МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ТАРБИЯ ИШТЕРИН ЖАҢЫ БАСКЫЧКА КӨТӨРҮҮ БАГЫТТАРЫ  

 

2017-жылы 30-январда ТалМУда мамлекеттик тилде иш кагаздарынын жана тиешелүү көрнөк-жарнактардын сабаттуу жүргүзүлүшүн, тарбиялык иштердин аткарылыш деңгээлин аныктап, туура баа берүү максатында атайын комиссия түзүлүп, 8-февралдан 10-февралга чейин түзүмдүк бөлүмдөрдө иш алып барды. Иш процесси учурунда университетте мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында аткарылып жаткан иштер негизинен планга ылайык жүргүзүлүп жатканы аныкталып, алдыда бул багытта жасалуучу кадамдар айкындалды. Жалпы жонунан алганда, бардык түзүмдөрдө, кафедраларда тиешелүү нормативдик-укуктук иш кагаздары атайын папкаларда тиркелип, мамлекеттик тил жана тарбиялык иштер боюнча календарлык пландары түзүлгөн. Бул жаатта аткарылган иштердин отчеттору, керектүү маалыматтары да бар. Студенттик тайпалардын кураторлорунун пландары да түзүлүп, атайын кураторлук папкалары ачылган. Айрым бир эске алынчу жерлери аларга өз учурунда көрсөтүлүп, тиешелүү сунуштар айтылды.

Бирок алдыбызда өзгөчө басым жасап, көңүл бурчу жагдайлар да бар жана аларды иш жүзүнө ашыруу милдети турат. Алар:

-мамлекеттик тилде иш кагаздарынын сабаттуу жазылышына (орфография, пунктуация, стилистика) айрыкча көңүл буруу зарыл;

— иш кагаздарын тиешелүү деңгээлде эстетикалык табитке ылайык жасалгалоого көңүл буруу керек;

— кураторлук сааттарды окуу жадыбалына коюп, ошонун негизинде аткаруу тажрыйбасын жайылтуу зарыл;

— кураторлор тарабынан студенттердин ата-энелери менен биргеликте тарбия багытындагы иштерди тыгыз алып барууну тажрыйбалоо керек;

— студенттердин руханий-интеллектуалдык көрөңгөсүн көтөрүү багытындагы иш-чараларды күчөтүү зарыл (кинотеатр, театр жана музейлерге баруу, поэзия кечелери, белгилүү инсандар менен жолугушуулар, акыл таймашы, талкуу, брейн-ринг ж.б.);

— университеттин маданий-массалык жана коомдук иштерине окутуучулардын, кызматкерлердин жана студенттердин катышуусун активдештирип, көндүм адатка айлантууга жетишүүбүз керек;

— окуу жана окуудан тышкаркы иштерге активдүү катышкан окутуучуларга, студенттерге ар тараптан колдоолорду көрсөтүүнү күчөтүү керек;

— көркөм-маданий иш-чаралардын сапаттык деңгээлин көтөрүү максатында тиешелүү музыкалык аспаптарды, жабдыктарды алууну улантуу зарыл.

Текшерүүнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, университеттеги мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана тарбия иштеринин сапатын жаңы баскычка көтөрүүгө багытталган иш-аракеттерди күчөтүп, ушул багытта туруктуу негизде иш алып баруучу консултативдик комиссиянын ишин жолго коюу керектиги белгилүү болду.

Прокрутить вверх