Notice: WP_Scripts::localize was called incorrectly. The $l10n parameter must be an array. To pass arbitrary data to scripts, use the wp_add_inline_script() function instead. Please see Debugging in WordPress for more information. (This message was added in version 5.7.0.) in /var/www/vhosts/talsu.kg/httpdocs/wp-includes/functions.php on line 5775

ТалМУда “Илимдин актуалдуу көйгөйлөрү: жаш изилдөөчүлөрдүн көз карашы” аттуу XIX студенттик илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференцияга жалпы 180 илимий макала кабыл алынып, илимдин багыттары боюнча 11 секциялык иштер жүрдү. Пленардык баяндамаларды К.Каналбекова (Заманбап окутуу технологияларын колдонуунун практикалык артыкчылыктары), К.Сыдыков (Байыркы карапачылык өнөрдү реконструкциялоонун илимий негиздери), И.Кудайбергенов (Возможности использование анимации в создании сайтов) окушуп, өздөрүнүн изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарына токтолушту. Секциялык иштерде илимдин актуалдуу маселелери жаш изилдөөчүлөрдүн көз караштары менен баяндалып, кызуу талкууга алынып, мыкты илимий макалалар жыйнакка сунушталып, резолюция кабыл алынды. Ошондой эле 1,2,3-орунду алган, активдүү катышкан студенттер грамоталар менен сыйланып, катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Илимди өнүктүрүү, илим менен билим берүүнү, өндүрүштү айкалыштыруу, стартап идеяларды ишке ашыруу, инновациялык идеяларды, технологияларды жайылтууга кызыккан студенттердин саны жылдан жылга арбып баратканы келечектен үмүттөнтүп, билим берип жаткан окутуучуларын сүйүнтөт.

By

Leave a Reply

Your email address will not be published.