Warning: The magic method Gallery_Img::__wakeup() must have public visibility in /var/www/vhosts/talsu.kg/httpdocs/wp-content/plugins/gallery-images/gallery-images.php on line 97
Эверестти багындырган Кубатов Эдуард менен студенттер жолугушту – Талас мамлекеттик университети
Notice: WP_Scripts::localize was called incorrectly. The $l10n parameter must be an array. To pass arbitrary data to scripts, use the wp_add_inline_script() function instead. Please see Debugging in WordPress for more information. (This message was added in version 5.7.0.) in /var/www/vhosts/talsu.kg/httpdocs/wp-includes/functions.php on line 5663

Гималай тоо кыркасындагы деңиз деңгээлинен 8848 метр бийиктиктеги Эверест чокусун багындырган сыймыктуу мекендешибиз, альпинист Кубатов Эдуард ТалМУнун студенттери менен жолугушуу өткөрдү. Россиялык альпинисттер тарабынан уюштурулган экспедициянын курамындагы 300 альпинисттин ичинен 16 альпинист чокуга чыгууга мүмкүнчүлүк алышкан. Анын арасынан 4 гана альпинист оор, адам чыдагыс кыйынчылыктарды багынтып, Эверест чокусуна чыгышкан жана аларды Кубатов Эдуард жетектеп чыгып, дүйнөнүн чокусунда Кыргызстандын желегин желбиреткен. Белгилүү альпинист студенттердин суроолоруна кызыктуу жооп берип, алдыдагы максат-пландары тууралуу айтып, жаштардын билим алуу максаттарына жетүүсүнө шык-дем, мотивация берип, алдына айкын максат койгон адам дайыма ийгиликке жетерин баса белгиледи. Соңунда Эдуард Кубатовго ТалМУнун символикалык белектерин окуу жана илимий иштер боюнча проректор С.С.Жумалиев тапшырып, студенттер менен өтө кызыктуу жолугушуу өткөрүп бергени үчүн ректораттын атынан терең ыраазычылык билдирди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *