Новости

https://www.facebook.com/groups/319388538721818?locale=ru_RU

28. 04.2024

Талас мамлекеттик университетинин Enactus ТалГУ командасы 2024-жылдын 25- 28-апрель күндөрү ENACTUS Kyrgyzstan жана ЮНИСЕФ тарабынан Ысык-Көл облусунун Жетиген эл аралык лагеринде ЮНИСЕФтин каржылык колдоосу менен өткөрүлгөн “Эко-Хакатон” Жаштар экология үчүн долбооруна активдүү катышышты.Аталган хакатонго экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучусу, ENACTUS ТалГУ командасын академиялык эдвайзери Э.М. Арыкбаева жана БУА-23 тайпасынын студенти, ENACTUS ТалГУ командасынын PR-менеджери Бакытова Аделя менен биргеликте “Эко Хакатон” учурунда, Enactus ТалГУ командасынын “Sort Wise” долбооруна 1000 АКШ доллары өлчөмүндөгү кайтарымсыз грантка утууга өз салымын кошушту.

26. 04.2024

2024-жылдын 25-апрелинде “МИР Восток” коомдук фонду жана Ж.Баласагын атындагы университенин кыргыз улуттук тарых жана чөлкөм таануу институтунун алдындагы илимий-изилдөө, санариптик жана музейлик-билим берүү борбору тарабынан “ХIХ-XXI кылымдагы Россия-Кыргызстан мамилелери: кызматташуунун жана өз ара аракеттенүүнүн негизги аспектилери” аттуу конкурстун жыйынтыктоочу этабы өткөрүлдү.Аталган конкурска экономика жана менеджмент кафедрасынын ага окутуучусу М.К.Дуйшебаеванын жетектоосу менен БУА-21 тайпасынын студенти А.У.Осмоналиева өзүнүн курстук иши менен катышып, 1-орунду жеңип,грамота жана баалуу белектер менен сыйланды.

22. 04.2024

Талас шаарында КР Финансы министрлигинин 100 жылдыгына карата “Конференциялар кербенинин” алкагында “Талас облусунун финансылык-экономикалык системасынын өнүгүү багыттары жана ишмердүүлүктөрү” темасында илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Иш-чара мамлекеттик финансыны натыйжалуу башкаруу максатында уюштурулуп, ага Кыргыз Республикасынын министрликтеринин өкүлдөрү, облустук жана шаардык, райондук бийлик жетекчилери, экономисттер, финансисттер, банктардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле ТалМУнун экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары, студенттери катышты.

20. 04.2024

ТалМУда Талас шаарынын 80 жылдыгына карата “Илимге карай жол: жаштар жана инновациялар” аттуу XXI студенттик илимий-практикалык конференциясы откорулду. Конференциянын ачылышында пленардык баяндамалар окулуп, жалпы 150дөн ашуун студент катышты. №9 экономика илимдери секциясына алдын ала 13 доклад түшкөн. Анын ичинен 7 баяндама экономика жана менеджмент кафедрасынын студенттери тарабынан даярдалган. Жыйынтыгында, экономика илимдери секциясынын отурумунда экономика жана менеджмент кафедрасынын төмөнкү студенттери байгелүү орундарга ээ болушту.

  • 1 орун- Алчикенова Умут., БУА-21 тобу
  • 2 орун- Осмоналиева Анара , ЭУП-18 тобу
  • 3 орун Рысбеков А.Р., КЭБ -21 тобу

Аталган секциянын отурумуна экономика багыты боюнча экономика жана менеджмент кафедрасынын төмөнкү окутуучулары:, М.К.Дуйшебаева, Т.Т.Ташманбетов,Ж.Э.Омурканова жана Э.М.Арыкбаева катышышты.

20. 04.2024

2024-жылдын 18-апрелинде И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Х-республикалык жождор аралык студенттердин каржы, эсеп жүргүзүү, талдоо жана аудит боюнча олимпиада откорулуп, олимпиадага 15 ЖОЖдун окулдору катышышты. Талас мамлекеттик университетинин экономика жана менеджмент кафедрасынын БУА-21 тайпасынын студенттери экономика жана менеджмент кафедрасынын доценти, э.и.к. .А.Рыскулбековдун жетектөөсу менен аталган конференцияга катышып келишти. Жыйынтыгында Алчикенова Умут “Кыргызстандын кесипкөй бухгалтерлер жана аудиторлор институту” Кесиптик аудитордук бирикмесинин сертификаты,Назекова Альбина,Раева Малика, Эркинбеков Токторбек олимпиаданын негизги өнөктөштөрунун (Айылбанк ААК, “А плюс” камсыздандыруу компаниясы, мамлекеттик салык кызматы ж.б.у.с.) белектери менен сыйланышты.

05. 04.2024

2024-жылдын 5-апрелинде “МИР Восток” коомдук фонду жана Ж.Баласагын атындагы университенин кыргыз улуттук тарых жана чөлкөм таануу институтунун алдындагы илимий-изилдөө, санариптик жана музейлик-билим берүү борбору тарабынан “ХIХ-XXI кылымдагы Россия-Кыргызстан мамилелери: кызматташуунун жана өз ара аракеттенүүнүн негизги аспектилери” аттуу конкурстун 3 этабы онлайн режимде өткөрүлдү.Конкурс Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студенттери арасында эң мыкты курстук жана квалификациялык иштерге жарыяланган. Аталган конкурска экономика жана менеджмент кафедрасынын башчысынын м.а. Ж.Э.Омурканова тандоо комиссиянын мүчөсү катары,БУА-21 тайпасынын студенттери Т.Б.Женишова жана А.У.Осмоналиевалар өздөрүнүн конкурстук иштери боюнча мазмундуу презентация жасашты.

29. 03.2024

2024-жылдын 28-мартында ТалМУнун Технология- экономикалык факультетинде Талас облусунун жумушсуз жарандары үчүн эл аралык кызматташтык боюнча Германиянын GIZ коомунун колдоосу менен ” Ишке орноштурууга жана кесиптик окууга көмөктөшүү ” долбоорунун алкагында бир айлык окутуунун жыйынтыгын корүү максатында долбоордук сунуштарды презентациялоо боюнча демо-күн өткөрүлдү. Эскерте кетсек, окутуунун негизги максаты -ишкердик жаатында билим деңгээлин жана көндүмдөрүн жогорулатууну каалаган жаңыдан иш баштаган ишкерлердин долбоордук сунушту жазуу саналат. Аталган демо-күнгө Талас райондор аралык эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы К.А.Джанчыкулов; ТАлМУнун сапат бөлүмүнүн адиси п.и.к.,доцент М.М.Шайланова; Технология-экономикалык факультетинин деканы п.и.к.,доцент А.О.Курманалиева ;Талас облусунун ишкерликти өнүктүрүү фондунун кызматкери А.Н.Маратбеков; Талас облусундагы Айыл банк ААКнын директору У.К.Мамбеков; Талас облусундагы РСК банк ААКнын директору У.Э.Назаралиев жана жана 1 айлык курстук угуучулары катышышты. Демо-күндүн жүрүшүндө курстун угуучулары өздөрү тандаган багыты боюнча жазылган долбоордук сунуштарын презентациялашты. Демо-күндүн жыйынтыгында бир айлык курстун 41 угуучусуна сертификаттар тапшырылды.

29. 03.2024

2024-жылдын 26-мартынан 28-мартына чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жана ОУБ финансылык коопсуздук боюнча үчүнчү республикалык олимпиаданы өткөрүштү. Олимпиада бир нече этаптан туруп, сынактын шартына ылайык онлайн тестирлөө март айында ,командалык семинар,талкуу панели жана жыйынтыктоочу тестирлөө 6-24-март аралыгында өттү.Аталган финансылык коопсуздук боюнча үчүнчү республикалык олимпиадага экономика жана менеджмент кафедрасынын онлайн тестирлөөгө 3 студенти катышты. Жыйынтыгында, Ж. Абдрахманов атындагы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик Башкаруу академиясында өткөрүлгөн олимпиадага экономика жана менеджмент кафедрасынын БУА-21 тайпасынын студенти Женишова Тунук катышып,бир катар студенттер менен бирге баалуу белектер менен сыйланды.

20. 03.2024

Технология-экономикалык факультетинде финансылык сабаттулук боюнча семинар ААК Бай Тушум Банкынын директорунун орун басары Ч.Б.Ибраимов тарабынан ЭжМ кафедрасынын студенттери учун откорулду.Семинардын максаты-катышуучулардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жана аларга негиздүү финансылык чечимдерди кабыл алууга жардам берүү саналат.Ошондой эле семинар учурунда катышуучулар каржыны башкарууда маанилүү аспектилерин талкуулашып үнөмдөө,инвестициялоо ыкмаларын,бюджеттөөнүн практикалык көндүмдөрүн колдонууну үйронүштү. Финансылык сабаттуулук боюнча кызыктуу суроолордун айланасында талкуу болуп,семинар суроо жооп ирээтинде жыйынтыкталды.Аталган семинарга экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары жана студенттери катышышты.

12. 03.2024

2024-жылдын 20-февралынан 20-мартына чейин негизги жети облустагы оноктош ЖОЖдор менен биргеликте жети облустун жумушсуз жарандары үчүн ” Ишке орноштурууга жана кесиптик окууга көмөктөшүү ” долбоорунун алкагында окутуу негизги өнөктөштөрдүн (Кыргыз республикасынын билим берүү жана илим министрлиги, Талас райондор аралык эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, эл аралык кызматташтык боюнча Германиянын GIZ коому,жети облустагы ЖОЖдор) колдоосу менен ишке ашырылып жаткан учуру. Жаны ишкерлик ачууда долбоордук сунуш жазуу боюнча бир айлык окуу курсуна экономика жана менеджмент кафедрасынын ага окутуучулары М.К.Дуйшебаева жана Ж.Э.Омуркановалар тарабынан окутуу Талас облусунун жумушсуз жарандары үчүн учурда журуудо.

12. 03.2024

КР Финансы министрлигинин “Каржы чеберчилигинин” 100 жылдык юбилейине карата Технология-экономикалык факультетинин экономика жана менеджмент кафедрасы Талас облусунун финансы башкармалыгы менен биргеликте брейн-ринг таймашын уюштурушту. Аталган иш-чарага ТАлМУнун окуу жана, илимий иштер боюнча проректору т.и.к.,доцент А.К. Сурапов, ТАлМУнун сапат бөлүмүнүн адиси к.п.н.,доцент М.М.Шайланова, Технология-экономикалык факультетинин деканы п.и.к.,доцент А.О.Курманалиева,Талас облусунун финансы башкармалыгынын финансы бюджеттик координация бөлүмүнүн адиси К.Д.Туркманова катышышты. Брейн-рингге аталган факультеттен 4 команда: “Финансисттер”, “Финлидер”, “Инсайдер”, Финансылык виртиуоздор” катышты. Брейн ринг 3 раунддан туруп,1 раунду жазуу турундо,,2-3 раунддары Kahoot программасы менен ойнотулду. Жыйынтыгында,женүүчүлөр аныкталып, командаларга грамоталар, катышуучуларга белектер тапшырылды.

07. 03.2024

Бугун А.Огонбаев атындагы музыкалык мектебинде Кыргыз экономика жана коммерция министирлиги, Бизнес Ассоциация JIA жана Талас облусунун шаардык салык башкармалыгынын уюштуурусунда “Салык реформасынын мүмкүнчүлүктөрү жана чакырыктары” аттуу бизнести агартуу кербенинин алкагында иш-чара өткөрүлдү.Иш чаранын 1-2 сессияларынын журушундо катышуучуларга томондогулор боюнча: салык кодексине кирген өзгөртүүлөр жана толуктоолор; ишкердин онлайн каттоо мүмкүнчүлүгү; ККМ колдонуу эрежелери; электрондук эсеп фактураны колдонуу; электрондук склад жана ЭТТН; өз алдынча салык отчетторун тапшыруу мүмкүнчүлүктөрү; ишкерлерди текшерүүгө мароторий ж.б. маалыматтар берилди.Иш чаранын этегинде ЛА Бизнес Ассоциациянын мүчөлөр менен иштоо менеджери,ишкердикти колдоо борборунун консультанттары, мамлекеттик салык кызматкерлери жана прокуратура кызматкерлери ишкерлерге акысыз консультацияларды беруу менен жыйынтыкталды. Аталган иш чарага экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары жана 1-3- курсунун студенттери катышышты.

06. 03.2024

2024-жылдын 26-28 февраль кундору Бишкек шаарындагы City honel мейманканасынын базасында Жаштарды өнүктүрүү институту тарабынан «Натыйжалуу коммуникация жана PR-стратегия» темасында тренинг өткөрүлдү. Аталган тренингге Кыргызстандын 7 облусунан келген өкүлдөр катышышты. Тренингдин программасына ылайык тажрыйбалуу тренерлер: “Еврохантер компани” ЖЧКсынын өнүктүрүү боюнча директору, “Кыргызстан ишкерлер альянсы” бизнес ассоциациясынын башкармалыгынын мүчөсү Каниметова Бермет; ак илбирсти жана анын экотутумун сактоо боюнча Глобалдык программанын коммуникациялык эксперти Максатбеков Жоомарт; lalafонун маркетинг боюнча директору , э.и. к. Руслан Гайдоровдор өз тажрыйбасы менен бөлүшүштү. Тренинг учурунда байланыш жана ийгиликтүү PR-стратегия боюнча маалымат берилип, контент-план, медиа-пландар менен иштөө суроолору камтылды. Аталган тренингге экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучусу Э.М.Арыкбаевакатышты.

06. 03.2024

2024-жылдын 20-21 февраль күндөрү Бишкек шаарындагы Жогорку медициналык мектебинин базасында Кыргызстандагы улуттук Эразмус + кеңсесинин Эразмус+ долбоорлорун жазуу боюнча тренинг өткөрүлдү.

Эразмус+долбоорлорун жазуу боюнча тренингдин программасына ылайык тажрыйбалуу машыктыруучу Ч.Ү.Адамкулова долбоор жазуудагы өзгөчөлүктөрдү үйрөттү. Эки күн аралыгында Кыргызстандын университеттеринен келген катышуучулар долбоордук өтүнмөнүн түзүмүн изилдеп, алынган билдирмелерди колдонушту.Катышуучулар практикалык тапшырмалар боюнча билим жана Эразмус+программасынын жумушчу пакеттери менен иштөө боюнча билимин тереңдетип,жаны көндүмдөргө ээ болушту.Аталган тренингге экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучусу Э.М.Арыкбаева катышты.

07. 12.2023

ТалМУнун Технология-экономикалык факультетинде экономика жана менеджмент кафедрасы тарабынан ” Кафедранын бүтүрүүчүлөрүнүн эмгек рыногуна адаптациялоого көмөктөшүүдө кесиптик билим берүү уюмдары менен иш берүүчүлөрдүн ортосунда кызматташуу системасы ” аттуу темада тегерек стол уюштурулду.Тегерек столго ТЭФнин деканы п.и.к.,доцент Курманалиева А.О., «ЭжМ» кафедрасынын окутуучулары, жумуш берүүчүлөр:Талас шаарынын ОИИБи,Талас шаарынын мэриясы, «Онол айым» коомдук фонду, «Дос-Кредо» банк ААК,Талас шаарынын малекеттик архиви,Талас облустук пробация болүмү,ФОМСтун Талас территориалдык башкармалыгы, Талас шаарынын салык башкармалыгынын инспекциясы, «Нуржанов Агрохолдинги», ,Талас шаардык агрардык колледжи,ТалМунун КОБББси, «Керемет банк»ААК, Бердике,баатыр айыл өкмөтү ж.б.у.с кызыктар тараптардын өкүлдөрү катышышты. Тегерек столдун темасы боюнча кеңири талкуу жүрүп, жумуш берүүчүлөр (стейкхолдер) жана бүтүрүүчүлөрдөн сурамжылоо алынды.Тегерек столдун жыйынтыгы катары жумуш берүүчүлөрдү (стейкхолдер) сурамжылоонун негизинде 2024-2025 окуу жылындагы окуу пландарына өз сунуштарын беришти.

07. 12.2023

ТалМУнун Технология-экономикалык факультетинде кыргыз элинин дүйнөгө аты таанымал,белгилүү жазуучусу Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 95 жылдыгына карата «Кылым карыткан Ч.Айтматов» аттуу маданий иш-чара откорулду .Маданий иш чара учурунда Ч.Айтматовго арналган видеослайд корсотулуп,корком окуу,ыр,бий менен коштолду.Маданий иш-чара Ч.Айтматовдун чыгармаларынан ичинен жазылган суроо жооп иретинде оюн менен жыйынтыкталды.Аталган иш-чарага ТЭФнин деканы п.и.к.,доцент А.О.Курманалиева, экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары жана студенттери катышышты. Кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Төрөкулович Айтматов жөнүндөгү жаркын элес кыргыз элинин эсинде түбөлүккө сакталмакчы.

30. 11.2023

Технология-экономикалык факультетинин экономика багытында билим алып жаткан студенттер үчүн “Бюджеттик эсеп жана отчеттулук” дисциплинасынан “Бюджеттик мекемелерде отчеттулукту тузуунун озгочолуктору” аттуу темада Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгында чыгуу лекциясы өткөрүлдү. Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башкы бухгалтери Н.Ж.Бузурманкулованын тарабынан бюджеттик эсеп жана бюджеттик мекемелердеги финансылык отчеттулуктарды тапшыруу боюнча берилген маалыматтар кызыктуу болуп, студенттер менен кызуу суроо жооп ирээтинде чыгуу лекция жыйынтыкталды. Лекция ТалМУнун экономика жана менеджмент кафедрасы жана Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы менен биргеликте кызматташууну кучотуу максатында уюштурулуп жаткан учуру.Аталган лекцияга экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары М.К.Дуйшебаева,Э.М.Арыкбаева жана студенттер катышышты.

30. 11.2023

Технология- экономикалык факультетинде экономика багытында билим алып жаткан студенттер учун Нуржанов агрохолдингдин башкаруу органынын башчысы М.Н.Ниясалиев тарабынан “Бизнес долбоор” дисциплинасынан “Кыргызстандын агрардык секторун өнүктүрүүдо бизнес долбоорлордун ролу” аттуу темада конок лекция өткөрүлдү.Лекциянын журушундо М.Н.Ниясалиев агрардык сектордогу инвестицияларды тартуудагы долбоорлордун экономикалык эсептоолору менен тааныштырып,ошондой эле Нуржанов агрохолдингдин Кыргыз Республикасындагы ишмердүүлүгү жөнүндө жалпы маалымат берди.Конок лекция учурунда лектор тарабынан агрардык сектордогу долбоор жазуудагы озгочолуктор боюнча студенттерге толук маалымат берилип,суроо жооп ирээтинде жыйынтыкталды.Аталган лекцияга экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары М.К.Дуйшебаева.,Т.Т.Ташманбетов .,Ж.Э.Омурканова,Э М. Арыкбаева жана студенттер катышышты.

30. 11.2023

2023-жылдын 23-ноябрнда Бириккен Улуттар Уюму тарабынан, Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынгандыгынын 75 жылдыгына карата КР Акыйкатчы ( Омбудсменинин) Талас облусу боюнча өкүлчүлүгү Узакбаева Ж.А. жана кыйноолорду жана башка катаал адамкерчиликсиз же кадыр- баркты басмырлаган мамилени, жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча КР Улуттук борборунун Талас облусу боюнча аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Абдраимов Н.А. тарабынан уюштурулган “Адам укуктары 75” демилгесинин алкагында Адам укуктарын колдоо жана коргоо максатында Талас мамлекеттик университетинин ТЭФ,ГФ, ТТПФ студенттери арасында “Квиз Найт” ( викторина) өткөрүлдү. Жыйынтыгында ТалМУнун студенттер арасында

1- орун ГФ

2- орун ТЭФ

2-орун ТТПФ командалары ээ болушту.

30. 11.2023

2023-жылдын 22- ноябрнда Талас мамлекеттик университетинин студент жаштарын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишмердүүлүгү менен таанышуу максатында эл өкүлү Бактыбек Чойбековдун демилгеси менен уюшулган жолугушууга экономика жана менеджмент кафедрасынын БУА-21 тайпасынын студенти Назекова Альбина да барып келди. ТалМУнун студенттери жолугушуу учурунда Жогорку Кенештин ишмердуулугу менен таанышып келишти.

29. 11.2023

2023-жылдын 22-ноябрнда К.Медетбеков атындагы музыкалык драмтеатрда бош орундар жарманкеси уюштурулду.Аталган жарманкеге экономика жана менеджмент кафедрасынын бутуруучу курсунун студенттери катышып, бош орундардын тизмеси менен таанышышты.

29. 11.2023

2023- жылдын 21-ноябрнда Технология-экономикалык факультетинин экономика багытында билим алып жаткан студенттер үчүн “Основы финансовых вычислений” дисциплинасынан “Виды кредитов и погашения задолженностей по займам” аттуу темада Талас шаарындагы Оптима ААКта чыгуу лекциясы өткөрүлдү. Оптима ААКтын насыя беруу болумунун башчылары В.Б.Салакеева жана Н.Ш.Баратбаев тарабынан берилген маалыматтар кызыктуу болуп, студенттер тарабынан берилген ар бир суроого өз учурунда жооп берип жатты. Лекция ТалМУнун экономика жана менеджмент кафедрасы менен Оптима Банк ААК менен биргеликте кызматташууну кучотуу максатында уюштурулуп жаткан учуру.Аталган лекцияга экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучусу М.К.Дуйшебаева жана студенттер катышышты.

16. 11.2023

Технология-экономикалык факультетинин экономика багытында билим алып жаткан студенттер үчүн “Стратегиялык менеджмент” дисциплинасынан “Мамлекеттик муниципалдык башкаруудагы санариптештуруунун негизги койгойлору жана өнүгуу перспективалары ” аттуу темада Талас шаарынын мэриясында чыгуу лекциясы өткөрүлдү.Талас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Р.Жээнбеков . жана социалдык- экономикалык болумдун башчысы Ч.Чаловдор тарабынан берилген маалыматтар кызыктуу болуп, студенттер тарабынан берилген ар бир суроого өз учурунда жооп берип жатты. Лекция ТалМУнун экономика жана менеджмент кафедрасы менен Талас шаарынын мэриясынын биргеликте кызматташуусун кучотуу максатында уюштурулуп жаткан учуру.Аталган лекцияга экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары М.К.Дуйшебаева,Э.М.Арыкбаева жана студенттер катышышты.

01. 11.2023

ТалМУнун технология-экономикалык факультетинде 580100 Экономика багытында билим алган бутуруучулор менен жолугушуу откорулду.

Жолугушууда учурунда алгачкы соз кезеги экономика жана менеджмент кафедрасынын ага окутуучусу М.К.Дуйшебаевага берилди.Андан сон экономика жана менеджмент кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучу Ж.Э.Омурканова бутуруучулорго кафедранын акыркы окуу жылдардагы аткарылган иштер боюнча отчетун берди. Жолугушуунун аягында азыркы учурда ар кайсы тармактарда эмгектенип жаткан бутуруучулор ортосунда пикир алышуу кызуу журуп,окуу процессин жакшыртуу боюнча оз сунуштары бутуруучулор тарабынан берилди. Жыйынтыгында 580100 экономика багытында билим алган бутуруучулордон сурамжылоо алынып, мындан ары да кафедранын ишмердуулугун жургузуудо бутуруучулор менен кызматташтык улантылмакчы.

25. 10.2023

ТалМУнун технология-экономикалык факультетинде 580100 Экономика багытында билим алып жаткан студенттердин ата-энелери менен жолугушуу откорулду. Жолугушууда учурунда алгачкы соз кезеги факультеттин деканы А.О.Курманалиева берилди.Андан сон экономика жана менеджмент кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучу Ж.Э.Омурканова ата- энелерге кафедранын окуу процессиндеги илимий жана тарбиялык иштер боюнча отчетун берди. Ата-энелер берилген отчеттун негизинде кызыккан суроолорду жана сунуштарды беришти. Жыйынтыгында ата- энелерден сурамжылоо алынып,окууда жана маданий-массалык иштерде активдуу катышкан студенттердин ата-энелерине ыраазычылык каттар тапшырылды.

20. 10.2023

ТалМУнун Технология-экономикалык факультетинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 20-июнундагы № 353-т тескемесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан 2023-жылдын 18-сентябрында бекитилген жобого ылайык 2023-жылдын 23-сентябрынан 23-декабрына чейин “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында “Мамлекеттулуктун башкы белгилеринин бири – анын тили” аттуу тегерек стол экономика жана менеджмент кафедрасынын ага окутуучусу Т.ТТашманбетовдун уюштуруусунда өткөрүлдү.Алгачкы сөз кезеги экономика жана менеджмент кафедрасынын ага окутуучусу М.К.Дуйшебаевага берилди. Тегерек стол учурунда экономика жана менеджмент кафедрасынын ага окутуучусу Т.Т.Ташманбетов жана БУА -20 тайпасынын С.Ыманалиева баяндамаларын жасашты.Тегерек столдун сонунда ата-бабабыз бизге көөнөрбөс сөз казынасы болгон кыргыз тилди калтырганын жана аң-сезимибизди, тилибизди байытуу жана сактоо боюнча пикир алышуу жүргүзүлдү. Аталган иш чарага экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары жана студенттери катышышты.

28. 09.2023

Билимдүүгө дүйнө жарык. Бүгүн, 27-сентябрь күнү Талас мамлекеттик университетинин жыйындар залында Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов университеттин окутуучу жааматы жана студенттери менен жолугушту. Гапыр агай өзүнүн педогогикалык тажрыйбасы менен бөлүшүп, акыл насааттарын айтты.

28. 09.2023

Технологиялык-экономикалык факультетинин биринчи курсунун студенттери үчүн ” Студенттердин Оз алдынча иштерин аткарууда заманбап ыкмаларды колдонуу жолдорун корсотуу” тегерек стол болуп өттү. Тегерек стол БУА адистиги боюнча 3-курстун студенти А. Осмоналиева өткөрдү

19. 09.2023

Технологиялык-экономикалык факультетинин экономика багытында билим алып жаткан студенттер үчүн “Финансылык сабаттуулук” боюнча Талас шаарындагы Финка банк ЖАКнун сатуу боюнча башкы менеджери Э.Б. Касымкулов жана кардарлар менен иш жүргүзгөн адиси Б.Д.Дуйшенбекова семинар өткөрүштү. Семинарда ТалМУнун экономика жана менеджмент кафедрасы менен Талас шаарындагы Финка банк ЖАКнун биргеликте кызматташуусун алкагында өтүлдү.Аталган семинарда экономика жана менеджментинин окутуучулары: Омурканова Ж.Э., Ташманбетов Т.Т. Дуйшобаева. М.К. жана студенттер катышышты. Активдүү студенттерге белектер тапшырылды.

10. 05.2023

2023- жылдын 26-27-апрелинде Ж. Абдрахманов атындагы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик Башкаруу академиясында маркетинг жана экономика боюнча ЖОЖдор аралык олимпиада болуп өттү.Аталган олимпиадага экономика жана менеджмент кафедрасынын БУА-21 тайпасынын студенттери катышкан. Экономика боюнча олимпиадага 61 студент катышып, катышуучулар экономикалык дисциплиналар боюнча тесттик тапшырмаларды аткарышып, командалык оюн менен жыйынтыкталды.Ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймактык ЖОЖдорунун командалары окуу куралдары түрүндөгү кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланып,сертификаттар тапшырылды. Маркетинг боюнча олимпиадага жалпы 9 команда катышып( Котлердин балдары (КЭУ), Marketing Security (КМТУ), The FIM (КНУ), Talas Mix (Талас мамлекеттик университети жана КРПМБАнын Biyiktik, Inspire, Flagman, Apap mix),жыйынтыгында 5000 сом өлчөмүндөгү байге “региондун эң мыкты командасы” номинациясы боюнча Талас Mix командасына ыйгарылды.

14. 04.2023

Талас мамлекеттик университетинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине арналган “Айтматовдук окуу – 2023” аттуу 20 студенттик илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Алдын ала берилген конференциянын программасына ылайык №9 экономикалык илимдер секциясынын отуруму Технология экономикалык факультетинде өз ишин улантты.

№9 экономикалык илимдер секциясына алдын ала 14 доклад түшкөн.Алдын ала түзүлгөн программага ылайык секция жетекчилигине саяс.и.к.,доцент А.К.Укуева,ал эми катчы болуп гаа окутуучу Ж.Э.Омурканова шайланган.

№9 экономикалык илимдер секциясынын модератору саяс.и.к.,доцент А.К.Укуева секциялык отурумду баштоо алдында конференциянын катышуучуларына ыраазычылык билдирип, секциянын отурумундагы докладга берилген убакыт- 5 мүнөт,ал эми талкуулаганга – 3 мүнөттөн берилээрин маалымдады. №9 экономикалык илимдер секциясынын отурумда 12 илимий баяндама угулду.Анын ичинен 7 баяндама экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучуларын жетекчилигинин астында даярдалган.Алар:

1. Сапаркулова Алия (БУА-21)- Финансовая грамотность студентов и ее повышение посредством применения интерактивных методов обучения.

Жетекчиси: ага окутуучу Омурканова Ж.Э.

2. Женишова Тунук, Кубанычова Адинай (БУА-21) – Уровень безработицы населения в Таласской области и пути ее снижения.

Жетекчиси:ага окутуучу Ташманбетов Т.Т.

3. Осмонова Анара (БУА-21) – Привлечение инвестиции в экономику как фактор экономического роста Таласской области.

Жетекчиси:ага окутуучу Омурканова Ж.Э.

4. Курманбекова Акылай (ИСТ-20)- Влияние санкций на примере Ирана. Жетекчиси:ага окутуучу Омурканова Ж.Э.

5. Оторбаева Жайнак (БУА-21) – SMM как инструмент продвижения услуги и товара в сети Интернет.

Жетекчиси:окутуучу Арыкбаева Э.М.

6. Султанбекова Алтай (БУА-20)-Биогомусттун экономикага тийгизген таасири.

Жетекчиси:ага окутуучу Дуйшебаева М.К.

7. Ыманалиева Сезим (БУА-20) – Анализ финансового состояния предприятия и пути улучшения Жетекчиси:ага окутуучу Дуйшебаева М.К.

Жыйынтыгында, №9 экономикалык илимдер секциясынын отурумунда экономика жана менеджмент кафедрасынын студенттери байгелүү орундарга ээ болушту. Аталган секциянын отурумуна экономика жана менеджмент кафедрасынын төмөнкү окутуучулары: М.К.Дуйшебаева, Ж.Э.Омурканова жана Э.М.Арыкбаева катышышты.

03.04.2023

2023-жылдын 27-февралынан 27-мартына чейин негизги жети облустагы оноктош ЖОЖдор менен биргеликте жети облустун жумушсуз жарандары үчүн ” Ишке орноштурууга жана кесиптик окууга көмөктөшүү ” долбоорунун алкагында окутуу негизги өнөктөштөрдүн (Кыргыз республикасынын билим берүү жана илим министрлиги, Талас райондор аралык эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, эл аралык кызматташтык боюнча Германиянын GIZ коому,жети облустагы ЖОЖдор) колдоосу менен ишке ашырылды. Жаны ишкерлик ачууда долбоордук сунуш жазуу боюнча бир айлык окуу курсу экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары тарабынан Талас облусунун жумушсуз жарандары үчүн уюштурулду. Долбоордун алкагында экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары М.К. Дуйшебаева менен Э.М.Арыкбаева тарабынан долбоордук сунуштарды жазуу үйрөтүлдү.

03.04.2023

2023-жылдын 28-мартында ТалМУнун Технология- экономикалык факультетинде

Талас облусунун жумушсуз жарандары үчүн эл аралык кызматташтык боюнча Германиянын GIZ коомунун колдоосу менен ” Ишке орноштурууга жана кесиптик окууга көмөктөшүү ” долбоорунун алкагында бир айлык окутуунун жыйынтыгы коруу максатында долбоордук сунуштарды презентациялоо боюнча демо-күн өткөрүлдү. Эскерте кетсек, окутуунун негизги максаты -ишкердик жаатында билим деңгээлин жана көндүмдөрүн жогорулатууну каалаган жаңыдан иш баштаган ишкерлердин долбоордук сунушту жазуу саналат. Аталган демо-күнго Талас райондор аралык эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Д.Т.Рысалиева;эл аралык кызматташтык боюнча Германиянын GIZ коомунун тренери, DevCIT Acceleration компаниясынын координатору Кожокулова Жаныл;Талас облусунун ишкерликти өнүктүрүү фондунун кызматкери Кабылбекова Анара; Талас облусундагы Айыл банк ААКнын директору М.К.Бейшекеев; Талас облусундагы РСК банк ААКнын окулу Ы.Ж.Жумалиев жана жана 1 айлык курстук угуучулары катышышты. Демо-күндүн жүрүшүндо курстун угуучулары өздөрү тандаган багыты боюнча жазылган долбоордук сунуштарын презентациялашты. Белгилей кетсек,аталган курстун 10 угуучусунун ичинен жазылган долбоордук сунушунун негизинде 6 угуучуга Талас райондор аралык эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан жаны ишкерлик баштоого 100000 сомдук социалдык жардам бериле турганын тастыктаган сертификат берилген. Демо-күндүн жыйынтыгында, экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары М.К. Дуйшебаева, Э.М.Арыкбаеваларга жана бир айлык курстук 10 угуучусуна сертификаттар тапшырылды.

03.03.2023

2023-жылдын 28-мартында Талас мамлекеттик университетинде студенттер үчүн “Санарип Инсан” долбоорунун алкагында cанариптик сабаттуулукту жогорулатуу максатында “Электрондук коммерция” боюнча аймактардагы бир күндүк тренинг Талас мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын демилгеси менен өткөрүлдү.

Тренингдин алкагында катышуучулар иш жүзүндө товар же сунуштала турган кызматтарды видеого тартууну,монтаждоону, копирайтинг жасоону жана электрондук коммерцияны ишке ашыруу учун электрондук аянтчаларга жайгаштыруу үйрөнүштү. Аталган тренингге экономика жана менеджмент кафедрасынын төмөнкү студенттери катышып, сертификаттарга ээ болушту.

1.Женишова Тунук БУА-21;

2.Кубанычова Адинай БУА-21;

3.;Алчикенова Умут БУА-21;

4.Оторбаева Жайнак БУА-21;

5.Токтоназарова Нуриза БУА-21.

03.04.2023

2023-жылдын 27-февралынан 24-мартына чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жана ОУБ финансылык коопсуздук боюнча экинчи республикалык олимпиаданы өткөрүштү. Олимпиада бир нече этапта туруп, сынактын шартына ылайык онлайн тестирлөө 27-февралдан 2-март аралыгында ,командалык семинар,талкуу панели жана жыйынтыктоочу тестирлөө 6-24-март аралыгында өтту.Аталган финансылык коопсуздук боюнча экинчи республикалык олимпиадага экономика жана менеджмент кафедрасынын онлайн тестирлөөгө 3 студенти катышты. Жыйынтыгында, Ж.Баласыгын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өткөрүлгөн олимпиадага экономика жана менеджмент кафедрасынын БУА-20 тайпасынын студенти Сезим Ыманалиева катышып,110 студенттин ичинен тандалган, 10 жигердүү студенттин катарына кирип, баалуу белектер менен сыйланган.

03.04.2023

2023-жылдын 17-мартында ТалМУнун Технология- экономикалык факультетинде Нооруз майрамына карата майрамдык иш-чара өттү.Салтанат Талас мамлекеттик университетинин Технология-экономикалык факультети тарабынан уюштурулуп, майрамдык салтанат Умай Эне арча түтөтүп, калоо-тилек айтып, аластоосу, Баба Дыйкандын коштоосунда үрөн себүү ырымын аткаруу менен башталды. Салтанаттын калган бөлүгү ыр,бий менен коштолду. Андан тышкары, ТалМУнун профессордук окутуучулар жана кызматкерлеринин арасында кесиптик кошуун менен университеттин администрациясы тарабынан уюштурулган улуттук оюндун түрү-ордо боюнча мелдештин жыйынтыгы чыгарылып,акчалай белектери тапшырылды.

03.04.2023

2023-жылдын 7-мартында ТалМУнун Технология- экономикалык факультетинде “8 март -Эл аралык аялдар” күнүнө карата « Ааламдын корку аялзат» аттуу маданий иш чара экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары М.К. Дуйшебаева менен Э.М.Арыкбаеванын уюштуруусунда БУА-21 жана БУА-20 тайпалары менен биргеликте өткөрүлдү.Аталган иш Технология- экономикалык факультетинин деканы А.О.Курманалиева, Технология- экономикалык факультетинин профессордук-окутуучулар жааматы жана студенттери катышышты. Аялзатына арналган маданий иш чара саламдашуу менен башталып, андан соң куттуктоо сөз кезеги, Технология-экономикалык факультетинин деканы, п.и.к.,доцент А.О.Курманалиевага,техникалык процесстердин технологиялары кафедрасынын башчысы п.и.к.,доцент Ч.Т.Раева, экономика жана менеджмент кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучу Ж.Э.Омуркановага берилди.Мындан тышкары, маданий-массалык программада 8 март -Эл аралык аялдар күнүнө арналган куттуктоо ырлары окулуп, видеокуттуктоо корсотулду. Андан сон мадагний иш-чара кыргыз улуттук бийи, конкурстук оюндар жана обондуу ырлар менен коштолду.Аталган иш чарага экономика жана менеджмент кафедрасынын жалпы жааматы жана студенттери катышышты.

03.04.2024

2023-жылдын 3-мартында Технология-экономикалык факультетинин экономика багытында билим алып жаткан студенттери үчүн макроэкономика сабагынан «Инфляция как фактор отрицательно влияющиющий фактор на экономику» аттуу темада КРПМБАнун экономика жана менеджмент кафедрасынын доценти,э.и.к.,доцент В.К.Осмонбетова тарабынан конок лекция 102а аудиториясында өткөрүлдү. Негизинен лекция учурунда лектор тарабынан даярдалган материал абдан кызыктуу болду. Конок лекция учурунда студенттер жана катышкан окутуучулар тарабынан берилген ар бир суроого лектор өз учурунда жооп берип жатты. Лекция ТалМУнун экономика жана менеджмент кафедрасы менен КРПМБА экономика жана менеджмент кафедрасынын менен биргеликте экономика багытындагы кызматташууну онуктуруу максатында өткөрүлүп жаткан учуру.Аталган лекцияга экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары жана студенттери катышышты.

03.04.2023

2023-жылдын 1-2 март күндөрү Талас облусунун райондорунун башчылары,акимдерге жана айыл өкмөт башчыларына”Мамлекеттик башкарууда долбоорлорду башкаруу” аттуу эки күндүк семинар-тренинг өткөрүлдү. Семинар-тренингди Талас мамлекеттик университетинин профессордук окутуучулар жааматынан соц.и.к.,доцент Г.Ж.Турсалиева, саяс.и.к., доцент А.К.Укуева жана окутуучу Э.М.Арыкбаевалар өткөрүштү.

Семинар-тренинг Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмасын аткаруу максатында Кыргыз республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманова атындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын демилгеси менен регионалдык мамлекеттик ЖОЖдордун Консорциумунун алкагында уюштурулду.

ТалМУнун профессордук-окутуучулук курамы Талас облусунун мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин мамлекеттик башкарууда долбоорлорду башкаруу багытында жүргүзүлгөн иштерине көмөктөшүүнү улантат.

03.04.2023

2023-жылдын 20-февралынан баштап 22-февралына чейин Кыргыз республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманова атындагы мамлекеттик башкаруу академиясында регионалдык мамлекеттик ЖОЖдордун Консорциумунун алкагында профессордук-окутуучулук курам үчүн “Мамлекеттик башкаруудагы долбоордук менежмент” темасында тренинг(ТоТ) өткөрүлдү. Тренингди Кыргыз республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманова атындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору А.А.Акматалиев, санариптик билим берүү технологиялар борборунун директору С.К.Мурзаев жана “Жашыл экономика, климаттын өзгөрүшү жана туруктуу өнүгүү” илимий-изилдөө кафедрасынын жетекчиси А.О.Мамытовалар өткөрүштү.Бул тренингдин алкагында консорциумдун алкагында Кыргыз республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, шаарлардын мэрлери жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары үчүн окутуу семинары өткөрүлмөкчү.

03.04.2023

2023-жылдын 14-январында ТалМУнун Технология- экономикалык факультетинде “21-февраль -Эл аралык эне тил майрамына” карата «Эне тилим-жан дуйномдун азыгы» аттуу иш-чара өткөрүлдү.Экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучусу М.К.Дуйшебаева жана ИСТ-22 тайпасынын куратору П.Ж.Бердалиеванын уюштуруусунда БУА-21 жана ИСТ-22 тайпалары менен биргеликте өткөрүштү.

Аталган иш чарага Технология- экономикалык факультетинин деканы А.О.Курманалиева, факультетинин профессордук-окутуучулар жааматы жана студенттери катышышты.Эне тилге арналган маданий иш чара корком окуу менен башталып, андан соң куттуктоо сөз кезеги ТалМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору ф.и.к.,доцент К.Т.Жунусалиевага жана Технология-экономикалык факультетинин деканы А.О.Курманалиевага берилди.Мындан тышкары, маданий-массалык программа корком окуу, бий,ыр менен коштолду. Маданий иш чаранын акыркы болугу сахналаштырылган көрүнүш менен жыйынтыкталды.Аталган иш чарага экономика жана менеджмент кафедрасынын жалпы жааматы жана студенттери катышышты.

03.04.2023

2023-жылдын 6-февралынан баштап 14-февралына чейин Кыргыз республикасынын билим беруу жана илим министрлиги, Талас райондор аралык эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, эл аралык кызматташтык боюнча Германиянын GIZ коомунун «Ишке орноштурууга жана кесиптик окууга көмөктөшүү” долбоорунун ишке ашыруу максатта жети облустагы оноктош жогорку окуу жайлардын экономика багындагы билим берген окутуучулары үчүн тренерлер үчүн тренинг (ТоТ) уюштурулду. Аталган тренингге Талас мамлекеттик университетинин ТЭФнин деканы п.и.к.,доцент А.О.Курманалиева, экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары М.К. Дуйшебаева менен Э.М.Арыкбаевалар катышышты.

20.12.2022

ТалМУнун Технология-экономикалык факультетинде Кыргыз Республикасынын президентинин 2021-жылдын 29-январында №1 «Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгына ылайык «Адам көркү -адептүүлүктө» аттуу семинар экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары: М.К.Дуйшебаева жана Э.М.Арыкбаеванын уюштуруусунда БУА-21 тайпасына өткөрүлдү.Алгачкы сөз кезеги экономика жана менеджмент кафедрасынын башчысы,э.и.к.,И.А.Рыскулбековго берилди. Семинар учурунда экономика жана менеджмент кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучу Ж.Э.Омурканова «Адепсизден да адептүүлүктү үйрөн» аттуу темада баяндама жасап, уй-бүлөдө жана мектепте балдарды алептүүлүккө тарбиялоодо инсандагы идеялык өзөктүү – жарандык көз карашты, ишенимди, сезимди, жүрүм-түрүмдү, сөз менен иштеги биримдикти,коомдогу моралдык аң-сезимин жашоодогу максатка жараша калыптандыруу, ызааттуу жүрүм-турум көнүмүштөрүн пайда кылуу, ошондой эле өз элинин үрп-адаттарынын прогрессивдүү үлгүлөрүн сактоого, байытууга, башка улуттардын салтын урматтоо жана тарбиялоо маселелерине токтолду.Кийинки кезек экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучусу Э.М.Арыкбаеванын «Адам көркү -адептүүлүктө» аттуу баяндамасына берилди. Э.М.Арыкбаева оз баяндамасында азыркы учурдагы адеп тарбиясы жаштарды эмгекке жана коомдук мүлккө туура мамиле жасоо, достукка, чынчылдыкка, адептүүлүккө жана ар ким өзүнүн жүрүм-турумуна сын көз менен кароого жана башка кемчиликтерин адилет сындоого үйрөтүү аркылуу адептүүлүктүн наркын ошончолук жогору которүү зарылчылыгын белгиледи.Семинардын сонунда өтүлгөн материалды бышыктоо максатында ЭжМ кафедрасынын окутуучулары жана студенттеринин арасында таратылган материалдардагы насыят сөздөрдүн маанисин чечмелөө боюнча пикир алышуу жүргүзүлдү. Аталган иш чарага экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары жана БУА-21 тайпасынын студенттери катышышты.

16.12.2022

Технологиялык-экономикалык факультетинин экономика багытында билим алып жаткан БУА-21 тайпасынын студенттери үчүн бухгалтердик эсеп сабагынан «Учет основных средств » аттуу темада ОшТУнун экономикалык факультетинин “БУА” кафедрасынын доценти,э.и.к М.Ж.Абдиевдин катышуусунда онлайн конок лекция Zoom платформасында өткөрүлдү. Негизинен лекция учурунда лектор тарабынан даярдалган материал абдан кызыктуу болду. Онлайн конок лекция учурунда студенттер жана катышкан окутуучулар тарабынан берилген ар бир суроого лектор өз учурунда жооп берип жатты. Лекция ТалМУнун экономика жана менеджмент кафедрасы менен ОшТУнун бухгалтердик эсеп,анализ жана аудит кафедрасынын менен биргеликте экономика багытындагы кызматташуунун алкагында өткөрүлүп жаткан учуру.Аталган лекцияга экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары жана студенттери катышышты.

21.10.2022

Технология-экономикалык факультетинин экономика багытында билим алып жаткан студенттер үчүн “Деньги, кредит и банки” сабагынан “Цифровые банковские продукты” аттуу темада Талас шаарындагы Финка банк ЖАКнун сатуу боюнча башкы менеджери Э.Б. Касымкулов жана кардарлар менен иш жүргүзгон адиси Б.Д.Дуйшенбекова конок лекция өткөрүштү. Лекциянын журушундо Финка банк ААКнун сатуу боюнча башкы менеджери Э.Б. Касымкулов даярдаган видеопрезентациясы көрсөтүлүп,рынок шартында жаны пайда болгон банктын мобилдүү банкинг сыяктуу продуктулары боюнча маалымат берди.Конок лекция кызыктуу болуп, катышуучулар тарабынан берилген кызыктуу суроолорго Финка банк ЖАКнин өздүк маркасы түшүрүлгөн блокнот,саат,кийизден жасалган капчыктар таратылды. Лекция ТалМУнун экономика жана менеджмент кафедрасы менен Талас шаарындагы Финка банк ЖАКнун биргеликте кызматташуусун алкагындо өтүлүп жаткан учуру.Аталган лекцияга экономика жана менеджмент кафедрасынын башчысынын м.а.Омурканова Ж.Э., окутуучулар: Э.Ж.Мамадалиев,,Э.М.Арыкбаева жана студенттер катышышты.

21.10.2022

2022-жылдын 19-октябрнда Технология-экономикалык факультетинде Стартап долбоорлорду алдыга жылдыруу боюнча факультеттин студенттерине семинар өтүлдү.Семинар учурунда ТалМунун бизнес инкубаторунун координатору А.Т.Козубекова стартаптын пайда болуусунан баштап,анын өнүктүрүүдөгү инфраструктура жана уюштуруудагы негизги этаптары менен тааныштырды.Аталган семинарга экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары жана студенттери катышышты.

18.10.2022

Технология-экономикалык факультетинин экономика багытында билим алып жаткан студенттер үчүн “Основы финансовых вычислений” сабагынан “Простые и сложные проценты в банковской деятельности” аттуу темада Талас шаарындагы Бакай банк ААКнун насыя берүү бөлүмүндө чыгуу лекциясы өткөрүлдү. Лекция учурунда Бакай банк ААКнун насыя беруу бөлүмүнун эксперти Ж.К.Султанов тарабынан даярдалган маалыматтар кызыктуу болуп, катышуучулар тарабынан берилген ар бир суроого өз учурунда жооп берип жатты. Лекция ТалМУнун экономика жана менеджмент кафедрасы менен Талас шаарындагы Бакай банк ААКнун биргеликте кызматташуусун улантуу максатында уюштурулуп жаткан учуру.Аталган лекцияга экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары М.К.Дуйшебаева,Э.М.Арыкбаева жана студенттер катышышты.

04.12.2022

2021-жылдын 3-декабрнда Технология-экономикалык факультетинин профессордук-окутуучулар жааматы, студенттер менен биргеликте Талас облусунун Талас шаарында жайгашкан “Тенир Колдо” балдарды реабилитациялоодогу күндүзгү борборуна тамак-аш, күнүмдүк жашоого керектүү майда буюм-тайымдарды жардам катары алып барып беришти.Азыркы убакта “Тенир Колдо” балдарды реабилитациялоо күндүзгү борборунун жетекчисинин алдында 6 киши иштейт.Анын ичинде социалдык педагог,психолог дагы бар. Аталган “Тенир Колдо” балдарды реабилитациялоо күндүзгү борборунун жетекчиси борборду каржылоо швейцариялык “Кызыл чырым” бейөкмөт уюму жана ата энелердин жардамы менен ишке ашырылгандыгын айтты.Азыркы убакта бул борбордо жалпысынан 28 бала катталып жана күнүгө борборго келип тарбияланып жатканын маалымдады.

Ошондой эле “Тенир Колдо”кундузгу реабилитациялоо борборуна барууда, Технология-экономикалык факультетинин студенттери ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарды куттуктап, таттуу белек,ыр, бий тартуулашты.

02.10.2021

ТалМУнун Технология- экономикалык факультетинде билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата «Ардактуу кесип ээси- мугалим» аттуу маданий иш чара ТЭФнин студенттик парламент тарабынан өткөрүлдү.Аталган иш чарага ТалМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору- К.Т.Жунусалиева, Технология- экономикалык факультетинин деканы А.О.Курманалиева, Технология- экономикалык факультетинин профессордук-окутуучулар жааматы жана студенттери катышышты.Ардактуу кесип ээси- мугалимге арналган маданий иш чара саламдашуу менен башталып, андан соң куттуктоо сөз кезеги ТалМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору-КТ.Жунусалиевага, Технология-экономикалык факультетинин деканы А.О.Курманалиевага жана Технология-экономикалык факультетинин студенттик парламентине берилди.Мындан тышкары, маданий-массалык программада ар бир мугалимге арналган куттуктоо ырлары окулуп,роза гулдор тапшырылды. Маданий иш чаранын калган болугу улуттук бий, ырлар менен коштолду.Аталган иш чарага экономика жана менеджмент кафедрасынын жалпы жааматы жана студенттери катышышты.

P.S.ТЭФнин жалпы профессордук окутуучулар жааматы ТЭФнин студенттик парламентине пандемиядан кийинки быйылкы окуу жылында ардактуу кесип ээлери – окутуучуларды куттуктап,маданий массалык иш чара уюштаргандыгы учун ыраазычылык билдируу менен,мындан аркы иштерине ийгилик каалап кетмекчи…

01.10.2021

2021-жылдын 29-октябрндаТалМУнун айымдарынын жана мырзаларынын арасында Билим берүү тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрам күнүнө карата Талас шаардык жаш өспүрүм балдардын спорттук мектебинде волейбол боюнча таймаш болуп өттү.Аталган таймашка ТалМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору К.Т.Жунусалиева,Технология-экономикалык факультетинин деканы-А.О.Курманалиева, Гуманитардык факультетинин деканы-Ж.К.Абдиева,Табият таануу жана педагогика факультеттин деканы З.Б.Койчуманов,Кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн директору А.Ж.Ажыбаева жана ТалМунун профессордук окутуучулар жамаатынын айымдары жана мырзалары катышышты.Таймаш ТалМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору К.Т.Жунусалиеванын куттуктоо сөзү менен башталып,кийинки сөз кезеги факультеттердин декандарына берилди.Таймаштын жүрүшүндө атаандашкан факультеттердин 4 командасы айлампа менен ойношуп, жеңүүчүлөр аныкталды.

24.09.2021

2020-жылдын 23-сентябрнда ТалМУда “23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө” карата салтанаттуу иш чара өткөрүлдү.

Салтанаттуу иш чара мамлекеттик тил гимни менен башталып,сахналаштырылган көрүнүш,кыргыз улуттук бийи коштогон концерттик программа тартууланды.Аталган иш чарага экономика жана менеджмент кафедрасынын окутуучулары менен студенттери катышышты.

Прокрутить вверх