Кафедра курамы

Умарбекова Анара Анарбаевна
Педагогика кафедрасынын башчысы,педагогик
а
 илимдеринин кандидаты, доцент


Педагогика кафедрасы алгач И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик
педагогикалык университетинин Таластагы филиалы катары 1996-жылы гуманитардык
дисциплиналар деген аталыш менен уюшулган. 1997-жылы 24-февралдагы №8/1
буйруктун негизинде педагогика, психология жана гуманитардык дисциплиналар
кафедрасы болуп өзгөртүлгөн.1999-жылы 24-сентябрдагы №38/3 буйруктун негизинде
кафедра төмөнкүдөй аталышта эки кафедрага бөлүнгөн:  “Педагогика, психология” жана
“Башталгыч класстарды окутуунун методикасы”. 2013-жылы 25-декабрда ректордун №4/6
буйругу менен «Педагогика жана башталгыч билим берүүнүн методикасы»  кафедрасы
«Педагогика»  кафедрасы деп аталган. 2013-жылы 25-декабрда ректордун №4/6 буйругу
менен «Педагогика жана башталгыч билим берүүнүн методикасы» кафедрасы
«Педагогика» кафедрасы деп аталган.
550700 Педагогика багытындагы «Педагогика жана башталгыч билим берүүнүн
усулу» профилинин максаты ТалМУнун миссиясына “Заманбап кесиптик
компетенттүүлүккө ээ жана ийгиликтүү карьералык өсүүгө жөндөмдүү адистерди
даярдайбыз” жана ЖКББнүн 2021-жылдагы мамлекеттик стандартынын 3.1., 3.2., 3.3.,
3.4., 3.8. пунктарына туура келген студенттердин жалпы илимий, инструменталдык,
социалдык-инсандык жана жалпы маданий, кесиптик компетенцияларын
калыптандырууга багытталган.

1-максат: Тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө үзгүлтүксүз компетенттүүлүккө багытталган
билим берүүнүн кесиптик маселелерин чечүүгө жөндөмдүү мугалимдерди даярдоо.
2-максат: Заманбап, окутуунун инновациялык технологияларын окуу процессинде
колдонууда креативдүү ой жүгүртүүнү өнүктүрүү.
3-максат: Студенттердин инсандык сапаттарын өнүктүрүүдө нарктуу баалуулуктарды,
атуулдук милдеттерди, нравалык жүрүм-турумдун нормаларын үзгүлтүксүз билим берүү
аркылуу жана өзүн-өзү тарбиялоонун алкагында өз кесибин өркүндөтүүгө умтулуусун
уюштуруу.
4-максат: Бүтүрүүчүлөрдү билим берүү, социалдык жана илимий чөйрөдө өзүн-өзү
өнүктүрүүгө, келечекте билим берүүнүн траекториясын ишке ашырууга даярдоо.


Адистиктин багыты

 ШифрБагытыКвалификацияОкутуу формасыОкуу мөөнөтү
1.550700Педагогика жана башталгыч билим берүүнүн усулуБакалаврКүндүзгү4 жыл
Сырттан5 жыл
2.550700Педагогика жана мектепке чейинки билим берүүБакалаврКүндүзгү4 жыл
Сырттан5 жыл
3.550700Педагогика жана башталгыч билим берүүнүн усулуМагистрКүндүзгү2 жыл
Сырттан2,5 жыл
2017-жылы 6-июнда 550000 Педагогика багытынын 550700 “Педагогика жана
башталгыч билим берүүнүн усулу” адистиги “Билим берүү чөйрөсүндөгү сапаттын
кепилдиги боюнча агентствосу “EDNET” фонду тарабынан аккредитациядан өткөн.
2021-жылы 550000 Педагогика багытынын 550700 “Педагогика жана башталгыч
билим берүүнүн усулу” адистиги “Эл баасы” аккредитациялык агенттигинен
аккредитациядан өткөн.


Педагогика кафедрасынын окутуучулары

Окутуучунун аты, жөнүЭлектрондук дарегиМобилдик телефону
1.Умарбекова Анара Анарбаевна Кафедра башчысы, п.и.к, доценттин м.а.umarbekova.1965 mail.ru0705279327
2.Ажибаева Айнура Жакшымбековна п.и.д., профессордун м.а.a_ajibaeva@mail.ru0559093019
3.Стамалиева Калымкан Асаналиевна п.и.к., доцентskalymkan@mail.ru0770402757
4.Кумашова  Аида Анаркуловна ага окутуучуkumashova.aida@mail.ru0706200278
5.Көчөралиева Бермет Аскарбековна окутуучу  kochoraliyeva@mail.ru0705087979
6.Бабаназарова Сырга Жолдошбековна окутуучуsyky-88@mail.ru0700465156
7.Тажибаева Гулзаада Дуйшонбековна окутуучуtajibaevagulzada1@gmail.com0509318484
9.Дубашова Венера Сейиткасиевна окутуучуveneravener2@gmail.com0702928219
10.Туткучбаева Каныкей Абдыжапаровна ага окутуучуkanikey_77@mail.ru0705864749
11.Эсекеева Раушан Куштарбековна окутуучуraushan7410@mail.ru0709367368
12.Козубекова Жаңыл Токтобековна окутуучуkozubekovajt@gmail.com0772234338
13.Асилбек к. Каным окутуучуasilbekkyzykanym@gmail.com0509060693
14Өмүралиева Айчүрөк Өмуралиевнаmuslima.aichurok@gmail.com0707717791

Окутуу- усулдук иштери

Кафедра тейлеген баардык дисциплиналар боюнча окуу методикалык комплекстер
түзүлгѳн. Жыл сайын акрредитациянын талаптарына ылайык иш берүүчүлѳрдүн
керектѳѳлѳрүн канаттандырууга, билимдин сапатын жогорулатуу максатында окуу
дисциплиналарынын мазмунун жаңылоого, компеттентүү адистерди даярдооого зор кѳңүл
бурулат.
Кафедрасынын профессордук окутуучулар курамы тарабынан илим изилдѳѳ
багыты жана адистикте окулуп жаткан дисциплиналар боюнча усулдук колдонмолор
жарыкка чыккан. Алардын саны бүгүнкү күндѳ 2018-2019, 2019-2020, 2020-2021, 2021-
2022, 2022-2023 окуу жылдарында жарыкка чыккан окуу-усулдук колдонмолордун саны-
48.

Илим –изилдѳѳ иштери

Педагогика кафедрасынын илимий темасы «Педагогиканын актуалдуу
маселелери жана окутууда интерактивдүү методдорду колдонуу» деп аталат.
Кафедранын профессордук-окутуучулар курамы илимий теманын багытында илим
изилдөө иштерин жүргүзүп келет.
Изилденип жаткан илимий иштер кафедранын илимий темасына багытталган,
элдик педагогикага арналган изилдѳѳлѳр, башталгыч мектептин мугалимдерин даярдоодо

башкаруунун сапатынын теориясы жана практикасы, башталгыч мектептин
окуучуларынын билим сапатын жогорулатууда мектеп менен ата-энелердин
кызматташтыгы жана болочоктогу адистерге математикалык билим берүү педагогиканын
актуалдуу маселелеринин бири болуп саналат.
Изденүүчү магистрант, аспирант, докторанттар илимий изилдѳѳ темалары
боюнча республиканын аймагында жана чет ѳлкѳлѳрдѳ уюшулган илимий-практикалык
конференцияларга активдүү катышып келет. 2018-2024-жылдар аралыгында кафедранын
профессордук окутуучулар жамааты тарабынан жазылган – 158 илимий макалалары
илимий-практикалык конференциянын жыйнактарында жарыяланган.

Студенттер сабак учурунда

Тарбиялык иштер

Кафедранын тарбиялык иш планынын негизинде окуу тайпаларында куратордук

сааттар өткөрүлүп турат.

Азыркы мезгилде педагогика кафедрасы И. Арабаев атындагы Кыргыз
мамлекеттик университети, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен
тыгыз байланышта иш жүргүзүп жатат. Мындан тышкары, Талас  шаарынын жана Талас
областынын мектептеринде педагогикалык практиканы ѳткѳрүү келишимдеринин
негизинде мектеп менен бирдиктүү иш алып барышууда.

Кафедрада окутуучулардын квалификациясын жогорулатуунун планы түзүлгөн,
профессордук окутуучулар курамы Кыргызстандын жана жакынкы чет өлкөлөрдүн билим
берүү системасында уюштурулуп жаткан билимин жогорулатуу курстарына катышууда.
Алсак: Австрия (Вена ш.), Казахстан (Алматы ш.), республикалык ЖОЖдор ж.б. Бүгүнкү
күндө кафедранын окутуучулары билимин жогорулатуу боюнча сертификаттарга ээ.
ЮСАИДдин «Окуу керемет!» долбоору менен кызматташуу. Улуттук тренерлер
Умарбекова А.А., Кумашова А.А.

Ачык эшиктер күнүн өткөрүү

Прокрутить вверх