«ЖОЖ жана мектеп» аттуу илимий-тажрыйбалык конференция

ТалМУда «ЖОЖ жана мектеп» аттуу илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү. Конференциянын негизги максаты — жогорку окуу жайы менен мектеп ортосундагы байланышты чыңдоо, кызматташууну күчөтүү, билим берүү жаатындагы көйгөй маселелерди биргелешип чечүү. Конференцияны ТалМУнун ректору А.Ш.Упенов ачып, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Г.Б.Жайнакова, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы өкүлүнүн орун басары К.Б.Жанузакова, Талас шаарынын вице-мэри М.Э.Сейдикеримова, Талас облустук билим берүү усулдук борборунун директору Ч.К.Кермалиева сөз сүйлөшүп, КРнын билим берүү саясатын ишке ашырууда ЖОЖ менен мектеп ортосундагы кызматташтык байланыштарды күчөтүү аркылуу билим сапатын көтөрүүгө, тажрыйба алмашууга, көйгөй маселелерди чечүүгө өбөлгө түзүлөрүн баса белгилешти. Пленардык отурумда ТалМУнун окуу жана илимий иштери боюнча проректору С.С.Жумалиев «ЖОЖ системасындагы билим берүү саясаты жана тенденциялары», Талас районундагы А.Огомбаев атындагы орто мектептин директору Ж.Суюнтбекова «Мектеп системасындагы билим берүү көйгөйлөрү» аттуу темаларда мазмундуу баяндамаларын жасашты. Конференциянын 2-бөлүгүндө «ЖОЖ жана мектеп: абалы жана перспективалары» (баяндамачы п.и.к., доцент М.М.Шайланова) жана «Мектептерде орус тилдүү мугалимдерди даярдоо» (баяндамачы п.и.к., доцент А.А.Умарбекова) деген эки секциялык багытта уланып, кызуу талкуулар жүрүп, сунуштар айтылып, ар бир мектеп менен ТалМУнун ортосунда эки тараптуу кызматташтык келишимдери түзүлдү. Конференциянын жыйынтык бөлүгүндө секциялык иштердин жыйынтыгы чыгарылып, резолюция кабыл алынды. Мындан ары жогорку окуу жайы менен мектептердин ортосундагы кызматташуунун форматы өзгөрүп, билим берүү мамилелери жаңы нукка түшкөнүн белгилөөгө болот. Конференция КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Талас шаарынын мэриясы жана Талас облустук билим берүү усулдук борбору менен биргеликте уюштурулуп өткөрүлдү.

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Прокрутить вверх