№ | Фамилиясы, аты | Кафедранын аталышы, группасы | Иш чаранын аталышы, өткөрүлгөн орду | Студенттин алган орду |
Молдобеков Сейит | МФИ, ПМ-24 | Бишкек шаарынын Орхус борбору жана ЖОЖдордун жетекчилиги ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосунда жана ТТПФнын Табият таануу кафедрасынын уюштуруусунда студенттер арасында экологиялык Олимпиада. Башкы корпус, Манас өргөө | 1-орун | |
Торобеков Салижан | 1-орун | |||
Мыктыбекова Кундуз | 2-орун |




Талас мамлекеттик университетинин табигый – математикалык багытта билим берүүчү профессордук окутуучулар курамына « PISA программасынын компетенцияларын калыптандыруу аркылуу студенттердин табигый – математикалык сабаттуулугун жогорулатуу»,- деген темада өтүлгөн 36 сааттык семинар – тренинг. (13-15.02.2025)
36 сааттык семинар-тренингге катышуу менен сертификат тапшылды.



27.03.25 Талас мамлекеттик университетинин Билим берүү сапатын жогорулатуу, лицензиялоо жана аккредитация бөлүмү “Мугалим” коомдук фонд менен биргеликте уюштурулган “Окутуудагы инновациялык методдор: “SKAFFOLD” технологиясы” темасындагы семинар аяктап, 58 окутуучу 72 сааттык окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу курсун аяктап сертификаттарга ээ болушту.



30.04.2025 инде ФМКИ кафедрасынын уюштуруусу менен “12 жылдык билим берүү системасына өтүүдө, STEM мугалимдерин даярдоодо мектеп-университет байланышы: чогуу аракет-жалпы жыйынтык” аталышындагы тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго РБББнын жетекчилери жана мектеп директорлору да чакырылып, өздөрүнүн ой-пикирлери жана сунуштары мн бөлүшүп кетишишти.





