Коррупциясыз жаркын келечек

Гуманитардык факультетте 2017-жылдын 7-декабрында коомубузда жашап жаткан жемкорлукка, паракорлукка каршы күрөшүү максатында «Коррупциясыз жаркын келечек»  деген темадагы тегерек стол өттү. Иш чарага университеттин ректору А.Ш. Упенов, факультеттин декандары, факультеттин окутуучулар жамааты, студенттер жана Талас облусунун улуттук коопсуздук комитетинин коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы У.А.Саманчиев, Алмаматов Улан, КР Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын Талас облусу боюнча башкармалыгынын ага лейтенанты Нурдин уулу Төлөгөн жана  Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлериРахматилдиев Мирбек, Алыбаев Аскат катышышты.

Прокрутить вверх