Warning: The magic method Gallery_Img::__wakeup() must have public visibility in /var/www/vhosts/talsu.kg/httpdocs/wp-content/plugins/gallery-images/gallery-images.php on line 97

Deprecated: Required parameter $popup_id follows optional parameter $data_attr in /var/www/vhosts/talsu.kg/httpdocs/wp-content/plugins/popup-maker/includes/deprecated-filters.php on line 102

Deprecated: Required parameter $method follows optional parameter $args in /var/www/vhosts/talsu.kg/httpdocs/wp-content/plugins/notification/src/classes/Traits/Webhook.php on line 35
Талас мамлекеттик университети Россия Федерациясынын М.В.Шукшин атындагы Алтай мамлекеттик гуманитардык-педагогикалык университети жана Талас облустук усулдук билим берүү борбору менен биргеликте “Кыргызстанда орус тилинде билим берүү” аттуу билим берүү марафонун уюштуруп өткөрүүдө. – Талас мамлекеттик университети
Notice: WP_Scripts::localize was called incorrectly. The $l10n parameter must be an array. To pass arbitrary data to scripts, use the wp_add_inline_script() function instead. Please see Debugging in WordPress for more information. (This message was added in version 5.7.0.) in /var/www/vhosts/talsu.kg/httpdocs/wp-includes/functions.php on line 5663

Талас мамлекеттик университети Россия Федерациясынын М.В.Шукшин атындагы Алтай мамлекеттик гуманитардык-педагогикалык университети жана Талас облустук усулдук билим берүү борбору менен биргеликте “Кыргызстанда орус тилинде билим берүү” аттуу билим берүү марафонун уюштуруп өткөрүүдө. Аталган иш-чаранын расмий ачылышында ТалМУнун ректору А.Ш.Упенов, М.В.Шукшин атындагы Алтай мамлекеттик гуманитардык-педагогикалык университетинин ректору Л.А.Макрецова, Талас облустук усулдук билим берүү борборунун директорунун орун басары Б.К.Омурканов, М.В.Шукшин атындагы Алтай мамлекеттик гуманитардык-педагогикалык университетинин илимий-изилдөө борборунун башчысы, ф.и.к., доцент М.С.Власов жана филоф.и.к., доцент А.М.Беспалов куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, Кыргызстан менен Россиянын кызматташтык алакаларынын алкагында уюштурулуп жаткан иш-чаралар аркылуу билим берүү алкагы кеңейип, жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачыларын белгилешти. Экинчи бөлүгүндө россиялык өнөктөштөр тарабынан мастер-класстар өткөрүлдү. Бул эл аралык билим берүү марафону 17-ноябрдан 22-ноябрга чейинки аралыкка созулуп, анда ачык сабактар боюнча сынактар уюштурулуп, мастер-класстар, илимий-популярдуу лекциялар, тарбиялык сааттар, окуудан тышкаркы сабактар өткөрүлүп, оффлайн жана онлайн эки форматта өткөрүлөт. Эртең 18-ноябрда ТалМУнун орус тилчи окутуучулары тарабынан мастер-класстар, ачык сабактар өткөрүлөт.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

жаңылыктар