Жанылыктар

29.04.24.

“Манас” эпосу: окутуу жана изилдөө” аттуу республикалык илимий-практикалык конферения өткөрүлдү. Конференцияга 1-курсунун магистранттар Молдошев Уран жана Бактыбек кызы Бегимайлар илимий макала менен катышышты.

2024-жылдын 28-май күнү Ж.Баласагын атындагы КУУде “Мыкты улуттук курстук жана квалификациялык иштер” аттуу сынакка тарых профилинин 2-курсунун студенти (И-1-22 гр) Кабылбекова Перизат катышып, 3-орунду женип алган. Жетекчиси, доцент М.М.Жусупова.

Тарых профилинин И-1-22 группасынын студенти Накаева Мээргүл И.Арабаев атындагы КМУнин Э.Ж,Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунда 2024-жылдын 5-семестринде академиялык мобилдүүлүк алкагында окуп келди.

2024-окуу жылынын 3-семестринде тарых профилинин 2-курсунун студенти Магира Умөталиева Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Тарых кафедрасында академиялык мобилдүүлүктүн алкагында окуп келди.

ТалМУда Улуу Жеништин 80 жылдыгына карата маданий иш чара өткөрүлдү. Иш чарага гуманитардык-юридикалык институтунун тарых жана укук таануу кафедрасынын 3-курсунун студенти Абдылдабеков Бердибек активдүү катышты.

Тарых жана укукт таануу кафедрасынын 1-курсунун магистранттары 2025-жылдын 28-апрель күнү “Эч ким, эч нерсе, эч качан унутулбайт” аттуу студенттер арасында акыл-таймаш уюштурушту.

2025-жылдын 24-май күнү гуманитардык-юридикалык институтунда “Мыкты пед.дебют-2025” аттуу сынакка тандоо болду.ОМПУ де өтө турган сынакка тарых профилинин 3-курсунун студенти Кабылбекова Перизат катышып, женип, сынакка катышууга жолдомо алды.

2023-жылы ТалМУнун студенттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине депуттар менен жолугушууга барып келишкен. Делегацияда тарых профилинин И-1-22 группасынын студенттери Абдылдабеков Бердибек жана Нуркулова Бегимайлар да бар.

Тарых профилинин студенттери архивдик-музейлик практикаларын К.Кенешбеков атындагы тарыхый-этнографиялык музейде өткөрүшүп турат.2024-ж.

Тарых профилинин 4-курсунун И-1-21 гурппасынын студенттери педагогикалык-профилдик практикага чыгып келишти.Практиканы Талас шаарындагы жана Талас облусундагы орто мектептерден өтүшөт.2025-ж.

Прокрутить вверх