Notice: WP_Scripts::localize was called incorrectly. The $l10n parameter must be an array. To pass arbitrary data to scripts, use the wp_add_inline_script() function instead. Please see Debugging in WordPress for more information. (This message was added in version 5.7.0.) in /var/www/vhosts/talsu.kg/httpdocs/wp-includes/functions.php on line 5775

16-майда ТалМУда Кыргыз Республикасынын Эл акыны, Токтогул атындагы сыйлыктын ээси Байдылда Сарногоевдин 90 жылдык мааракесине арналган “Таланты элге арналган өмүр” аттуу конференция болуп өттү. Аны ректор А.Ш.Упенов ачып, куттуктоо сөздү Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри А.К.Жаманкулов сүйлөп, Байдылда Сарногоевдин кыргыз маданиятындагы ордун, маанисин баса белгиледи. Андан кийин КРнын Эл акыны Анатай Өмүрканов, мааракенин башкы уюштуруучусу Индира Куралбекова, ТалМУнун окуу-илимий иштери боюнча проректору С.С.Жумалиев акындын өмүрү, чыгармачылыгы боюнча омоктуу ойлорун айтышты. Конференция жыйынтыкталгандан кийин, окутуучулар менен студенттер Байдылда Сарногоевдин ырларынан көркөм окушуп, обондуу ырларынан аткарышты. Байдылда Сарногоевдин ырлары, чыгармалары чыккан китептердин, газета-журналдардын жана анын өмүрү-чыгармачылыгына арналган көргөзмө Талас облустук усулдук билим берүү борбору менен биргеликте уюштурулду.

By

Leave a Reply

Your email address will not be published.