Notice: WP_Scripts::localize was called incorrectly. The $l10n parameter must be an array. To pass arbitrary data to scripts, use the wp_add_inline_script() function instead. Please see Debugging in WordPress for more information. (This message was added in version 5.7.0.) in /var/www/vhosts/talsu.kg/httpdocs/wp-includes/functions.php on line 5663

Талас мамлекеттик университетинин гуманитардык факультетинде чет тилдер кафедрасы тарабынан уюштурулган “Биз коррупцияга каршыбыз!” аттуу тегерек-стол болуп өттү. Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу антикоррупциялык ишмердик кеңешинин Талас облусундагы өкүлүнүн орун басары Умар Анарбаев, коррупцияга каршы коомдук бирикменин Талас облусу боюнча төраганын орун басары Усейин Отуналиевич Эсенаманов, Талас мамлекеттик университетинин окуу жана илимий иштери боюнча проректору Самат Субанкулович Жумалиев, факультеттин профессордук-окутуучулар жааматы, студенттери катышты. Келген коноктор өлкөдө коррупциялык көрүнүштөрдөн тазалануу, арылуу үчүн жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар туурасында маалымат беришип, аны алдын алуу, ага каршы күрөшүү жолдоруна токтолушуп, студенттердин суроолоруна жооп беришти. Иш-чарада А-20 группасынын студенти Манасбекова Каухардын “Биз коррупцияга каршыбыз!” деген доклады олтургандардын көңүлүн бурду. Ошону менен бирге факультеттин стүденттери тарабынан даярдалган “Жаштар – коррупцияга каршы!” деген темада видеосюжет чагылдырылды. Бул иш-чара ” Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот” деген чакырык менен ар бир жаранды жемкорлуктан таза, алыс болууга чакыруу менен жыйынтыкталды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *