ТалМУнун аспирант-изденүүчүлөрүнө илимий семинар өткөрүлдү. Семинарды университеттин окуу жана илимий иштери боюнча проректору С.С.Жумалиев ачып, аспиранттардын жайкы мектебине барып катышып келишкен аспирант-окутуучулар А.Кумашова, А.Козубекова жана Н.Байжигитова илимий-изилдөө иштерине коюлган жаңы талаптар, нормативдик база, антиплагиаттык система, диссертацияны коргоо этаптары жөнүндө презентациялык баяндамаларын жасашты. Семинардын экинчи бөлүгү суроо-жооп форматында өтүп, илимий темаларды бекитүү, өзгөртүү ж.б. маселелердин тегерегинде кызуу талкуу жүрдү. Семинардын жыйынтык бөлүгүндө илимий ишмердүүлүк жогорку окуу жайынын негизги көрсөткүчтөрүнүн бири болгондуктан, илимий-изилдөө иштерине айрыкча көңүл бөлүү керектиги баса белгиленди.
By Tima Danilov
{:kg}акыркы жаңылыктар{:}{:ru}есбсыдысд{:}
24-ноябрь, 2021-жыл.ТалМунун студенттик парламенти жана анын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы ишкердик кызматынын кызматкерлери уюштурган “Таза , адилеттүү шайлоо үчүн” ,”Кадыр-барк жана ар намыс” платформасынын негизинде ишембиликке чыгышты. Шаарыбызды акыр-чикирлерден тазалашып, айлана-чөйрөгө көркүнө көрк кошушту.Ишембилик уюшкандыкта өттү.
Nov 25, 2021
Tima Danilov
ТалМУда 22-ноябрда Россия Федерациясынын М.В.Шукшин атындагы Алтай мамлекеттик гуманитардык-педагогикалык университети жана Талас облустук усулдук билим берүү борбору менен биргеликте уюштурулган “Кыргызстанда орус тилинде билим берүү” аттуу эл аралык билим берүү марафону жыйынтыкталды.
Nov 25, 2021
Tima Danilov