Notice: WP_Scripts::localize was called incorrectly. The $l10n parameter must be an array. To pass arbitrary data to scripts, use the wp_add_inline_script() function instead. Please see Debugging in WordPress for more information. (This message was added in version 5.7.0.) in /var/www/vhosts/talsu.kg/httpdocs/wp-includes/functions.php on line 5663

Күлкү – ден соолуктун мүлкү

17-ноябрь Эл аралык студенттердин күнүнө карата ТалМУнун факультеттеринин арасында тамашоу боюнча таймаш жүрдү. Тамашоуну ТалМУнун ректору А.Ш.Упенов куттуктоо сөзү менен ачып, студенттерди эл аралык майрамы менен куттуктап, таймаштын андан кийинки жүрүшүнө ийгиликтерди каалады. Оюндун шарты боюнча алгач командалар саламдашып, андан кийин аларга калыстардан бирден суроо узатылып, капитандар бири-бирине суроо беришти. 4-шарт боюнча «окуумду ийгиликтүү аяктагандан кийин…» деген темада үй тапшырмасы боюнча даярдыктарын көрсөтүштү. Жыйынтыгында гуманитардык факультети 46 упай менен 1-орунга ээ болду. Ал эми 2-орунду 44 упай менен табият таануу жана педагогика факультети жеңип алса, 3-орунду 43 упай менен орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн (колледж) командасы утуп алды. Технология-экономика факультетинин тамашоу командасы активдүү катышкандыгы үчүн сыйланды. Университеттин ректору А.Ш.Упенов оюнга катышкан төрт командага ТалМУнун ардак грамотасын жана акчалай сыйлыктарын салтанаттуу түрдө тапшырып, алган сыйлыктары менен куттуктады.


Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *