Табигый дисциплиналар секциясы

2009-жылы  ТалМУнун алдындагы КОБББда Табигый дисциплиналар секциясы уюшулган. Секциянын башчысы болуп Ташматова Жыпар Таалайбековна дайындалган.

Секция 2011-окуу жылынан баштап “Башталгыч класстарга билим берүү” адистиги ачылгандыгына байланыштуу  Табигый-педагогикалык секциясы болуп өзгөрүп, секция педагогика багытындагы төмөндөгү 2  адистикти дайындап чыгарган.

0312 «Башталгыч класстарга билим берүү»
0313 «Мектепке чейинки мекемелерге билим берүү»

2012-окуу жылынан баштап  «Китепкана таануу», адистиктерин даярдай баштады.

2015-жылдан баштап  Табигый дисциплиналар секциясы деген аталыш менен түзүлдү жана бүгүнкү күндө секция “Дене тарбия”  адистиктерин тейлеп келүүдө.

Табигый дисциплиналар секциясынын негизги максаты  жана милдети болуп,  жеткиликтүү билим берүү, Республиканын жана Талас аймагынын туруктуу социалдык экономикалык жактан өнүгүүсү үчүн компетенттүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо болуп саналат.

Бүгүнкү күндө “Дене тарбия” адистиги боюнча 54 студент окуп билим алышууда жана бүтүрүүчүлөр  кесиптик орто билимге ээ болушту.

Учурда “Табигый дисциплиналар” секциясында 14 окутуучу, анын ичинен 10 окутуучу штатта, 2 окутуучу ички кош жумушчу, 2 окутуучу сырткы кош жумушчу эмгектенет. Анын ичинде:  3 дене тарбия жана спорттун отличниги жана 1спорттун мастери эмгектенет. Булардын ичинен 10 окутуучу колледждин штаттык курамында турат.

Секция башчысы – Ташматова Жыпар Таалайбековна

Билими жогорку, КМУ им Ж.Баласагын

Адистиги- География мугалими

050721 “Дене тарбия” адистигинин күндүзгү окуу формасында 9 жана 11-класстын базасында кабыл алып, дене тарбия мугалими квалификациясына ээ болгон студенттерди даярдайт. 2023-24- окуу жылында секция башчысы Ж.Т.Ташматованын  мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу ордуна А.Ж.Шакиева  дайындалды.

Секция башчысы -Шакиева Айзина Жанышовна

 Билими- жогорку,КГПУ им.И.Арабаева,1999ж

  Адистиги – химия,биология мугалими

Прокрутить вверх