Жанылыктар

19.04.2024

2024-жылдын 9-апрелинде, ТалМУнун Технология-экономикалык факультетинде, техникалык процесстердин технологиялары кафедрасынын ИСТ-21 группасы ѳндүрүштүк практиканын жыйынтыктоочу конференциясы болуп ѳттү. Студенттер аталган практиканын жыйынтыктоочу конференциясында презентация жасоо менен отчетторун тапшырышты. Конференцияга техникалык процесстердин технологиялары кафедрасынын окутуучулар жамааты, практиканын жетекчилери катышышты.

19.04.2024

ТалМУда студенттик илимий-практикалык конференция 2024-жылдын 19-апрелинде ТалМУда Талас шаарынын 80 жылдыгына карата “Илимге карай жол: жаштар жана инновациялар” аттуу XXI студенттик илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференциянын ачылышы болуп, пленардык баяндамалар окулду. Техникалык илимдер секциясында 18 баяндама катталып, жасалма интеллектин нейротармактарына басым жасалган кызыктуу темалар угулду.

19.04.2024

2024-жылдын 18-апрелинде гуманитардык факультетинин Америка ордосунда “Кыргыз мамлекеттүүлүгү жаштардын көз карашы менен” аттуу брейн-ринг акыл таймашы өткөрүлдү.Иш чараны ТалМУнун ректору Жыргалбек Сабырбекович ачып, студенттерге ийгилик каалады.Брейн-рингди тарых жана коомдук илимдер кафедрасынын башчысы,доцент М.Жусупова уюштурду. Бул таймашка технология-экономикалык факультеттин, техникалык процесстердин технологиялары кафедрасынын информациялык системалар жана технологиялар адистигинин студенттери активдуу катышышты.Таймаш кызыктуу өттү. Жыйынтыгында 1-орун тарых адистиги, 2-орун ТЭФ, 3-орун гум.факультет,”Жигердүү катышуучулар” деп ТТПФ ыйгарылды. Эстафетаны Жыргалбек Сабырбековичтин сунушу менен ТТПФне берилди.

04.04.2024

2024-жылдын 26-мартынан 28-мартына чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жана ОУБ финансылык коопсуздук боюнча үчүнчү республикалык олимпиаданы өткөрүштү. Олимпиада бир нече этаптан туруп, сынактын шартына ылайык онлайн тестирлөө март айында ,командалык семинар,талкуу панели жана жыйынтыктоочу тестирлөө 6-24-март аралыгында өттү.Аталган финансылык коопсуздук боюнча үчүнчү республикалык олимпиадага техникалык процесстердин технологиялары кафедрасынын онлайн тестирлөөгө 1 студент катышты. Жыйынтыгында, Ж. Абдрахманов атындагы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик Башкаруу академиясында өткөрүлгөн олимпиадага техникалык процесстердин технологиялары кафедрасынын ИСТ-22 тайпасынын студенти Бактияр уулу Бекзат катышып, командалык оюнда 3-орунду ээлеп, грамота жана баалуу белектер менен сыйланды.

15.03.2024

Германиянын Дрезден шаарынын UKA Umweltgerechte Kraftanlagen GmbH & Co. KG компаниясынын инженер-программисти Мелисбеков Талгат 2024-жылдын 15-мартында ТалМУнун «Информациялык системалар жана технологиялар» адистигинде билим алып жаткан студенттерге «Технологии управления и обработки данных» аттуу темада конок лекция өтуп берди. Лекция онлайн форматта уюштурулду жана ага ТалМУнун техникалык процесстердин технологиясы кафедрасынын окутуучулары да катышышты. Лекциянын аягында студенттердин кызыккан суроолору берилип, аларга жооп берүүлөр менен жыйынтыкталды.

15.03.2024

Талас райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармылыгынын калкты иш менен камсыз кылуу бөлүмү менен биргеликте ТалМУнун Технология-экономикалык факультетинин ТТП кафедрасынын башчысы Ч.Т.Раеванын жетектөөсүндө студенттер IT багыты боюнча кесипке багыт берүү үчүн Талас шаарындагы №5 орто мектебинин бүтүрүүчү класстарынын окуучулары менен жолугушту. Алгач калкты иш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы К.Р. Аманова облуста IT багытындагы кесипти даярдаган ТалМУнун атайын бүтүрүүчү кафедрасы бар экенин тааныштырып, студенттерине сөз берди. ТЭФтин ИСТ багытында окуган 2-4-курстарынын студенттери жолугушууда IT багыты боюнча окуудагы ийгиликтерин, стартап долбоорлору менен конкурстарга катышкан ийгиликтерин, азыркы учурда долбоорлордун үстүндө дагы иштеп жаткандары, университетте мобилдүүлүк, IT багытында курстардын жана бир нече тил үйрөнүү акысыз окулаары жөнүндө кенен токтолуп айтып беришти. Ошондой эле азыркы учурдун талабы болгон IT адистигинин багыттарында колдонуп жаткан программалар боюнча кенен токтолуп бөлүшүштү. Аягында студенттер окуучулардын кызыккан суроолоруна жооп беришти. Окуучуларды ТалМУга окууга келүүгө багыт берүү менен, университет боюнча кенен маалымат берип, окуучуларга ийгилик каалады.

16.02.2024

15.02.2024. ТалМУнун технология-экономикалык факультетинин техникалык процесстердин технологиясы кафедрасында Эл аралык эне тил күнүнө карата ИСТ жана БУА адистиктеринин студенттери тарабынан “Эне тилим эне сутум”, “Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун” темаларында тарбиялык иш чара өткөрүлдү. Тарбиялык иш чарага ТалМУнун Мамлекеттик тил боюнча проректору ф.и.к., доцент Жунусалиева К.Т., көркөм жетекчиси Эсенаманов У.О., Технология-экономикалык факультетинин деканы п.и.к. Курманалиева А.О. техникалык процесстердин технологиясы кафедрасынын жалпы жамааты жана студенттери катышышты.

16.01.2024

25-декабрь 2023-жылы Талас мамлекеттик университетинин технология-экономикалык факультетинин техникалык процесстердин технологиялары кафедрасынын профессору т.и.д. Ж.С. Шаршембиев жана доценти т.и.к. М.С.Тургунбаевди Кыргыз Республикасынын Инженердик Академиясы мүчө-корреспондент кылып шайлады жана төш белгиси, диплому тапшырылды. Сиздерди чын жүрөктөн куттуктайбыз! Окуу жайдын өнүгүшүнө зор салымыңыздарды кошот деген чоң ишеничтебиз!

16.01.2024

23-декабрь 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2022-2023-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларынын 75 студентине Президенттик стипендия тапшырды. Анын ичинен Талас мамлекеттик университетинин технология-экономикалык факультетинин ИСТ-20 группасынын студенти Курманбекова Акылай, Президенттин колунан мактоо баракчасын жана 60 миң сом өлчөмүндө стипендия алды. Президенттик стипендиянын ээсин, КУТТУКТАЙБЫЗ! Келечекте өлкөбүздүн өнүгүшүнө чоң салым кошот деген үмүттөбүз!

21.12.2023

Талас мамлекеттик университетинин технология-экономикалык факультетинде Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына арналган “Билим берүү жана илимдин өнүгүүсүндө жасалма интеллекттин ролу” аттуу студенттердин илимий-практикалык конференциясы, шаардык мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн катышуусунда ийгиликтүү өткөрүлдү. Алгач университеттин окуу жана илимий иштеринин проректору тех.и.к., доцент А.К. Сурапов конференцияны расмий ачуу менен, конференциянын ишине ийгилик каалады. Конференцияга “Информациялык системалар жана технологиялар”, “Бухгалтердик эсеп жана аудит” адистигинде окуган 3-4-курстун студенттери өз адистиги боюнча жасалма интеллекттин жана маалыматтык технологиянын практикалык колдонулушу боюнча маанилүү, маңыздуу баяндамаларды жасашты. Аягында конференциянын резолюциясы кабыл алынды. Университеттин окуу жана илимий иштери боюнча проректору Анаркул Кудайбердиевич конференциянын жогорку деңгээлде өтүлгөнүн белгилөө менен студенттерге ийгилик каалап, университеттин сертификатын тапшырды. Андан соң катышкан студенттерге факультеттин деканы п.и.к., доцент А.О. Курманалиева ыраазычылык билдирүү менен ийгилик каалап, келечектин мыкты кесипкөй адистери болооруна ишеним артты. Ал эми шаардын мектептеринен келген бүтүрүүчүлөрүнүн кызыккан суроолоруна жооп берилип, алар үчүн атайын даярдалган кесипке багыттоо боюнча технология-экономикалык факультетинин адистиктери жөнүндө тартылган видео тасма көрсөтүлдү. Соңунда ИСТ-21 гр. студенти Шушпанов Илья “Детство” ырын тартуулады.

01.12.2023

ТалМУнун Технология-экономикалык факультетинде 2023-жылдын 29-ноябрында информациялык системалар жана технологиялар адистигин өркүндөтүү максатында кызыктар тараптар «IT доору жана IT кесиби» аттуу темада тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столго Талас областы боюнча IT багытында жумуш беруучулор жана бутуруучулор келип катышышты. Факультеттин техникалык процесстердин технологиясы кафедрасынын профессордук-окуутучулар жааматы, жогоруда аталган адистиктин бүтүрүүчүлөрү жана билим алып жаткан студенттери катышышты. Адистикти жакшыртуу максатында кызыктар тараптар (стейкхолдерлер) кызуу талкулоолорду жүргүзүштү. Жыйынтыгында ТалМУнун информациялык системалар жана технологиялар адистигинин негизги билим берүү программасына сунуштар киргизилип, аягында анкеталык сурамжылоо жүргүзүлдү.

24.11.2023

2023 жылдын 22-ноябрында К.Медетбеков атындагы музыкалык драм театрында, Талас шаарынын мэриясы жана Талас райондор аралык эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы менен биргеликте “Бош Орундар жана кесиптер жарманкеси” откорулду.

24.11.2023

Талас мамлекеттик университетинин студент жаштары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин ишмердүүлүгү менен таанышышты. Эл өкүлү Бактыбек Чойбековдун демилгеси менен уюшулган бул жолугушуу студенттерге чоң таасир калтырды. Жолугушууга ТалМунун студенттери менен Корей өлкөсүнүн Сенджон иститутунун базасында түзүлгөн Кыргыз тилдер жана маданият институтунун ректору , профессор Лю Бенг Ил жана студенттери кереге кеңешке активдүү катышышып, окуу жайлар жөнүндө маалымат алышып, эл өкүлүнө кызыккан суроолорун беришти. Талас жаштарына жакшы мүмкүнчүлүк түзүп, акысыз корей тилин окутуп берүү тууралуу ойлорун дагы билдиришти.

24.11.2023

Бириккен Улуттар Уюму тарабынан, Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 75 жылдыгына карата Адам укуктарын колдоо жана коргоо максатында Талас мамлекеттик университетинин ТЭФ, ГФ, ТТПФ студенттери арасында “Квиз Найт” викториналык суроо конкурсу өткөрүлдү. Жыйынтыгында ТалМУнун студенттер арасында:

1 орун – гуманитардыкфакультети;

2 орун – технология-экономикалык факультети

2 орун – табият таануу жана педагогика факультети; ээ болушуп сыйлыктар тапшырылды.

18.11.2023

ТалМунун технология-экономикалык факультетинде, 17 – ноябрь Эл аралык студентик куну салтанаттуу белгиленди. Факультеттин деканы А.О. Курманалиева студенттерди майрамы менен куттуктап, окуу жылда окууда, илимде, коомдук-маданий иштерде ийгилик корсоткон студенттерге факультеттин ардак грамотасы менен сыйланышты. Жалпы студенттерди майрамы менен куттуктап, ийгиликтерди каалайбыз.

27.10.2023

Талас мамлекеттик университетинде “Күзгү бал-2023” кароо сынагы болуп өттү. Сынакка структуралык бөлүмдөрдүн командалары катышып, берилген шартка ылайык күч сынашты. ТТПФ-“Күз”, ТЭФ-“Күз микс” , ГФ-“ Күз хандыгы”, КОБББ- “Жалбырак” командалары катышты. Сынак абдан кызыктуу өтүп, көрүүчүлөр тарабынан колдоого алынды. Жыйынтыгында, 1 -орунга эки команда “Күз микс”, “Жалбырак”, 2-орунга “Күз хандыгы”, 3-орунга “Күз” командалары жеңишке ээ болушту. Жыйынтыгында жеңген командалар акчалай сыйлык жана ТалМУнун грамоталары менен сыйланышты.

24.10.2023

ТалМУнун технология-экономикалык факультетинде, техникалык процестердин технологиялары кафедрасынын окутуучулары тарабынан ИСТ багытындагы студенттердин ата-энелери менен жолугушуу уюштурулду. Жолугушууда ата-энелерге, факультеттин деканы А.О.Курманалиева окуу жайдын материалдык техникалык базасы жана ИСТ багытындагы студенттердин жетишкен ийгиликтери боюнча токтолуп кетти. Окуу процессинин журушу, ички мобилдуулук жана башка маалыматтар боюнча кафедра башчысы Ч.Т.Раева адистикке тиешелүү маалыматтарды берди. Ата-энелер кызыккан суроолорду беришип жоопторун алышты. Жыйынтыгында ата-энелерден онлайн форматындагы сурамжылоо жүргүзүлдү

15.04.2023

Талас мамлекеттик университетинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине арналган “Айтматовдук окуу – 2023” аттуу XX студенттик конференция болуп отту. Конференциянын пленардык бөлүгүндө “Ч.Айтматов жана Манас” (А.Өзүбекова), “Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы элдик педагогикалык идеялар” (Л.Жамалбекова), “Нейронные сети и их применение” (А.Егешов), “Жаңы табылгалар: Манас районунун Сөгөт айылындагы тарыхый эстеликтерди изилдөө” (К.Дүйшөнбеков) деген актуалдуу темаларда презентациялык баяндамалар окулду. Секциялык отурумдардын жыйынтыгы менен резолюция кабыл алынып, эң мыкты илимий темаларды изилдеп алып чыгышкан студенттерге грамоталар жана сертификаттар ыйгарылды.

Прокрутить вверх