Илимий-изилдөө иштер

19.04.2024

ТалМУда студенттик илимий-практикалык конференция 2024-жылдын 19-апрелинде ТалМУда Талас шаарынын 80 жылдыгына карата “Илимге карай жол: жаштар жана инновациялар” аттуу XXI студенттик илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференциянын ачылышы болуп, пленардык баяндамалар окулду. Техникалык илимдер секциясында 18 баяндама катталып, жасалма интеллектин нейротармактарына басым жасалган кызыктуу темалар угулду.

21.12.2023

Талас мамлекеттик университетинин технология-экономикалык факультетинде Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына арналган “Билим берүү жана илимдин өнүгүүсүндө жасалма интеллекттин ролу” аттуу студенттердин илимий-практикалык конференциясы, шаардык мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн катышуусунда ийгиликтүү өткөрүлдү. Алгач университеттин окуу жана илимий иштеринин проректору тех.и.к., доцент А.К. Сурапов конференцияны расмий ачуу менен, конференциянын ишине ийгилик каалады. Конференцияга “Информациялык системалар жана технологиялар”, “Бухгалтердик эсеп жана аудит” адистигинде окуган 3-4-курстун студенттери өз адистиги боюнча жасалма интеллекттин жана маалыматтык технологиянын практикалык колдонулушу боюнча маанилүү, маңыздуу баяндамаларды жасашты. Аягында конференциянын резолюциясы кабыл алынды. Университеттин окуу жана илимий иштери боюнча проректору Анаркул Кудайбердиевич конференциянын жогорку деңгээлде өтүлгөнүн белгилөө менен студенттерге ийгилик каалап, университеттин сертификатын тапшырды. Андан соң катышкан студенттерге факультеттин деканы п.и.к., доцент А.О. Курманалиева ыраазычылык билдирүү менен ийгилик каалап, келечектин мыкты кесипкөй адистери болооруна ишеним артты. Ал эми шаардын мектептеринен келген бүтүрүүчүлөрүнүн кызыккан суроолоруна жооп берилип, алар үчүн атайын даярдалган кесипке багыттоо боюнча технология-экономикалык факультетинин адистиктери жөнүндө тартылган видео тасма көрсөтүлдү. Соңунда ИСТ-21 гр. студенти Шушпанов Илья “Детство” ырын тартуулады.

15.04.2023

Талас мамлекеттик университетинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине арналган “Айтматовдук окуу – 2023” аттуу XX студенттик конференция болуп отту. Конференциянын пленардык бөлүгүндө “Ч.Айтматов жана Манас” (А.Өзүбекова), “Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы элдик педагогикалык идеялар” (Л.Жамалбекова), “Нейронные сети и их применение” (А.Егешов), “Жаңы табылгалар: Манас районунун Сөгөт айылындагы тарыхый эстеликтерди изилдөө” (К.Дүйшөнбеков) деген актуалдуу темаларда презентациялык баяндамалар окулду. Секциялык отурумдардын жыйынтыгы менен резолюция кабыл алынып, эң мыкты илимий темаларды изилдеп алып чыгышкан студенттерге грамоталар жана сертификаттар ыйгарылды.

Прокрутить вверх