Укук таануу жана коомдук дисциплиналар секциясы

Талас мамлекеттик университетинин алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн 030503  Укук таануу  адистиги  2010-2011- окуу жылына  карата Кыргыз Республикасынын Билим берүү Министрлигинин буйругунун негизинде лицензияга ээ болуп, укук таануу адистигинин күндүзгү  жана  сырттан окуу бөлүмдөрү ачылган. 2018-2019-окуу жылында Укук таануу  адистиги Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккридитациялоо агенттиги тарабынан аккридитациядан ийгиликтүү өтүп, сертификатка ээ болгон.

2011-жылдын 1-сентябрынан баштап Талас мамлекеттик университетинин ректорунун буйругу менен  Коомдук-экономикалык дисциплиналар  секциясынын курамында ачылган. Жаны ачылган  секцияны Изабаева Индира  Кенжебековна эң алгачкылардан болуп жетектеген. 2020-2021-окуу жылына карата  укук таануу жана коомдук дисциплиналар секциясы болуп бөлүнүп, өз алдынча иш алып барууда. Секция  башчысы Чалабаева Джазгуль Айбашовна  укук таануу жана коомдук дисциплиналар  секциясынын  жетекчиси  болуп эмгектенип келе жатат.

       Секциянын окуу-методикалык иштеринин негизги багыттары:

Укук таануу жаан коомдук дисциплиналар секциясында “Кылмыш жаза укугу” предметтик 1, “Кыргызстан тарыхы” предметтик 2 окуу залы бекитилген. Алсак, усулдук кабинеттерде 2 компьютер, 2 проектор, 2 экран жана адистикке тиешелүү окуу-усулдук адабияттар, көргөзмө куралдар менен жабдылган. Китепканасындагы адабияттардын фонду  “Укук таануу” адистиги боюнча текшерүү иштеринин, курстук, практикалык сабактардын, лекциялык курстардын базасынан түзүлүп, теориялык багыттагы кошумча адабияттар менен камсыздалган.

   Кафедрада өтүлүүчү сабактар боюнча окуу программалары (силлабус), электрондук окуу-методикалык комплекстер жана атайын колдонмолор иштелип чыккан жана окуу процессинде кеңири колдонууда. Кафедра заманбап компьютерлер менен жабдылган жана  интернет байланышы аркылуу дүйнөлүк аренага чыгууга толук мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

  • Компетенттүү мамилелердин негизинде окутуунун максатын, мазмунун, методдорун каражаттарын жана формаларын иштеп чыгуу;
  •  Иштелип чыккан окутуунун  программалары билим берүүнүн бардык деңгээлдерин ичине камтыйт;
  • Секцияда тажрыйбалуу окутуучулар эмгектенишүүдө. Алар насаатчылык иштерди өркүндөтүү менен усулдук-методикалык иштелмелерди активдүү иштеп чыгышууда. Жаш мугалимдер менен бирдикте  теориялык  билимдерди практика менен айкалыштыруу иштерин жүргүзүшүүдө.

Окуу процессин уюштурууда төмөнкү документтер бар:

  •    Билим берүүнүн мамлекеттик стандарты;
  •   Окуу план, жумушчу окуу план;
  •   ОМКлар иштелип чыккан;

Пландалган окуу жүктөмдөрү толугу менен окуу планы жана жумушчу программалардын талабына ылайык аткарылат. Секциянын кеңешмесинде окутуучулардын иш пландары, окуу процессинин жүрүшү жөнүндө маселелер каралып турат.

Профессордук-окутуучулук курам

 Бүгүнкү күндө секцияда 030503  – Укук таануу  профили боюнча адистер даярдалат.Окуу планына ылайык кафедранын окутуучулары 34 дисциплинаны тейлейт.

  Секциянын курамында  5 штаттык окутуучу,  кош жумуш аткаруучулар 6 окутуучу эмгектенишет. Алардын ичинде: илимдин кандидаттары 3.

                                       Профессордук- окутуучулар курамы
 Мадмарова Эльнара АбдувалиевнаЮридика илимдеринин кандидаты
 Уметов Эрмек АсановичФилософия илимдеринин кандидаты, доцент
 Турсалиева Гулия ЖакыпбековнаСоциология  илимдеринин  кандидаты
 Чалабаева Жазгул Айбашовнаокутуучу
 Наржигитова Клара Жанусаковнаокутуучу
 Өмурзакова  Савлем Токтоновнаокутуучу
 Бекмуратова Динара Замировнаокутуучу
 Батырбаева Жылдыз Сулаймановнаокутуучу
 Узакбаева Жакшыгул Аскарбековнаокутуучу
 Акматова Эльвира Айткуловнаокутуучу
 Батырбек кызы Айнураокутуучу

“Укук таануу” адистигинин окутуучулары ар бир окуу жылында кесиптик билимдерин жогорулатуудан өтүшүп, натыйжада семинар, тренингдерди өтүү аркылуу окутуучулар менен тажрыйбасын бөлүшүп келишет. Окуу процессинде тиешелүү графиктин негизинде заманбап технологияларды, интерактивдүү ыкмаларды колдонуп, теория менен практиканы айкалыштырып, натыйжалуу ачык сабактарды өтүшүүдө.

Уюштуруу- усулдук иштеринде секциянын окутуучуларынын профориентациялык иштери:

Илимий-изилдөө иштери

Илимий студенттик  конференция

Укук таануу жана коомдук дисциплиналар  секциясынын окутуучулары тарабынан ар бир окуу жылында студенттик илимий конференцияларда студенттер ийгиликтерди жаратып келүүдө. Ошондой эле, айрым студенттердин илимий макалалары азыркы замандын  талабына ылайык стартап бизнес проектиге багытталууда.

Укук таануу жана коомдук дисциплиналар секциясынын окутуучулары ар бир окуу жылында окуу планынын негизинде иш беүүчүлөр менен тегерек столдорду өткөрүп жана  университеттин, колледждин, жалпы эле облустук деңгээлдеги маданий- массалык, спорттук иш — чараларга активдүү катышып келишүүдө.

Укук таануу адистигинин өндүрүштүк практикаларынын жүрүү процесси

Укук таануу адистигинин бүтүрүүчүлөрү

Прокрутить вверх