“АИВ билим – сенин коопсуздугуң, дарылануу – сенин ден соолугуң”
28.12.2024. Талас мамлекеттик университетинде “АИВ билим – сенин коопсуздугуң, дарылануу – сенин ден соолугуң” деген ураан чакырылыш менен студенттер менен тегерек стол болуп өттү. Уюштуруучу окутуучу Козубекова Жаңыл Токтобековна жана ПНО-22 группасынын студенттери. Тегерек столдун жүрүшүндө азыр ВИЧке кабылгандардын саны көбөйгөндүгү, элдин арасына таралуусунун алдын алуунун бирден-бир жолу- ВИЧке кабылгандарды өз убагында дарылап, жукпай турган абалга жеткиришибиз керек экендиги талкууланды.
Тегерек столдун катышуучулары көптөгөн маалыматтарды ала алышты. Студенттер тарабынан тематикалуу сценка аткарылды.
Талас облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана АИВди көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери Султанова Т.К. , Жамалбекова Т. , Камаева Х. пайдалуу маалыматтары менен бөлүшүштү. Педагогика кафедрасынын башчысы,педагогика илимдеринин кандидаты,доцент Умарбекова Анара Анарбаевна, ТалМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору,филология илимдеринин кандидаты,доцент Жунусалиева Кундуз Тотоновна студенттерге билимдүү коом жогорудагы коркунучтуу дарттардан алыс болорлугун айтып өтүштү.
550700 Педагогика багытынын ” Педагогика жана мектепке чейинки билим беруу усулу профилинин адистерин даярдап жаткан ТалМУнун педагогика кафедрасы тегерек столдо жолугушуу откорду.
550700 Педагогика багытынын ” Педагогика жана мектепке чейинки билим беруу усулу профилинин адистерин даярдап жаткан ТалМУнун педагогика кафедрасы 5.12.2024- жылы Талас облусунун аймагындагы мектепке чейинки билим беруу уюмдарынын директорлору менен тегерек столдо жолугушуу откорду. Жолугушууда мектепке чейинки билим беруу уюмдары менен ЖОЖдун биргелешкен иш аракеттеринин натыйжалары, алдыдагы максаттарга жетуу жолдору талкууланды.
Айтматовдук окуу -2024″ эл аралык илимий практикалык форум
Талас мамлекеттик университетинин педагогика жана башталгыч билим беруунун методикасы адистигинин ПНО-1-22 группасынын студенти Садабекова Айтурган ” Айтматовдук окуу -2024″ эл аралык илимий практикалык форумга катышып, окуган баяндамасы мыкты баяндама деп бааланды.
3-декабрь эл аралык Майыптар күнү
03.12.2024. 3-декабрь эл аралык Майыптар күнүнө карата Табият таануу жана педагогика факультетинин окутуучулары жана студенттери Талас районунун Кум-Арык айылында жайгашкан Талас атайын көмөкчү жатак мектебине өз каражатына азык- түлүк, кеңсе буюмдарын, күнүмдүк керектелүүчү кир жуучу каражаттарды жеткирип беришти
Суицид- клептомания
28.11.2024. Талас Мамлекеттик университетинин “Табият таануу жана педагогика” факультетинин Педагогика кафедрасынын ага окутуучусу Туткучбаева Каныкей Абдыжапаровнанын уюштуруусунун негизинде “Суицид- клептомания” деген аталышта тегерек стол болуп отту. Бул иш – чарага гуманитардык факультеттин К-1-24, И-1-24 группаларынын студенттери активдуу катышышты. Суицид жана клептомания боюнча коомдо жана жаштар арасындагы болуп жаткан койгойлуу маселелер талкууланды. Келген коноктор: “Жаны багыт” гезитинин редактору Иманкулов Козубек агай, ТалМунун мамлекеттик тил боюнча проректору, ф.и.к. доцент Жунусалиева К.Т., экономика кафедрасынын ага окутуучусу Дуйшебаева М.К., “Педагогика” кафедрасынын башчысы, п.и.к. доцент Умарбекова А.А., окутуучулары: Эсекеева Р., Асилбек кызы Каным катышышты. Бул иш- чаранын отулушуно келген коноктор ийгиликтерди каалашты
“Эне тили болбосо аты аталбайт улуттун” деген аталыштагы ачык тарбиялык саат өткөрүлдү.
01.11.2024. ТалМУнун Табият таануу жана педагогика факультетинин, педагогика адистигинин ПНО-22 группасынын студенттери, мамлекеттик тилдин 3 айлыгына карата “Эне тили болбосо аты аталбайт улуттун” деген аталыштагы ачык тарбиялык саат өткөрүлдү. Куратор Козубекова Ж.Т
“Лучший студент тюркских народов” аталышында студенттер арасында Эл аралык конкурсу
23.10.2024.Казакстандын Астана шаарында “BIlim ORKENIETI” улуттук инновациялык изилдоо борбору жана “Жаны Казакстан” республикалык инновациялык борбору менен биргеликте уюштурулган , “Лучший студент тюркских народов” аталышында студенттер арасында Эл аралык конкурс болуп отту. Конкурста Талас мамлекеттик университетинен Табият таануу жана педагогика факультетинин Педагогика кафедрасынын Пно-1-22 группасынын студенти Садабекова Айтурган Асаадбековна активдуу катышып, 1-даражадагы дипломго ээ болду. Айтурган Асаадбековна окууларына ийгиликтерди каалайбыз!