Гуманитардык дисциплиналар секциясы

Гуманитардык дисциплиналар секциясы  2009-окуу жылында Гуманитардык илимдер секциясы деген ат менен уюшулган. 050303 “Чет тили” адистигинин күндүзгү окуу формасында 9 жана 11-класстын базасында кабыл алып, чет тили мугалими квалификациясына ээ болгон студенттерди даярдайт. 2009-2013 окуу жылына чейин адистик чыгарылып, бирок Билим Берүү Министрликтин жарлыгы менен педагогикалык багыттагы адистиктердин орто кесипке ээ болуусуна бөгөт коюлуп, 2014-2018 – окуу жылына чейин “Чет тили” адистиги кыскартылган. 

2016-2017 окуу жылына “Китепкана таануу” адистиги ачылган. Ал эми 2018-2019-окуу жылына кайрадан “Чет тили” адистиги ачылган. 2023-2024-жылга карата жалпы студетттерди даярдап келүүдө.

Секция башчысы Рыскулбекова Асель Казаковна.

Билими: Жогорку. ТалМУ 2004-жылы аяктаган

Адистиги: Англис тили мугалими

Гуманитардык дисциплиналар секциясынын окутуучулары окуу процессинде заманбап кесиптик компетенттүүлүккө ээ, атаандаштыкка жана ийгиликтүү карьералык өсүүгө жөндөмдүү адистерди даярдоо үчүн төмөндөгү негизги максаттарды алдыга коюу менен иш алып барышып, окуу иштери, уюштуруу – усулдук иштери, илим – изилдөө жана тарбиялык иштер боюнча иш пландарынын негизинде иш жүргүзүп, төмөнкү максаттарды алдыга коет:

1.Окуу – усулдук көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу жана аларды колдонуу;

2.Окутуучулардын негизги илимий-теориялык жана методикалык деңгээлин көтөрүү;

3. Компетенттүү мамилелердин негизинде студенттердин билимин модулдук- рейтинг системада баалоо жана  анын методдорун иштеп чыгуу;

4. Республиканын жана Талас аймагынын заманбап кесиптик компетенттүүлүккө ээ, атаандаштыкка жана ийгиликтүү карьералык өсүүгө жөндөмдүү адистерди даярдоо.


Секциянын жамааты


Рыскулбекова Асель Казаковна  
Аязбекова Амангүл Дүйшенбековна
Атыканова Айнура
Алымкулова Калима
Исаева Аида Кубанычбековна
Асанбекова Зарина
Казыбаева Нурзат Советбековна

Секциянын түптөлүшүнө  Жазуучулар союзунун мүчөсү Бекназарова Касиет  Бекназаровна, Билим берүүнүн мыктысы Аязбекова Амангүл Дүйшенбековна, Байдөөлөтов Майрамбек Караевич, Поминова Галина Леонидовна, Майчинова Айна, тил илими багыты боюнча магистр Жоробекова Бактыгул Советбековна, Усупжанова Асель, Осмоналиева Жаркын Бейшенбековна, Ибраимова Аида Молдозаковна, Алымкулова Калима, Аскарова Назира Курманбековна, Орозумбетова Назира Бөрүбаевна, Казыбаева Нурзат Советбековнанын салымдары чоң. 2011-2024-жылдар аралыгында секция башчысынын милдетин Аязбекова Амангүл Дуйшенбековна аткарып, секциянын иштеринде ийгиликтүү иштерди аткарып келди. Секциянын жамааты менен бирге колледжге жана секцияга тиешелүү иш кагаздарын, окуу жана тарбиялык иштеринде алгылыктуу иштерди жасап келди. Анын жыйынтыгында секциянын аткарган жалпы иши бааланып, 2013-жылы жана 2017-жылы жыл жыйынтыктарында “Мыкты секция” наамына татыктуу болгон. 2023-2024- окуу жылга карата Рыскулбекова Асель Казаковна секция башчылыгына дайындалды.

Гуманитардык дисциплиналар секциясында 2023-2024 -окуу жылына  карата 16 окутуучу эмгектенет. Анын ичинен 4 окутуучу кош жумушчу. Секцияда окутуучулар тарабынан  жумушчу программа жана ОМК жана тесттер убагында даярдалып, Е билим системасына жүктөлүп, студенттерге тиешелүү көрсөтмөлөр берилип турат. “Чет тили” адистиги  Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандартынын жана мамлекеттик типтүү пландардын талаптарына ылайык негизги билим берүү программалары (НББ) иштелип,  адистиктин окуу планы тышкы стейкхолдерлердин(иш берүүчүлөр, бүтүрүүчүлөр) макулдашуусу менен каралат.

  • 2022-2023-окуу жылындагы стейкхолдерлер менен жолугушуу учуру

Окуу процесси мамлекеттик окутуу стандарттарынын негизинде окуу пландарынын, модулдук иш программаларынын негизинде жүргүзүлөт. Студенттердин билим деңгээлин текшерүү модулдук-рейтингдик системада бааланып, ОМК, жумушчу программаларда студенттерге коюлган талаптар эске алынып, баалоо жүргүзүлөт. Студенттер тиешелүү баага жетүү менен стандарттык талаптарга жооп берип, өз алдынча жыйынтык чыгарууга жана ага жетишүүгө шарт боло алаары анык болот. Студенттер сабакка колледждин китепканасы жана интернетке кошулган компьютердик класстардан маалымат алууга, сабактарына даярданууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Гуманитардык дисциплиналар секциясынын окутуучулары  кыргыз, орус жана чет тилдери менен кыргыз адабияты, орус адабияты, чет тили (англис тили) сабактары боюнча билим беришип, аталган предметтерди тейлешет.

Секциянын окутуучулары окуу жайда жылына каралуучу “Мыкты окутуучу”, “Мыкты куратор”, “Мыкты аспирант, изденүүчү” деген конкурстарга да катышып келишет. Алсак, Erasmus Mundus программасынын алкагында республикалык жана эл аралык деңгээлде Европанын университеттеринен  өз билимин жогорулатып келген Н.Казыбаева 2021-2022-окуу жылында “Мыкты окутуучу” конкурсунда жеңүүчү болуп табылган. 2019-2020-окуу жылында “Мыкты куратор” Н.К.Аскарова. ал эми 2021-2022-окуу жылында Н.Б. Орозумбетова үзүрлүү эмгектери менен бааланып, “Мыкты куратор” номинациясына ээ боло алган.

 Секциянын окутуучулары окуу жайдын өнүгүшүнө бардык аракетин жумшап, кесиптик окуу жайдын талаптарына жооп берүүсүнө көңүл буруу менен студенттерге илимий негизге таянып, кызыктуу лекцияларды окууга жана  практикалык сабактарды интерактивдүү методдор менен жеткиликтүү кылып  окутууга аракеттенишет. Секциянын окутуучулары жыл башында түзүлгөн графиктин негизинде университеттин жана колледждин алкагында ачык сабактарды өтүп келишет.

  • 26.02.22 Гуманитардык дисциплиналар секциясынын окутуучусу Н. С. Казыбаева “Бектур агай ” лицейинде Дүйнөлүк тилдер айлыгында “Англис тили” жумалыгын уюштуруп, “Mr.Duffy’s workshop” деген темада ачык сабак өттү.

Секциянын окутуучуларынын эмгектери бааланып, Талас шаарынын губернаторунун, Талас шаардык мэриясынын Ардак грамотасы. Ошондой  эле, ТалМУнун, колледждин, ТалМУнун кошундар уюмунун жана башка мекемелердин Ардак грамота, ыраазычылык каттары  менен сыйланып келишет.

Талас мамлекеттик университенин профессордук-окутуучулар жамаатынын рейтингин аныктоодо илимий жана эл аралык байланыштар иштери боюнча жогорку көрсөткүчү үчүн да гуманитардык дисциплиналар секциясынын окутуучулары Ардак грамота менен сыйлангандары бар. Ошондой эле, 2023-24-окуу жылда 8-декабрда Мамлекеттик тилдин жана Ч.Айтматовдун  95 жылдыгынын 3 айлыгын жыйынтыктоо иш-чарасында секциялардын иш кагаздары текшерүүдө ГД секциясынын иш кагаздарынын жүргүзүлүшү “эң мыкты” деп табылды.

  • 17.04.2024 “Мамлекеттик тилди окутуунун заманбап методдору” аттуу республикалык ЖОЖдор аралык сынактын Жобосуна ылайык конкурс уюштурулуп, ага ТалМУнун алдындагы КОБББнын (колледж) окутуучусу А. Исаева “Неологизмдер” деген темада инновациялык ыкмаларды колдонуп, ачык сабак өттү.

  Секциянын окуу-усулдук иштери


Гуманитардык дисциплиналар секциясынын окутуучулары тарабынан окуу – усулдук иштердин негизинде  окутуучулардын илимий – теориялык жана методикалык деңгээлин көтөрүү максатында 2017-жылы  “Билим –  кенч, эмгек анын ачкычы” деген темада тренинг- семинар, 2018-жылдын 19- апрелде “Окуу көндүмдөрүн үйрөнүүнүн негиздери” аттуу темадагы Н.Казыбаева, Б.Жоробекова университеттин деңгээлинде семинар-тренинг өткөрүштү.

  • 24-26.01.2023 Гуманитардык дисциплиналар секциясынын окутуучулары Б. С. Жоробекова “Балдар китептерин предметтерде колдонуу” жана  А. Исаева “А. Осмоновдун өмүрү жана чыгармачылыгы” аттуу темаларда чебер- класс өтүп жаткан учуру.

17- ноябрь 2023- жылы окутуучу Б.Жоробекова “Окуу керемет” проектиси аркылуу “Окутууда “Окурмандын пикири” стратегиясын колдонуудагы жетишкендик” аттуу тегерек столго баяндама жасады.

Гуманитардык дисциплиналар секциясынын окутуучулары  өз билимдерин жогорулатып, ар кандай семинарларга катышып келишет. Алсак, акыркы 2021-2022-окуу жылына карата  Б.Жоробекова “Peardeck онлайн окутуу”  36 саат. ”Кыргыз жараны” тренинг, “Кызыктуу сабак өтүүнүн заманбап ыкмалары” курсу 72 саат. А.Аязбекова, Н.Казыбаева, Н.Орозумбетова   “Методика преподавания тюркских, русского и английского языков”, “The hour of code”, “Чет тилин окутуунун заманбап  технологиялары” 72 саат, “English for media literacy”. 2022-2023-окуу жылына “Окуу  керемет ” 104 сааттык семинарда Б.Жоробекова сертификатка ээ болду. 2023-24-окуу жылда Атыканова А, Омурбаева А., Жоробекова Б., Исаева А. министрликтин алдындагы квалификацияны жогорулатуу институту тарабынан “Окутуунун сапатын башкаруунун методдору жана стратегиялары” деген темадагы 72 сааттык семинарга катышып, сертификатка ээ болушту. Ал эми ААОПО тарабынан ОПОП жазуу боюнча өткөрүлгөн семинарга англис тили окутуучусу Н. Орозумбетова катышып, сертификатка ээ болду.

Гумантардык дисциплиналар секциясынын окутуучусу Б.Жоробекова USAIDдин “Окуу керемет! ” долбоорунун негизинде “Башталгыч класстарда математикалык көндүмдөрдү баштапкы баалоо” аттуу семинар-тренингде

10.03.2024 Талас мамлекеттик университеттин алдындагы Түрк тилин үйрөтүү борборунан ТалМУнун алдындагы КОБББнын (колледж) гуманитардык дисциплиналар секциясынын окутуучулары Н.К. Аскарова, Д. Ш. Ибраимова Түрк тили боюнча сертификаттарга ээ болушту


Секциянын илимий-изилдөө иштери


Секцияда илимий-изилдөө иштери боюнча илимий изилдөөчүлөрдүн да катары толукталууда. Ага А.Аязбекова, Б.Жоробекова, К.Алымкулова, Н. Казыбаевалардын  илимий макалалары  жарык көрдү. Ошондой эле, студенттерди илимий-практикалык конференцияларга катышуусуна да, секциянын окутуучулары жетекчи катары иш алып барышат. Ал эми  А.Аязбекова,  Б.Жоробекова, К.Алымкулова, Н.Орозумбетова, Н.Казыбаеванын усулдук- колдонмолору жарыкка чыкты.

Методикалык колдонмоИлимий-практикалык конференциялар Студенттердин илимий- практикалык конференцияларга катышуусу
 2021-жылга 1. АязбековаА. Иностранный язык методический указатель по изучению грамматики англ.языка и по выполению грамматических заданий для студентов очного обучения неязыковых специальностей.  2. Жоробекова Б.С. Эне тили. Педагогика жана башталгыч билим берүү багытындагы адистиктердин студентеринин практикалык сабактарды аткаруу үчүн методикалык колдонмо 3. Жоробекова Б.С. Кыргыз тили жана адабияты дисциплинасы боюнча 2-курстун бардык студенттери үчүн практикалык сабактарды аткаруу үчүн методикалык колдонмо. 4. Казыбаева Н.  “Теоретическая фонетика английского языка”  дисциплинасы боюнча практикалык сабактарга карата лекциялардын топтому. 5. Алымкулова К. 1-курстун студенттери үчүн кыргыз тили предмети боюнча методикалык колдонмо. 6. Алымкулова К. Жазгыч акындар жөнүндө түшүнүк берүү боюнча методикалык колдонмо. 1-курстун студенттери үчүн . 7. Орозумбетова Н. Англис тилинин грамматикасы боюнча 1-2- курстун студенттери үчүн усулдук колдонмо.2014-жылга. Жоробекова Б. 1.ТалМУ конференция 2014-ж. “Татаал сөздөрдүн лексико-грамматикалык маанилери” 2. “Манас” эпосундагы жаш муундарга мекенчил тарбия берүүнүн орду 2015-жылга. Ж.Баласагын ат. КУУ “Жарчысы”  2015-ж. “Т.Сатылганов-көп кырдуу акын” 2018-жылга 1. Аязбекова А. Ч.Айтматовдун “Кылым карытаар бир күн” романындагы маңкуртчулук темасынын интерпретацияланышы. № 10 2018 2. Жоробекова Б.С. Ч.Айтматов жана адамзат темасы № 10 2018 2019- жылга 1. Аязбекова А. Адеп-ахлактын коомдогу орду. № 5 2019 2. Жоробекова Б.С. Кош сөздөрдүн компоненттериндеги түзүлүү өзгөчөлүктөрү. № 5 2019 2020- жылга 1-2. Жунусалиева К., Жоробекова Б., Алымкулова К. “Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы каармандардын күрөшчүл образынын сүрөттөлүшүнүн көркөм иликтениши” № 5 20202021-жылга 1. “Билим берүү жана илимди өнүктүрүүнүн заманбап тенденциялары жана келечеги” аттуу республикалык илимий-практикалык конференция.  Эсенбеков Н. КА-18 Ihtegratihg e-learhihg books ihto ehglish lessons to improve students speaking skils. Жетекчиси Казыбаева Н. 2023- жылы Жетекчиси Н.Казыбаева  “Enriching students vocabulary using mnemonictechnigues” КА-1-20 группасынын студенти Таалайбек кызы Адина Жетекчи: К.Алымкулова КЭБ-1-22 Эркинбекова Адинай. 2024-жылга Талас шаарынын 80 жылдыгына карата “ Илимге карай жол: Жаштар жанан инновациялар” аттуу студенттик илимий-практикалык конференция. Жолчубекова А. КЭБ-1-23 “Ч.Айтматовдун чыгармалары окурмандын дүйнө таанымына тийгизген таасири” жетекчиси: К.Алымкулова.Канатова А. КА-1-22 “Фразеологизмдер менен макал-лакаптардын карым-катнашы” жетекчиси: Исаева А.Мирланова М. КП-2-22 “Кабылдоонун эволюциясы” жетекчиси: Жоробекова Б., Абдиева Э. КА-1-23 Бекмамбет Атаканов, жазуучу: “Сибирде өткөн күндөрүм романга айланды” жетекчи: Наржигитова А., Сарыгулова А. КАС-1-23 “Взаимоотношения человека и природы в произведениях Ч.Айтматова и В. Астафьева” жетекчиси: Осмоналиева Ж., Темирбекова А. КА-2-23 “Талисман верности (стихотворение К. Симонова “Жди меня”) жетекчиси: Аскарова Н.Сагынбекова А. КА-2-23 “Омар Хаям нас объдиняет как любимый поэт”. Жетекчиси Аскарова Н.  

            Гуманитардык дисциплиналар секциясынын студенттерди тарбиялоо иштери


             Секциянын окутуучулары “Чет тили” адистиктеринин группалары үчүн кураторлук иштерди алып барышат. Кураторлор студенттер менен тарбиялык иштер боюнча иш жүргүзүп, студенттерди мекенди сүйүүгө, урматтоого, улуттук каада-салтты билүүгө, барктоого, ата-энени сыйлоого жетишишет. Ошондой эле, атуулдук ариетти сактоого жана талыкпас эмгек аркылуу өнөр-билимге, жөндөмдүүлүкө ээ болууга тарбияланышат. Гуманитардык дициплиналар секциянын окутуучулары Аскарова Назира КА-1-21, Рыскулбекова Асель КА-2-21, Орозумбетова Назира КА-1-23, Исаева Аида КА-1-23, Наржигитова Азиза КА-1-1-23, Алымкулова Калима КГР-1-22, Осмоналиева Жаркын КЭС-1-23, Кузерова Азима КПР-1-23 группаларына куратордук иш алып барышат. Кураторлор планга ылайык группадагы студенттер менен окуу жай тарабынан бекитилген иш-чараларга жүргүзүп, андан тышкары  район, облустук, республикалык деңгээлдеги иш-чараларга активдүү катышып келишет. Алсак, секциянын окутуучулары студенттер менен бирге “Көчмөндөр оюну”, “Русский язык в глобальном контексте” аттуу  илимий-агартуучулук форум-марафон, “Кыргызстанда мамлекеттик тилде билим берүү” аттуу республикалык марафонуна ж.б. иш -чараларга  катыша алышты.

Ошондой эле, секциянын окутуучулары студенттерди тарбиялоо иштеринде  ар кандай темада маданий иш-чара өткөрүшөт. Алсак, “Кыргыз тили  – Манас бабам сүйлөгөн тил”, “Кызга кырк үйдөн тыюу”, “Мугалим мөмөлүү дарак”, “Карысы бардын ырысы бар”, Тарых жана ата бабаларды эскерүү күнү, Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата “Ч. Айтматов – дүйнө жазуучусу”    . 4-декабрь Манас күнүнө карата “Манастай болсо беделиң, элге тиер керегиң”, “Манас ” эпосу Кыргызстан тарыхынын көөнөргүс  булагы” ж.б. кураторлук сааттарды өтүп келишти. Аларды 2023-24-окуу жылга карата атап өтсөк, анда:

  • 20.09.2023-жылы  “Эне тилим- сыймыгым” секциянын кыргыз тилчи окутуучулары даярдашты.
  • 01.11.2023- жылы “Эне тил жана Ч.Айтматов”  КА-1-22 группасы менен окутуучу А.Исаева ачык тарбиялык саат өткөрдү.
  • 28.11.2023- жылы “Эне тил –байлыгыбыз, Айтматов – сыймыгыбыз” КПР-1-2-23, КСК-1-2-23 группалары менен окутуучулар Асанбекова З. жана Кузерова А. көркөм- адабий иш-чара өткөрүштү.
  • 29.11.2023-жылы ГД секциясынын кыргыз тилчи окутуучулары тарабынан даярдалган студенттик команда “Айтматовдук окуу” конкурсунда ТТПФтин студенттери менен таймашууда 1- орунду ээлешти. 
  • 30.11.2023- жылы “Ч.Айтматов – ааламдын алп жазуучусу”  КА-2-23 группасы менен окутуучу Н. Орозумбетова тарбиялык саат өттү.
  • 04.12.2023жылы “Манас- кыргыз элинин рухунун туу чокусу”   КА-1-23 группасы менен куратор А.Наржигитова тарабынан өткөрүлдү.

 Эне тил күнүнө карата “Эне тили-эл жүрөгү” аттуу темада секциянын окутуучусу А.Наржигитова колледждин деңгээлинде ачык кураторлук саат өттү.

 ГД секциясынын кыргыз тилчи окутуучулары тарабынан даярдалган студенттик команда “Айтматовдук окуу” конкурсунда ТТПФтин студенттери менен таймашууда 1- орунга ээ болушту.

 “Айтматовдун чыгармалары искусстводо, сахнада, көркөм сөз өнөрүндө”  аттуу структуралар арасындагы конкурска  ГД секциясынын окутуучулары студенттерди даярдап, 2- орунга ээ болушту.

ГД секциясынын окутуучулары 2021-жылдын 3-декабрында окутуучу Жоробекова Б.С. структуралар арасында өткөрүлгөн “Манастаануу” таймашына студенттерди даярдап чыгып, 2-орунду багындырып келген. Катышкан студенттер ТалМУнун Ардак грамоталарына ээ болушушкан. Анын ичинен “Мыкты Манас айтуучу”, “Өз ара суроолорго жооп берүү” номинацияларына да ээ болушкан.

2021-жылдын 8- декабрда окутуучу А.Наржигитова мамлекеттик тилдин 3 айлыгына карата “Дил бермети – тил” аттуу  адабий музыкалык кечени КП-1-21 группасынын студенттери менен жогорку деңгээлде өткөрдү.

2021-жылы 8-декабрда улуу жазуучу Ч. Айтматовдун туулган күнүнө карата “Манас десең кыргыз деп бил, кыргыз десең Чыңгыз деп бил!” аттуу темада студенттер менен адабий-музыкалуу кече окутуучу Жоробекова Б. тарабынан өткөрүлдү.

2022-жылы 6- июнда кыргыз тили окутуучулары Исаева А. жана Наржигитова А. Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына карата ачык тарбиялык саат өткөрүштү.

ГД секциянын окутуучулары мындан сырткары университет, республиканын деңгээлинде да иш-чараларга катышып, ийгиликтери бар. 2021-жылы 17-ноябрдан  26-ноябрга чейин “Русский язык в глобальном контексте” аттуу эл аралык илимий-таануучулук марафон В.М. Шукшин атындагы Алтай мамлекеттик гуманитардык, педагогикалык университети менен биргеликте ТалМУда өткөрүлдү. Марафондун программасында педагогикалык чеберчилик боюнча Орусиянын жана Кыргызстандын орус тилчи – педагогдору ар кандай конкурстарга катышып, ачык сабактарды, чеберчилик-сабактарды жана адабий кечелерди өткөрүштү. Биздин секциянын окутуучулары да активдүү катышып дипломдорго, сертификаттарга ээ болушту. Ага  А. Атыканова “Имя прилагательное” ачык сабак, Н.Аскарова “Род имен существительных” ачык сабак, Ж.Осмоналиева, А.Омурбаева  “Поэзия Серебряного века” адабий кече өткөрүштү.

ГД секциясынын окутуучулары жана студенттери В.М. Шукшин атындагы Алтай мамлекеттик гуманитардык, педагогикалык университетинин меймандары менен.


Ж.Осмоналиева, А.Омурбаева  “Поэзия Серебряного века” адабий кече.

Н.Аскарова “Род имен существительных” ачык сабак учуру.

А. Атыканова “Имя прилагательное” ачык сабак учуру.


Ал эми 2021-жылы 9-11-декабрга чейинки аралыкта ТалМУда өткөрүлгөн “Мамлекеттик тилде билим берүү” аттуу республикалык марафон болуп өттү. Марафонго Б.Жоробекова “Ономастика” чеберчилик-класс, К.Алымкулова “Ж.Турусбеков – өмүрү, чыгармачылыгы” ачык сабак, А.Наржигитова, А.Исаева  “Поэзия дүйнөсүнүн падышасы- Алыкул” аттуу темада адабий кече өткөрүшүп, диплом, сертификаттарга ээ болушту.

2023-жылдын 27-апрелде  А. К. Атыканова колледждин студенттери менен 9- май Жеңиш күнүнө карата Улуу Ата Мекендик согушка катышкан акын – жазуучулардын элесине арналган адабий кече өткөрдү.


       Студенттердин окуп-таанышуу, окуу педагогикалык жана квалификация алды практикалары.


Гуманитардык дисциплиналар секциясынын “Чет тили” адистигинин студенттери окуу планына ылайык Талас шаарынын мектептери менен түзүлгөн келишимдин негизинде окуп-таанышуу, окуу педагогикалык жана квалификация алды  практикаларын өтөп келишет. Практика учурунда студент-практиканттар мектеп менен таанышууга, андагы келечек ээлери, окуучулар менен тыгыз байланышта болуп, окуу жайдан барган методисттер менен жана мектепте бекитилген мугалим менен бирге теорияны практика менен айкалыштырууга жетишишет. Талыкпаган иш-аракети менен гана ийгиликтүү натыйжага жетери анык. Ошондуктан студенттер практика учурунда тажрыйба топтоп, аны андан өнүктүрүүгө бет алышат. Анын аркасынын студент-практиканттар келечекте өз кесибинин компетенттүү, конкуренцияга туруштук бере алган кесипкой адис болот деген ишенимибиз бар. Практикада көрсөткөн жоопкерчиликтүү мамилеси менен, аткарган иштери менен мектеп администрациясы тарабынан ыраазычылк каттарга да ээ болушуп, алкоолорго татыктуу болуп келгендери кубандырат. Студенттер практикага чыгаардан мурун багытоочу конференция уюштурулуп, практика учурунда аткарылуучу иштер тууралуу маалымат берилет. Ал эми практиканын жыйынтыгы менен жыйынтыктоочу конференция өткөрүлүп, студенттердин практикадан алган тажрыйбалары менен ич ара тажрыйбаларын бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

“Чет тили” адистиктеринин 2-3- курстары үчүн  жыйынтыктоочу конференциясы.

Жыйынтыктоочу конференцияда “Мыкты практикант” конкурсу уюштурулат. Берилген критерийлерге жооп берген студент-практикант гана ийгиликке жетише алат. Алсак, 2021-2022-жылдын “Мыкты практикант” конкурсунун жеңүүчүсү КА-1-19 группасынын студенти Уларбеков Дастан боло алган.


Гуманитардык дисциплиналар секциясынын материалдык-техникалык жабдылышы


     Гуманитардык  дисциплиналар секциясына 3 предметтик жана 1 усулдук кабинети тиешелүү. Предметтик кабинеттерге: кыргыз тили жана кыргыз адабияты, орус тили жана орус адабияты, англис тили кабинеттери. 2023-жылы Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата “Ч. Айтматов кабинети” секциянын демилгеси менен уюшулду.

 Секцияга тиешелүү бардык кабинеттер эстетикалык жактан талапка ылайык жабдылып, предметине жараша стенддер илинген. Ал эми англис тили кабинетинде сабактарда колдонуу максатында телевизор жана  DVD техникалык  каражаттары бар. Аудиторияларда   студенттер үчүн парталар, окутуучу үчүн отургуч, доска илинип  коюлган. Окутуучулар үчүн уюшулган усулдук кабинети да эстетикалык жактан талапка ылайык жабдылып, иш кагаздарына керектүү материалдар, папкалар, портфолиолор, буклеттер жана интернет түйүнү менен туташтырылган  2 комьпютер принтери менен жайгаштырылган.


 Гуманитардык дисциплиналар секциясынын окутуучулары жана студенттер тарабынан уюштурулган ар кандай темадагы (адабий кече, тегерек стол, сармерден, таймаш ж.б.) маданий иш-чаралардан көз ирмем.


Гуманитардык дисциплиналар секцисынын “Чет тили” адистигинин  бүтүрүүчүлөрүбүз заманбап кесиптик компетенттүүлүккө ээ, атаандаштыкка жана ийгиликке карьералык өсүүгө жөндөмдүү адис катары  облусубуздун мектептеринде  иштеп жатышат.

Прокрутить вверх