«Жашыл мурас» улуттук өнөктүгү кызуу жүрүп жатат

Республикабызда «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгү кызуу жүрүп жатат.Ушул иш-чаранын алкагында Талас мамлекеттик университети айлана-чөйрөнү жашылдандыруу максатында окуу корпустарына карагай, гүлдөрдүн түрлөрүн отургузушту. Беш-Таш жаратылыш паркынын жетекчилиги, жамааты менен дайыма өнөктөш иштешип келебиз, учурда 12 түп «Тянь-Шань» карагайын жардам катарында беришти. Окуу жайдын атынан ыраазычылык катты ТалМунун мамлекеттик тил боюнча проректору Жунусалиева Кундуз Тотоновна «Беш-Таш» жаратылыш паркынын жетекчиси Жынкалиев Нурдин Алдыяровичке тапшырып, иштерине ийгилик каалады.

Прокрутить вверх