Warning: The magic method Gallery_Img::__wakeup() must have public visibility in /var/www/vhosts/talsu.kg/httpdocs/wp-content/plugins/gallery-images/gallery-images.php on line 97
ТалМУда 22-ноябрда Россия Федерациясынын М.В.Шукшин атындагы Алтай мамлекеттик гуманитардык-педагогикалык университети жана Талас облустук усулдук билим берүү борбору менен биргеликте уюштурулган “Кыргызстанда орус тилинде билим берүү” аттуу эл аралык билим берүү марафону жыйынтыкталды. – Талас мамлекеттик университети
Notice: WP_Scripts::localize was called incorrectly. The $l10n parameter must be an array. To pass arbitrary data to scripts, use the wp_add_inline_script() function instead. Please see Debugging in WordPress for more information. (This message was added in version 5.7.0.) in /var/www/vhosts/talsu.kg/httpdocs/wp-includes/functions.php on line 5663

ТалМУда 22-ноябрда Россия Федерациясынын М.В.Шукшин атындагы Алтай мамлекеттик гуманитардык-педагогикалык университети жана Талас облустук усулдук билим берүү борбору менен биргеликте уюштурулган “Кыргызстанда орус тилинде билим берүү” аттуу эл аралык билим берүү марафону жыйынтыкталды. Жыйынтык бөлүктө окуу жана илимий иштер боюнча проректор С.С.Жумалиев конокторго жана катышуучуларга ыраазычылык билдирип, конокторго окуу жайдын ыраазычылык катын жана символикалык белектерин тапшырды. Бир жумага созулган билим берүү марафонуна катышышкан 300дөн ашуун катышуучуга сертификаттар, ал эми ачык сабактар конкурсунун жеңүүчүлөрүнө дипломдор ыйгарылды. Соңунда эки элдин достугун даңазалаган концерттик программа тартууланды. Марафондун жүрүшүндө университеттин окутуучулары, мектептин мугалимдери ачык сабактарды, мастер-класстарды, тарбиялык сааттарды жогорку деңгээлде өтүшүп, аларга студенттер, окуучулар активдүү катышышты. М.В.Шукшин атындагы Алтай мамлекеттик гуманитардык-педагогикалык университетинин илимий-изилдөө борборунун директору, филология илимдеринин кандидаты, доцент М.С.Власов жана философия илимдеринин кандидаты, доцент А.М.Беспалов илимий-популярдуу темаларда конок лекцияларды, кызыктуу мастер-класстарды өтүшүп, кызуу талкуулар жүрдү. Орус тилинде билим берүүнүн заманбап ыкмаларын, жаңы билимдерди өздөштүрүп, өз квалификацияларын жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзгөн натыйжалуу аянтча болуп берди. Эми мамлекеттик тилде билим берүү марафонун уюштуруу боюнча иштер башталды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

жаңылыктар