Notice: WP_Scripts::localize was called incorrectly. The $l10n parameter must be an array. To pass arbitrary data to scripts, use the wp_add_inline_script() function instead. Please see Debugging in WordPress for more information. (This message was added in version 5.7.0.) in /var/www/vhosts/talsu.kg/httpdocs/wp-includes/functions.php on line 5663

Жашоо – убактылуу, илим -түбөлүктүү

10-ноябрда ТалМУда илим күнү салтанаттуу белгиленди. Окуу жана илимий иштер боюнча проректор М.С.Тургумбаев тарабынан окуу жайдагы илим-изилдөө иштеринин динамикасы, изилденип жаткан приоритеттүү илимий багыттар туурасында презентация жасалып, алдыда илим багытында аткарыла турган иштерге токтолуу менен азыркы учурда университетте окутуучулардын сапаттык көрсөткүчү өсүп жатканын, анын ачык далили катары 43 илимдин кандидаты жана 3 илимдин доктору иштеп жактандыгын баса белгиледи. Ушул салтанатта педагогика илимдеринин доктору окумуштуулук даражасынын дипломун алган Ш.Ж.Курманкуловго ТалМУнун ардак грамотасы 3000 сом акчалай сыйлыгы менен, окуу жайдын кесиптик кошунунун төрагасы Э.Абдраимов тарабынан 5000 сом акчалай сыйлык тапшырылды. Мындан сырткары өткөн окуу жылында илим жаатында ийгилик жараткан окутуучуларга ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар ыйгарылып, илимпоздорго арналган көркөм маданий программа тартууланды.


Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *