Notice: WP_Scripts::localize was called incorrectly. The $l10n parameter must be an array. To pass arbitrary data to scripts, use the wp_add_inline_script() function instead. Please see Debugging in WordPress for more information. (This message was added in version 5.7.0.) in /var/www/vhosts/talsu.kg/httpdocs/wp-includes/functions.php on line 5775

Бүгүн К.Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында “Бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкеси” болуп өттү. Ал JIA бизнес ассоциациясы, Талас райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы, Талас шаарынын мэриясы жана Талас мамлекеттик университети менен өнөктөштүктө уюштурулуп өткөрүлдү. Жарманкеге облустук жана шаардык билим берүү, укук коргоо, бизнес мекеме-уюмдарынан иш берүүчүлөр, кесипке даярдоочу окуу жайларынын өкүлдөрү жана мектеп, лицей, колледж, университеттин бүтүрүүчүлөрү катышты. Алгач иш-чараны уюштурган өнөктөш мекемелердин жетекчилери куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, бизнес ассоциациясынын, жаштар уюмдарынын, окуу жайлардын өкүлдөрү кесип тандоо, жумушка орношуу, билим алуу темаларында кеңири маалыматтарды беришти. JIA Бизнес ассоциациясы уюштурган оюндун активдүү катышуучуларына белектерди берсе, ТалМУнун студенттери жагымдуу концерттик программасын тартуулашты. Негизи, аталган жарманке иш берүүчүлөр менен бүтүрүүчүлөр ортосунда түз байланыштарды түзүүгө, тандаган кесиби боюнча ишке орношууга мүмкүнчүлүк берип, жол ачкан аянтча болуп берди.

By

Leave a Reply

Your email address will not be published.