Илимий-изилдөө иштер

2024-жылдын 29-апрель май күнү ТалМУ КРнын УИА менен бирдикте “Манас” эпосу: окутуу жана изилдөө атуу илимий-практикалык конференция уюштурулуп, тарых жана коомдук илимдер кафедрасынын магистранттары Бактыбек кызы Бегимай жана Молдошев Уран илимий макала катышышты. Конференцияны уюштурууда тарых жана коомдук илимдер кафедрасынын доценти,т.и.к, Ж.К.Абдиева чон салым кошту.

2024-жылы тарых илимдеринин доктору, профессор Каратаев Олжобай Кубатбековичке ТалМУнун Ардактуу профессору наамы ыйгарылган.

“Талас-керамика” стартап долбоору ишке ашып, ТалМУда жарыяланган сынакта 1-орун алдык. тарых профилинин бүтүрүчүсү Касым Сыдыков жана жетекчиси, доцент М.М.Жусупова.

“Талас өрөөнүндөгү тарыхый эстеликтерге саякат” аттуу долбоорго тарых профилинин студенттери катышышып, 1-орунга ээ болдук. Жетекчиси, доцент М.М.Жусупова. Долбоордун жетекчиси Мунара Кунасова.2024-ж.28-май.

Тарых жана коомдук илимдер кафедрасы жаны “Усулдук кабинет” ачышты. 2024-ж.декабрь.

Тарых жана коомдук илимдер кафедрасынын башчысы, доцент М.М.Жусупованын уюштуруусунда 2023-жылы 26-майында Алматы шаарындагы Борбордук мамлекеттик музейге илимий иш сапар менен делегация барып келишти. Максаты- музей менен илимий иштерди бирге жүргүзүү жана меморандум түзүү.

2023-жылы Тарых жана коомдук илимдер кафедрасынын башчысы, долбоордун жетекчиси М.М.Жусупова, т.и.д, профессор Т.Чоротегин, т.и.к., доценттер Ж.К.Абдиева, Э.К.Куловалар “Талас (Атлах) салгылашуусунун”  тарыхый-маданий  мурас  катары  илимий-теориялык   негиздемеси аттуу илимий долбоорду ийгиликтүү жыйынтыкташып, хрестоматиялык илимий эмгек жаратышты.

2024-жылдын жыйынтыгы менен Тарых жана коомдук илимдер кафедрасы “Мыкты кафедра” номинациясынын жеңүүчүсү аталды. Телевизор, принтер жана компьютер менен сыйланышты.

Тарых жана коомдук илимдер кафедрасынын доценти, тарых илимдеринин кандидаты, гуманитардык факультетинин деканы Абдиева Жылдызкан Канатбековна 2024-жылы 3-декабрь күнү Манас академиясы уюштурган форумга оз илимий макаласы менен катышты.

Талас мамлекеттик университетинин ректору, техн.и.д, профессор Шаршембиев Жыргалбек Сабырбекович К.Кенешбеков атындагы тарыхый-этнографиялык музейде тарыхчылар менен .2024-жылы.ноябрь айы.

Канатк Кенешбеков атындагы тарыхый-этнографиялык музей күндөн-күнгө толукталууда. Экспонаттарды студенттер тапшырышат. 2024-ж.

Тарых жана коомдук илимдер кафедрасынын доценти, т.и.к. А.С.Усубалиева тарых профилинин 3-курсунун студенттери менен Кыргыз Улуттук Манас ордо комплексинде экскурсия сабак учурунда.2024-ж

18-май музей күнүнө карата К.Кенешбеков атындагы тарыхый-этнографиялык музейде салтка айланган “Мурас жана музей-4” аттуу иш чара өткөрүлгөн. Иш чараны музейдин жетекчиси, доцент М.М.Жусупова уюштурган.Иш чарага АкАК фондусунун жетекчиси Мунара Кунасова катышкан.2024-ж.май.

2024-жылдын 25-декабрь күнү тарых жана коомдук илимдер кафедрасынын башчысы, доцент М.М.Жусупова Кыргызпатент уюштурган форумга катышып келген. Кыргызпатент тарабынан жарык көргөн илимий китепке М.Жусупова да кошулган.Китептин максаты- форум илимдеги айымдардын эмгегин баалоо.

Прокрутить вверх