тажрыйбалуу адистер лекция окушат. Бүтүрүүчүлөрдүн токсон тогуз пайызы жогорку маянадагы жумуш табууга жетишкендигин өзгөчө баса белгилөөгө болот. Аталган келишимге ылайык америкалык DevX окуу жайы Кыргыз Республикасындагы ири сегиз окуу жайы менен биргеликте IT тармагындагы адистерди биргелешип даярдоону башташат. Окутуу системасы жана окутуу толугу менен америкалык DevX компаниясы тарабынан уюштурулат. Ал эми кыргызстандык окуу жайлар болсо студенттерге алардын окуусу үчүн толук шарттарды түзүү жана зарыл болгон окуу жабдууларын даярдап беришет. Окутуу он лайн түрүндө жүргүзүлөт. Жогорудагыдай демилге Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилиги тарабынан көтөрүлүп, элчиликтин кызматкерлери америкалык DevX компаниясы менен биргеликте соңку бир нече ай бою келечектеги окуу жайынын концепциясын иштеп чыгышты. Андан соң бул концепция Кыргыз Республикасынын өкмөт башчысы Акылбек Жапаров тарабынан колдоо таап жактырылды. Андан соң аталган концепция кыргыз өкмөт башысынын буйругу менен Илим жана билим берүү министри Алмаз Бейшеналиевдин жетекчилиги менен ишке ашырылууда. Аталган окуу жайга Кыргызстандан КГТУ, ОшГУ, ИГУ, ЖАГУ, НГУ, ТалГУ, БатГУ окуу жайлары катышышат. **********************************************The American DevX School, in cooperation with eight Kyrgyz higher education institutions, will train the most in-demand IT professionals.On July 12, 2022, in Bishkek, an agreement was signed between the American DevX School, which trains IT specialists, and eight Kyrgyz higher educational institutions to jointly train the world’s most in-demand IT specialists. Ambassador of the Kyrgyz Republic to the U.S. and Canada Bakyt Amanbaev, Minister of Education and Science of the Kyrgyz Republic Almaz Beishenaliev, acting U.S. Ambassador to Kyrgyzstan Sonata Coulter, rectors of eight Kyrgyz higher education institutions and founders of DevX school took part in the event.For several years the American school DevX has been successfully teaching about ten of the most sought-after IT specialists in the United States. Training is conducted in English and lasts eight months. Training is conducted online; lectures are read by experienced professionals, working in major global companies. It is worth noting that ninety-nine percent of graduates managed to find a high-paying job.According to the mentioned agreement, the American educational DevX school will start joint training of IT specialists in cooperation with eight major educational institutions of the Kyrgyz Republic. The training and education system is fully organized by the American company DevX. On the other hand, Kyrgyz educational institutions provide students with all conditions for studying and preparing necessary training equipment. The training is conducted online.The above-mentioned initiative was initiated by the Embassy of the Kyrgyz Republic in the United States, and the embassy staff has been developing the concept of the future educational institution for the past few months together with the American company DevX. This concept was then supported and approved by Prime Minister Akylbek Japarov. This concept is being implemented by order of the head of the Government of the Kyrgyz Republic under the leadership of the Minister of Science and Education Almaz Beishenaliev.The educational institutions of KSTU, OshSU, ISU, JASU, NSU, TalSU, and BatSU from Kyrgyzstan participate in this educational institution.

https://www.high-endrolex.com/15
Прокрутить вверх