Notice: WP_Scripts::localize was called incorrectly. The $l10n parameter must be an array. To pass arbitrary data to scripts, use the wp_add_inline_script() function instead. Please see Debugging in WordPress for more information. (This message was added in version 5.7.0.) in /var/www/vhosts/talsu.kg/httpdocs/wp-includes/functions.php on line 5663

27-апрелде Кыргыз республикасы боюнча кесипке үндөө күнүнө карата ТалМУда “Ачык эшиктер күнү” иш-чарасы өтүп, шаардык орто мектептердин жогорку класстарынын окуучулары катышты.
ТалМУнун ректору А.Ш.Упенов билимге умтулган жаштар үчүн университеттин эшиги дайыма ачык экендигин билдирди. Айрыкча бул жерде эл аралык стандарттын деңгээлинде билим алууга мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин дагы баса белгилеп айта кетти.
Университеттин жыйындар залында бүтүрүүчүлөрдү факультеттин декандары, окутуучулар тосуп алышып университет тууралуу кеңири маалымат беришти. Жалпы маалымат алгандан кийин, коноктор университеттин кабыл алуу комиссиясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Аталган иш-чарага ТалМУнун ректору А.Ш.Упенов, окуу жана илимий иштери боюнча проректору М.С.Тургунбаев жана ар бир факультеттин декандары катышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *