Жанылыктар

08. 05. 2024

08.05.2024. 9- май Улуу Жениш кунуно карата Талас мамлекеттик университетинин Табият таануу жана педагогика факультеттин Табият таануу кафедрасынын География жана Айыл чарба бакалавры адистигинин Г-23, Бсх-23 группасынын студенттери “Эч ким, эч нерсе, эч качан унутулбайт” темасында тарбиялык саат отушту.

30. 04. 2024

Бугун 30.04.2024 Талас мамлекеттик университетинде ачык эшиктер куну болуп отту, баардык адистиктер, баардык кафедраларда оз багыттары боюнча профориентациялык иштерди жургузушту.

27. 04. 2024

2024-жылдын 25-апрелинде Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “XIX-XXI кылымдагы Россия -Кыргызстан мамилелери: кызматташуунун жана оз ара аракеттенүүнүн негизги аспектилери” аттуу мыкты курстук жана квалификациялык иштер боюнча конкурс болуп өттү.

Конкурстун 3 этабы онлайн режимде өткөрүлүп 79 иш каралган. Аталган конкурста Табият таануу жана педагогика факультетинин Табият таануу кафедрасынын География адистигинин Г-23 группасынын студенти Уланбек уулу Бектур финалга чейин чыгып, активдүү катышуучу катары сертификатка ээ болду. Жетектеген илимий жетекчи ага окутуучу А.Т.Козубекованы жана Уланбек уулу Бектурду ийгиликтери менен

27. 04. 2024

26.04.24. ТалМУда ден соолук куну откорулду.

27. 04. 2024

19.04.2024. Талас мамлекеттик университетинде Талас шаарынын 80- жылдыгына карата “Илимге карай жол: жаштар жана инновациялар” атуу XXI – студенттик илимий-практикалык конференция болуп отту.Табигый – илимдер секциялык отурумда студенттердин жалпы 15 баяндамасы окулуп, талкууланды. Угулган баяндамалардын ичинен Стартап долбооруна ылайыктуу деп эсептелген студенттер грамотага ээ болушту.

1. Алмазбекова Даяна Б-21 гр.

2. Анарова Алиса Б-21гр.

3. Каныбеков Арлен КАС-1-23 гр.

Конференцияга активдуу катышып, баяндама жасаган студенттерге сертификат берилди.

14. 04. 2024

13-14-апрелде Талас мамлекеттик университетинин Табият таануу жана педагогика факультетинин математика-информатика кафедрасынын уюштуруусу менен “BigBen” окуу борборунун кесипкөй оратору Аркадий Лиджиевдин катышуусунда окутуучуларга, студенттерге “День Роста”, «Я выбираю”, “Искусство коммуникации» деген темаларда тренинг уюштурулду.

Тренинг кызыктуу өтүп, практикалык иштер жүргүзүлдү. Жыйынтыгында катышуучулар сертификатка ээ болушту.

09. 04. 2024

06.04.2024. КР президентинин 2023 жылдын 31-январындагы “2022-жылы Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жашыл мурас улуттук өнөктүгүн ишке ашыруу максатында Жалал-Абад облусунун Арстанбап-Ата токой чарбасында практикалык семинар болуп өттү. Аталган семинарга ОшМУнун, ЖаГУнун окутуучулары, Жалал – Абад токой чарба башкармалыгы жана Талас мамлекеттик университетинин Табият таануу кафедрасынын окутуучусу Садыралиева Назгүл Иманбекова катышышты.

03. 04. 2024

02.04.2024. ТалМУнун Табият таануу кафедрасынын Биология адистигинин Бкз-22 группасынын студенттери “Жалпы ботаника” курсу боюнча окуу- талаа практикасын Талас аралаш токойунан, Талас Дендро паркынан, жана лабораториялык базада иш жургузуудо.

29. 03. 2024

Бүгүн, Талас мамлекеттик университетинде студенттер жана окутуучулар үчүн 🎓 Эразмус+ программасынын алкагында эл аралык алмашуу жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөру жөнүндө , чет өлкөдө окуу жана Эразмус+ долбоорунун алкагында катышууга мүмкүн болгон долбоорлор тууралуу чогулуш болуп өттү. Чогулушта бир жана андан көбүрөөк Европалык жогорку окуу жайларынын студенттери жана окутуучулары менен алмашуу программалары, ЕБ тармагындагы окутууну жана изилдөөлөрдү жакшыртуу – Жан Моне программасы, Жогорку билим алууда потенциалды жогорулатуу долбоорлору, Erasmus mundusдун Европа жана андан тышкары жогорку окуу жайлары менен кызматташуу программалары тууралуу маалымат алдык.

19. 03. 2024

алас мамлекеттик университетинин Табият таануу жана педагогика факультетинин математика, физика жана информатика кафедрасынын п.и.к., доценттин м.а. Кыштообаева Чолпон Асанкуловна университеттин денгээлинде ачык сабакты “Математиканы окутууда окуучулардын билимдерин, билгичтиктерин баалоо” деген темада М-22 группасынын студенттерине Математиканы окутуунун методикасы дисциплинасы боюнча өттү. Ачык сабак салттуу, интерактивдүү жана инновациялык методдордун элементтерин колдонуу менен, өтүлдү. Сабак учурунда көргөзмө куралдар, кроссворд, логикалык суроолор жана оюндар, карточкалар жана Kahoot платформасы колдонулду. Окутуучу жана студенттер профессионалдык чеберчилигин көрсөтө алышты, студенттер да активдүү болушуп сабак эң жогорку деңгээлде өтүлдү.

Ачык сабакка ТалМУнун окуу жана илимий проректору т.и.к., доцент А.К. Сурапов., ТТПФнын деканы б.и.к., доцент З.Т. Койчуманов., ТалМУнун профессору Ш.Ж. Курманкулов., п.и.к., доцент

К.А. Стамалиева, ага окутуучу З.Т. Акматалиев, окутуучулар Ж. Жекшеналиева, С. Сүйүнтбекова ж.б. катышышты. Ийгиликтерди каалайбыз!

31.01.2024

ТалМУнун Табият таануу кафедрасында 1- курстун студенттеринин ата энелери менен чогулуш өткөрүлдү. Чогулушта 1- маселе, 1- курстун күзгү сессиясынын жыйынтыгы боюнча жалпы кураторлордун маалыматы, 2- маселе, студенттердин катышуусу боюнча, 3- маселе, ата энелерди жогорку окуу жайдагы система, Е-билим программасы менен тааныштырып, Е – билим менен иштөөдө студенттерди сессиясын, катышууну контрольдоп, ата энелердин ар бири менен иш алып барып, ТалМУнун жалпы маалымат берүүчү анкета толтурушту, Андан соң, табият таануу кафедрасынын башчысы б.и.к., доцент Ташибекова З.М. ата энелерди окуу аудиториялары, лаборатория менен тааныштырып өттү.

12.01.2024

“Жашыл экономика ” темасында тренинг – семинар И.Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун алдындагы “Жашыл технологиялар жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу башкаруу” борбору жана Германиялык AFC консалтинг компаниясы тарабынан уюштурулуп, “Кыргыз Республикасында жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү” CIZ программасы колдогон. Тренинг – семинарга Кыргызстанда 15 жогорку окуу жайынан, НарМУ, ТалМУ, ИМУ жана Бишкектеги окуу жайларынын окутуучулары катышышты.

15.11.2023

ТалМУнун ТТПФнын Педагогика кафедрасынын ага окутуучусу Туткучбаева К.А. Педагогика адистигинин ПНО -1-21, ПНО-2-21 группаларына “Методика обучения начального образования” дисциплинасы боюнча Окуу керемет долбоорунун стратегияларын колдонуунун негизинде “Калем сап жонундо тушунук “, Адабий-ийримдер , стратегиясы”, “Фин- чилистен сынагы” темаларында Университеттин денгээлинде ачык сабак отту. Каныкей Абдыжапаровна традициялык жана инновациялык, интерактивдик ТСО менен айкалыштырып отту. Ачык сабак кызыктуу, маанилуу болду, эн жакшы деп бааланды. Ачык сабакка ТалМУнун ПОЖ, ТалМУнун алдындагы КОБББнун окутуучулары, педагогика кафедрасынын башчысы п.и.к., доцент Умарбекова А.А., кафедранын окутуучулары жана студенттер катышышты.

Прокрутить вверх