Окуу усулдук иштер

 Укук таануу жана коомдук дисциплиналар секциясы “Укук таануу” адистигин дайындап чыгарат.

  • 030503 “Укук таануу” адистиги 9-клсстын базасында 2 жыл 10 ай, 11-класстын базасында 1 жыл 10 ай окушат.

Укук таануу адистигинде практикалык иштер өткөрүлүп келүүдө.

1.Окуп таанышуу практика

2.Өндүрүштүк практика

3. Кесип алдындагы практика

Багытооочу жана жыйынтыктоочу конференциялар жыл сайын өткөрүлүп турат

“Укук таануу” адистигинин 2-курсунун студенттерине «Багыттоочу конференция» болуп өттү.

“Укук таануу” адистигинин 2-курсунун студенттерине «Жыйынтыктоочу конференция» болуп өттүү

“Укук таануу” адистигинин 3 -курсунун студенттерине «Багыттоочу конференция» болуп өттү.

“Укук таануу” адистигинин 3 -курсунун студенттерине «Жыйынтыктоочу конференция» болуп өттү.

“Билим берүүдө жасалма акыл платформаларын колдонуу”

ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн окутуучулары 21-23 март күндөрү өз билимибизди жогорулатуу максатында “Билим берүүдө жасалма акыл платформаларын колдонуу” темада онлайн курс окудук. Курсту Онлайн университетинин жетекчиси Элира Турдубаева өттү.Жаңы платформалар менен тааныштык.

ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн укук таануу жана коомдук дисциплиналар секциясынын окутуучусу Омурзакова С.Т. “Укук таануу ” адистигинин 3- курсунун студенттери үчүн “Кылмыш жаза процессуалдык укук ” дисциплинасы боюнча 29.11.2023 “Тергөө кызматынын өндүрүшү ” аттуу темада университет аралык ачык сабак өттү.Сабак көрсөтмөлүү болуп “эң жакшы” деп бааланды.

Тал МУнун алдындагы кесипттик орто билим берүү бөлүмүнүн “Укук таануу жана коомдук дисциплиналар” секциясынын окутуучулар жамааты менен иш берүүчүлөр ортосунда тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго Талас шаардык сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Турсункулов Муктарбек Ыманкулович ,Талас райондук сотунун төрагасы Жаназаков Бакытбек Маасыдыкович,Талас ОИИБнын тергөө кызматынын ӨМИ боюнча улук тергөөчүсү милициянын подполковниги Джумагулов Нияз Ыдырысович,Талас облусунун адвокаттар коллегиясынын адвокаттар кеңешинин төрайымы , адвокат Эдигеева Марина Аралбековна,Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Талас облустук Сот департамент башкармалыгынын САКБнын ишмердүүлүгүн көзөмөлдө бөлүмүнүн башчысы Курамаев Искакбек Шадыбековичтер катышышты. Тегерек столдо “Укук таануу” адистигинин практикаларынын сапатын жакшыртуу, окутуу программасын өркүндөтүү жана өз ара мамилелерди чыңдоо максатында жалпы иш берүүчүлөрдүн ой пикири, сунуштары айтылды.

Иш берүүчүлөр менен окуу жай ортосунда жолугушуулар мындан ары да улана берери макулдашылып, келишимдер түзүлдү.

“Окутуунун сапатын башкаруунун методдору жана стратегиялары” боюнча 72 саат көлөмдөгу  курска  Омурзакова С.Т, Батырбек кызы Айнура катышышып сертификатка ээ  болушту.

Прокрутить вверх