Путеводитель студента ТалГУ

КЫРГЫЗ  РЕСПУБЛИКАСЫНЫН  БИЛИМ БЕРҮҮ  ЖАНА  ИЛИМ

МИНИСТРЛИГИ 

ТАЛАС  МАМЛЕКЕТТИК   УНИВЕРСИТЕТИ

Талас-2019

Справочник – жол  көрсөткүч Талас мамлекеттик    университетинин  студенттерине арналат.

Справочник – жол  көрсөткүч  университет  тууралуу   жалпы   маалыматтарды, кредиттик технология  боюнча   окуунун   шарттарын  жана  уюштурулушуна  түшүндүрмөлөрдү, глоссарий, мындан   тышкары  негизги  обьекттердин даректерин  жана Талас шаарынын  кызыктуу   жерлеринин, ТалМУнун  структуралык   бөлүмдөрүнүн  жана  жетекчиликтин  байланыш  телефондорун кошумча сурап–билүүчү  материалдарды камтыйт.

Справочник–жол   көрсөткүчтү  иштеп  чыгууда  Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  2012–жылдын 29–майындагы №346  токтому   менен   бекитилген.

“Бакалавриат  адистиктеринин окуу сессиясын өткөрүү жана академиялык карыздарды жоюу боюнча”, “Студенттерди которуунун, окуудан чыгаруунун жана окууга калыбына келтирүүнүн тартиби жөнүндө жобо” ж.б. жоболору  пайдаланылды.

Кымбаттуу  достор!

Талас   мамлекеттик   университети – студенттерди  күндүзгү  жана   аралыктан  окутуу  технологиясы  боюнча   сырттан   окутууну  жүргүзөт.

Талас   мамлекеттик  университети  2000–жылдын   сентябрь  айында расмий  окуу  жай   катары   түзүлгөн.

20 жылдын  ичинде биз алдыбызга мамлекеттик  билим  берүү  системасында  Кыргызстандагы ЖОЖдордун арасында  алдыңкы катарда  болууну   максат  кылып  койгонбуз. Бул максат биздин   стратегиялык оюбузду  билдирет.

Университеттин билим   берүү  саясатындагы  миссиясы  жана  стратегиясы  сапаттуу   билим берүүгө   негизделген.

Биз башынан эле ишмердүүлүгүбүздүн бардык  жактарында: окуу, илимий–изилдөө, педагогикалык, тарбия  берүүчүлүк, башкаруу, финансы–экономикалык, чарбалык  ж.б. жактарында сапатты  жогорулатууга  умтулуп  келгенбиз. Биздин эң биринчи  маселебиздин предмети – жогорку класстагы  профессордук–окутуучулар  курамын  тандоо, окутуунун   жана  тарбиялоонун   мыкты   методдорун  иштеп   чыгуу, мыкты  информациялык–техникалык  каражаттарды  топтоо, материалдык   жана   финансылык   ресурстарды, функцияларды  жана  милдеттерди  оптималдуу   жол менен   бөлүштүрүү  аркылуу  башкаруунун   деңгээлин   жогорулатуу.

Билим   берүү   процессинде билим   алуучулар   тарабынан эң аз   сын–пикирлер, студенттердин  жана  аспиранттардын  талаптарын эң  жогорку  деңгээлде  канааттандыруу– бул  биздин   максатыбыз. Биз  студенттерге  эмне  кызыктуу   жана   пайдалуу   болсо, университетке  да   ошол   кызыктуу  жана  пайдалуу  деп  ойлойбуз. Студент–билим  берүүнүн  обьектиси  гана  эмес, биздин   ишмердүүлүгүбүздүн   катышуучусу.

Биз  өзүбүздүн   университетибизди  идеализациялабайбыз  жана  ачык   айтабыз: бизде  да   кемчиликтер бар. Эгер  алар   болбосо, таң  калыштуу  болмок, азыр   аларды   санап  отуруу  андан да  таң  калыштуу  болмок. Эң   негизгиси, биз   алар   жөнүндө   билебиз  жана  жоюуга   умтулабыз!

Урматтуу  студенттер! Силердин  билим  алууңардын   ар  бир  күнү өсүүнүн  күчүн  өз  ичине   силерди  камтыйт, ошондуктан силердин   күндөрүңөр   максатсыз  эмес.

Сиздерге илимий, чыгармачылык  жана   спорттук  жетишкендиктерди, келечекке  чексиз  ишенимде  кароону, эрктүүлүктү, нарктуулукту, ийгиликтерди  жана    жетишкендиктерди каалайм!

                                   ТалМУнун   ректору:                                Упенов А.Ш.

 

ТАЛАС  МАМЛЕКЕТТИК  УНИВЕРСИТЕТИ  ЖӨНҮНДӨ  ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ.

Талас  мамлекеттик  университети  (ТалМУ) Кыргыз  Республикасынын Президентинин  №189 25.07.2000- ж. буйругунун  жана  КРнын  Өкмөтүнүн  №546 04.09.2000- ж.токтомунун  негизинде  И.Арабаев атындагы  КМПУнун, КМУУнун  КМКТАУнун  (КГУСТА), КААнын Таластагы  филиалдарынын жана  Талас айыл чарба  техникумунун  базасында  уюшулган. ТалМУ юридикалык  субъект   катары  юстиция  органдарында  7.02.2000-ж. каттоодон  өткөн.

статусу:                                          Мамлекеттик   жогорку  окуу жайы

түзүүчүсү (учредитель):              КРнын Билим берүү жана  илим  министрлиги

каржылануусу:                            Республиканын өкмөтүнүн бюджети, контракттык                                                                   негизде  билим  алган  студенттердин төлөмдөрү,                                                                                                                               чарбалык ишмердиктен  түшкөн кирешелер,

демөөрчүлүк жардамдар.

ТалМУда 10 бакалавр багыты боюнча  -580100 “Экономика”, 550100 “Табигый илимдик билим берүү”, 550400 “Социалдык экономикалык билим берүү”, 530300 “Филологиялык билим берүү”, 550200 “Физико-математикалык билим берүү”, 550700 “Педагогика”,640200 “Электроэнергетика жана электротехника”, 520800“Жаратылышты колдонуу жана экология”,710200 “Информациялык системалар жана технологиялар”, 670300 ”Транспорттук процесстердин технологиясы”,“Айыл-чарбасынын бакалавры”  жогорку  билим берүү программаларынын  негизинде  билим  берүү  ишмердигин      жүргүзүүгө  Билим берүү  жана  илим  министрлигинин лицензиясына  ээ.

Европалык долбоордун  JEP -26179-2005   ТЕМПУС ТАЗИС негизинде “Айыл-чарбасынын бакалавры”   программасы ачылган.

Университетте   бардык   адистиктердин  өкүлдөрүн бириктирген  студенттик   парламент  түзүлгөн  жана бардык   багыттар   боюнча   иш   жүргүзүшөт.

ОКУТУУНУН  КРЕДИТТИК   СИСТЕМАСЫ  ЖӨНҮНДӨ

ЖОГОРКУ  БИЛИМДИН  КВАЛИФИКАЦИЯСЫ  ЖАНА  ДЕҢГЭЭЛИ

Окутуунун  кредиттик   технологиясы – өз   алдынча  билим   алуунун   деңгээлин жогорулатууга  жана  жекелештирүүнүн  негизинде билимди   чыгармачылык   менен өздөштүрүүгө, билим   алууда тандоонун  жолу жана билимдин  көлөмүн  кредит   түрүндө эсепке   алууга   багытталган  билим  берүү  системасы. Болон процессинин  принциптерине  ылайык билим   берүүчү   деңгээл  же   цикл  бакалавриат  кирет.

Бакалавриат – студенттин бакалавриаттык билим берщщдёгщ негизги программаларын ийгиликтщщ ёздёштщргёнщн жана жыйынтыктоочу аттестацияны ийгиликтщщёткёндщгщн тастыктаган жогорку кесиптик билим берщщнщн биринчи деъгээли.

Бакалавр – бакалавриаттын ёзщнщн тандап алган адистиги боюнча окуу программаларын ёздёштщргён жана ёздёштщрщп жаткан студент.

Бакалавриаттын программалары боюнча окутуу ар бир адистердин бекитилген окуу пландары жана окуу процессинин графиктери боюнча жщргщзщлёт.

Учурда Кыргызстан   үчүн  бакалавриаттын  күндүзгү окуу   формасында 4 жылга  эсептелген, аралыктан  окутууга (АО) 5 жылга   эсептелген программасы оптималдуу  болуп   саналат.

Бакалаврдык  деңгээл ага  ээ  болгон адамдын жогорку   билимге  ээ  болгондугун жана дипломунда көрсөтүлгөн  квалификация боюнча  жумуш  караштырууга   укуктуу   экендигин күбөлөндүрө   тургандыгын  өзгөчө   белгилөөгө   болот.

Магистратурага  бакалавриаттын   бүтүрүүчүлөрүнүн   айрымдары  гана тапшырышат. Магистр   даражасын   алууга илимий–изилдөө    иштерин   жүргүзүүгө шыгы  бар, өздөрү  тандаган  фундаменталдык  билимин тереңдетип   өздөштүрүүгө   шыгы   бар бакалаврлар   гана   талапкер  боло   алышат. Магистр  даражасы аспирантурага   тапшыруу   жана  илимий   даражаны   изденип   алуу   үчүн  диссертацияны   коргоого   мүмкүнчүлүк  берет.

Кыргызстандагы  университеттерде кредиттик  технологиялар  боюнча  окутууга  өтүү:

  • дүйнөлүк билим  берүү   мейкиндигине   чыгуунун  зарылдыгы;
  • билим алуучуларды билим берүүчү траекториянын калыптанышына катышууга тартуу;
  • билим алуучулардын   академиялык кыймылдуулугу;
  • айкын эмес   керектөөчүгө адистерди даярдоого багытталуу;
  • маалымат технологияларын   окуу   процессинде   жайылтуу.

  КРЕДИТТЕР  СИСТЕМАСЫ.

 

Зачеттук бирдиктер (кредиттер, кредиттин пункттары, ЕСТS –кредиттер) көлөм, студенттердин билим алууда короткон орточо убактысын   көрсөтөт. Лекция, практикалык сабак, семинарлар, окуу  программалары  менен   иштөө, практика китепканада  же  үйдө   өз алдынча иштөө, сынактар  жана  башка  аттестациянын   процедуралары   эске   алынат.

Мындай   болгондо, зачеттук   бирдиктер  студенттин  аудиториялык   жүктөрүн   эле  эмес, окуу  процессине   тиешелүү   короткон   убактысынын    бардык    түрлөрүн  эске   алат. Бул   студенттин    жумуш   жүктөмүнүн   абсолюттук   ченеми   эмес, салыштырма   ченеми  деп айтууга  болот. Студенттин жылдык   жумушчу   жүктөмү окуу    жүктөмүнүн  же   анын   бөлүмдөрүнүн   кайсы  бөлүмдөрү менен  салыштырылганын   аныктайт. Бул  салыштыруу билим берүүчү мекеменин компетенциясына кирет.

Силер билгендей, кредиттик  технология  силерге  сөзсүз окутулуучу  КР ББжИМи   тарабынан каралып сунушталган сабактар менен  катар силердин   тандооңордогу   сабактарды  да  божомолдойт.

1.Тигил же бул сабакты тандоо официалдуу каттоо жолу менен деканат  тарабынан    көзөмөлгө  алынат.

  1. Тандоо сабактарын аныктоо  кафедра башчы тарабынан   жүргүзүлөт. Кафедра тандоо сабактардын  каталогунан  ар бир   сабакка альтернативаларды сунуштайт. Сабактарды өздөштүрүүдө  ирээттүүлүктүн  сакталышы   боюнча   кеңеш  берет.

3.Күнү  жана  убактысын  каттоо академиялык  календарь  менен  аныкталат.

4.Сабактарды карап Сиз өзүңүзгө  жаккан  сабакты тандайсыз.

  1. Сабакка көрсөтүлгөндөн аз сандагы студентте жазылса, сабак окутулбайт.

                                СТУДЕНТТИН   ӨЗ   АЛДЫНЧА   ИШИ

      Студенттин өз алдынча иши (СӨАИ)– Окутуучу тарабынан  сунушталган  окуу–методикалык адабияттар, методикалык иштелмелер жана программалар менен туура   келген аныкталган темалардын  тизмеси  боюнча  тапшырмаларды   аткарып  өз   алдынча   иштөө.

Студенттердин ёз алдынча иштёёсщ жалпы расписаниеге коюлбайт, ал окутуучу тарабынан берилген жеке тапшырмасынын негизинде жщргщзщлёт. Студенттин бир окуу жылындагы кредиттик окуу жщктёмщ– 60, ар бир окуу семестрде – 30 кредит ёлчёмщндё белгиленип бекитилген.

СӨАИнин максаты – негизги билим берүүчү программаны студенттин толук көлөмдө  өздөштүрүүсү, эффективдүү, өз алдынча кесиптик ишмердүүлүктүн көндүмдөрүн  калыптандыруу  жана төмөнкүлөрдүн  эсебинен даярдоонун   сапатын   жогорулатуу:

  • жаңы билимдерди үйрөнүүдө жана ээ  болууда студенттердин   өз  алдынчалыгын   калыптандыруу;
  • студенттердин акыл эмгегинин   маданиятын   калыптандыруу;
  • студенттердин алган билимдерин жана көндүмдөрүн бекемдөө  жана тереңдетүү;
  • семестрдин ичинде студенттердин сабактарды системалуу окуп үйрөнүүсүн уюштуруу;
  • студенттерди боло  турган  сабактарга  алдын   ала  даярдоо;

СӨАИнин эмгекти  көп  талап   кылаары  билим   берүүчү программалардагы тиешелүү   окуу  пландарындагы бардык  сабактарда көрсөтүлөт.

Окуу сабактары боюнча СӨАИнин мазмуну силлабуста   берилет.

СӨАИге  кеткен убакыт жумушчу  окуу  планы  менен тартипке  келтирилет. Ар  бир   сабак боюнча өз алдынча  иштөөнүн  көлөмү жалпы көлөмдүн  50%ынан   ашпоосу   керек.

Тиешелүү сабактар бекитилген  кафедралар   тарабынан СӨАИнин   формалары иштелип чыгат жана бекитилет. СӨАИнин формаларын аныктоодо конкреттүү окуу   сабагынын мазмуну жана өзгөчөлүктөрү, сабактар аралык байланышы, студенттердин даярдыктарынын  деңгээли  жана  башка  факторлор эске  алынат.

СӨАИ  төмөнкүдөй   талаптарга  жооп   бериши  керек:

  • студенттин жеке  өзү   тарабынан   аткарылышы  керек;
  • белгилүү бир тема же анын өзүнчө   аспектиси боюнча   бүткөрүлгөн  иштелмесин  көрсөтүү керек;
  • теманы ачып  берүүдө автордун  компетенттүүлүгүн демонстрациялоо;
  • окуу жана  илимий–практикалык  багыттуулукка  ээ  болуу;

СТУДЕНТТИН  ӨЗ   АЛДЫНЧА   ИШТӨӨСҮНҮН   ФОРМАСЫ

СӨАИ окуу  планына  ылайык аткарылат  жана  өз  ичине төмөнкүлөрдү   камтыйт:

  • Аудиториялык сабактарга даярдануу (лекция, практикалык сабак, лабораториялык иш, семинар, коллоквиум, эссе) жана тиешелүү  тапшырмаларды  аткаруу;

Курстук  иштерди  аткаруу;

  • Жекече тапшырмаларды, рефераттарды, докладдарды аткаруу;
  • Жазуу түрүндө текшерүү  иштерин  аткаруу;
  • Текшерүүчү сыноонун бардык түрлөрүнө, анын ичинде негизги билим берүү программасындагы сабак боюнча билимди текшерүү учурундагы зачет жана сынактардын  суроолоруна даярдануу;
  • Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияга анын ичинде мамлекеттик   сынактарга   даярдануу, бүтүрүүчү квалификациялык  (дипломдук) иштерди  ж.б.у.с.  аткаруу;
  • Илимий жана илимий–практикалык конференцияларга, семинарларга ж.б.катышуу;
  • СӨАИ аудиториялык (окутуучунун көзөмөлү менен) жана аудиториядан тышкары (окутуучунун   көзөмөлүсүз) иш  катары уюштуруу.
  • Сабак боюнча өз алдынча окуп үйрөнүү  үчүн бөлүнгөн бөлүктөрдү негизги   жана  кошумча  адабияттарды  пайдаланып өздөштүрүү;
  • Жекече үй  тапшырмаларды  аткаруу.

                      

 

       СТУДЕНТТЕРДИН   БИЛИМДЕРИН    БААЛОО

Студенттердин өз алдынча иштери методиканы уюштуруу жана өз алдынча иштерди текшерүү менен туура келүүчү белгиленген сандагы баллдар боюнча бааланат. Сабак боюнча ийгиликтүү аттестация үчүн студент семестр аралыгында өз алдынча иштердин жыйынтыгы боюнча көрсөтүлгөн методикада белгиленген баллдардан кем эмес баллдардын суммасын топтошу керек.

Билимдерди баалоо жана текшерүү кандайча ишке ашырылат?

 

       Күндөлүк текшерүү – бул күндөлүк сабакта окутуучу тарабынан жүргүзүлгөн студенттердин билимдерин системалуу текшерүү.

Сабакты үйрөнүүдө студенттердин билимдерин күндөлүк текшерүүнүн ар кандай түрлөрү каралат: оозеки сурамжылоо, жазүү түрүндө сурамжылоо, комбинирленген сурамжылоо, үй тапшырмаларды презентация кылуу жана коргоо, дискуссия, тренингдер, тегерек столдор, кейс – стадиясы, тесттер.

Күндөлүк текшерүү семинардык, практикалык, лабораториялык сабактардын жана окутуучунун жетекчилиги астындагы студенттердин өз алдынча иштеринин алкагында ишке ашырылат.

Арадагы текшерүү  (аралыктан) – ар бир сабак боюнча 2 жолу жүргүзүлөт.

Арадагы текшерүүнү жүргүзүүнүн формалары: жазуу түрүндөгү текшерүү иштер, тестирлөө жүргүзүү ж.б.

Окутуучу күндөлүк жана арадагы текшерүүлөрдүн бааларынын негизинде “Рейтингдик ведомостко” коюла турган чектик (рубежный) рейтинг (Р1 жана Р2) чыгарат. Алардын жыйынтыктары бүтүн санга чейин тегеректелип алынат.

Мисалы, Р1 текшерүүнүн орточо баасы 84, Р2 текшерүүнүн жыйынтыгы 87 баллды түзөт.

Сиз сабак боюнча алган бааны өзгөртүү үчүн жайкы семестрде аны кайрадан өздөштүрүүгө жазыла аласыз.

Эгерде сиз жүргүзүлгөн  Р1 жана Р2 текшерүүлөрүнө объективдүү себептер боюнча катыша албай калсаңыз, анда сиз аны жекече тапшырууга укуктуусуз. Сиз экзамендик сессия башталганга чейин факультеттин деканынын уруксаты боюнча Р1 жана Р2 ни жекече график боюнча тапшырууга милдеттүүсүз.

             Предмет боюнча   рейтингдик   академиялык бааларга өткөрүү шкаласы
      Предмет боюнча рейтинг  ECTS системасы Академиялык баалар
0 – 25 J         келген жок
25 – 50 F   канааттандыраарлык

эмес

51 – 55 D
56–60 C-     канааттандыраарлык
61– 65                C
66 – 70 B-           жакшы
71– 80                B
81– 90 A-         эн жакшы
91– 100                A

 Студенттердин билимин баалоо системасы, формалары жана предметтин  модуль- рейтинг картасы.

Модулдун аты, текшерүү формасы Рейтинг — баллы
минималдык максималдык
Дисциплинардык модуль №1 Аралык иш    
1.1. Лабораториялык, практикалык  же семинардык сабактар (оозеки сурамжылоо, отчеттор, коллоквиум ж.б.). 0…20 20…30

 

1.2. Өз алдынча иштин аткарылышы (контролдук иш, реферат, презентация  ж.б) 0…15

 

15…25
1.3. Теориялык билим практикалык колдонулушу менен (тестирлөө 15 суроо, 1 туура жооп = 3 балл) 21 45
Аралык текшерүү №1 56 100
Дисциплинардык модуль №2 Аралык иш    
2.1.   Лабораториялык, практикалык  же семинардык сабактар (оозеки сурамжылоо, отчеттор, коллоквиум ж.б.). 0…20 20…30

 

2.2.   Өз алдынча иштин аткарылышы (контролдук иш, реферат, презентация  ж.б) 0…15

 

15…25
2.3.   Теориялык билим практикалык колдонулушу менен (тестирлөө 15 суроо, 1 туура жооп = 3 балл) 21 45
Аралык текшерүү №2 56 100

 Студенттердин укугу жана милдети

Эгерде студенттин предмет боюнча рейтингинин орточо  арифметикалык көрсөткүчү (модуль №1+  модуль №2):2=80 академиялык баа алууга мүмкүнчүлүк түзсө, анда студент тиешелүү баасын автоматтык түрдө ала алат, ошондой эле студент орто аралык аттестацияга катышып, өзүнүн рейтингин андан ары да жогорулата алат. “канааттандыраарлык эмес” баа алган студент, академиялык карызын “жайкы” семестрде жоюу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

       КАТАРДАГЫ ӨТҮЛҮҮЧҮ  СЕССИЯДАГЫ  КРЕДИТТЕН  КУТУЛУУ

 Кредиттик окутуу технологиясы–негизинен “кщзгщ” жана “жазгы”семестрде жщргщзщлёт. Щчщнчщ  “жайкы”  семестр кошумча тщрдё керектщщ учурда уюштурулат.

Студент кредиттик тапшырмаларды аткаруу менен семестрдеги “жыйынтык” баасын автоматтык тщрдё ала алат.

Үчщнчщ семестрден кредиттен кутула албай калган студенттер кийинки окуу жылында  жогорку курста окуусун улантуу менен жетишпей калган предметтик дисциплиналарын  негизги расписаниядан тышкаркы убакта кайра окуп  тапшырууга мщмкщнчщлщк алышат.

Кредиттен кутула албаган  предметти кайра-кайра окууга чек коюлбайт, бирок ар бир кайталап окуусуна кайрадан кызмат кёрсётщщ акысы тёлёнёт.

 

 АКАДЕМИЯЛЫК  КАРЫЗДАГЫ  КРЕДИТТЕН  КУТУЛУУ

Бакалавриат адистиктери щчщн академиялык карызы бар студенттерге  жеке жщгщртмё баракча берилбейт.  Академиялык карыз болгон предметти студент  щчщнчщ семестрде кайрадан окуп, сынак  тапшыруу менен карыздан кутулат.

Щчщнчщ семестр студент кандай негизде  (бюджет, контракт) окуганына карабастан, ёздёштщрщлбёгён тиешелщщ предметтин кёлёмщнё жараша акы тёлёё менен жщргщзщлёт.

Эгерде студент 45 кредиттен жогору 60 кредиттен аз кредит топтосо, анда ал окуу жайдын жетекчисинин уруксаты менен кийинки курска которула алат. Бул учурда студент тапшырбаган кредиттерди кийинки окуу жылында тапшырышы керек.

 

 

ЖАЙКЫ СЕМЕСТР ЭМНЕ ҮЧҮН КЕРЕК ЖАНА АНДАН КАНТИП КУТУЛУУ КЕРЕК?

Кышкы жана жайкы экзамендик сессиялардын жыйынтыктары боюнча ийгиликке жетишкен студенттер кийинки курска которулушат. Алар академиялык карыздары жок студенттер.

“F” бааларын алышкан студенттер үчүн акы төлөнүүчү жайкы семестр уюштурулат.

Курсту кайрадан өздөштүрүүгө каралуучу акы төлөмү төлөнөт.

Жайкы семестрди уюштуруу төмөндөгүдөй тартипте ишке ашырылат:

студенттер жайкы экзамендик сессия башталганга чейин жайкы семестрге катышууну каалагандыгы тууралуу арызды деканатка тапшырышат;

студенттер жайкы семестрде болуучу окууга бир кредиттин наркы боюнча акы төлөмүн төлөшөт.

деканаттардын белгилүү мөөнөттө берген билдирүүлөрүнүн негизинде жайкы семестрдин расписаниеси түзүлөт;

Жайкы семестрге катышпоо үчүн силер жыйынтыктар боюнча академиялык карыздардын болушуна жол бербешиңер зарыл.

 

ЭМНЕ ҮЧҮН УНИВЕРСИТЕТТЕН  ЧЕТТЕТИЛЕТ?

Окууңарды улантууга каалооңор жок болгон учурларда, медициналык көрсөтмөлөр же башка ЖОЖна которулгандыгына байланыштуу силер өзүңөрдүн каалооңор менен четтетилгенге укугуңар бар.

ЖОЖдун уставында каралган милдеттемелерди, ички эрежелерди, окуу сабактарды, акы төлөө келишимди бузгандыгы үчүн жогорку окуу жайынын администрациясы силерди университеттен четтетүүгө укуктуу.

Эгерде студент окуу жылдын жыйынтыгы боюнча предметтерден (белгиленген убакыттын ичинде академиялык карыздарды жоюу мщмкщнчщлщгщн негизинде)  45 кредиттен кем кредит топтосо, анда ал студент окуудан чыгарылат же кайрадан ошол курста окуусун улантат.

Четтетүү жана кайра отургузуу боюнча суроолор үчүн деканатка кайрылгыла.

КАЙСЫ УЧУРДА АКАДЕМИЯЛЫК ӨРГҮҮНҮ АЛУУГА БОЛОТ?

Студент академиялык өргүүнү, б.а. убактылуу өзүнүн окуусун токтотуп коюусун ден соолугуна, төрөп калгандыгына жана аскерге чакырылгандыгына  байланыштуу ала алат.

Академиялык өргүү шаардык студенттик поликлиниканын  ВККнын (врачтык консультациялык комиссиясынын) корутундусунун негизинде берилет.

Экзамендик сессиянын башталышына чейин студент академиялык өргүүнү алуу боюнча арыз берет. Академиялык өргүүдөн кайтып келген студент ВКК тарабынан окууга келүүгө мүмкүнчүлүгү бар деген корутунду алып келиши керек. Академиялык өргүүдөн келгенден кийин белгилүү мөөнөттө жумушчу окуу планындагы айырмачылыктарды тапшыруусу зарыл.

 

МАМЛЕКЕТТИК ЭКЗАМЕН ЖӨНҮНДӨ

Жыйынтыктоочу аттестация адистиктин окуу планында көрсөтүлгөн мөөнөттө жүргүзүлөт.

2-курсту аяктагандан кийин “Кыргызстан тарыхы” сабагы боюнча мамлекеттик экзамен жүргүзүлөт. Калган мамлекеттик экзамендер бүтүрүүчү курста гана тапшырылат. Силердин бүтүрүүчү ишти жазуунун эрежелери менен таанышууга  жана изилдөөнүн тандалган багыты боюнча кафедра башчысынан зарыл консультацияларды алууга укугуңар бар.

КИТЕПКАНА

Университеттин китепканасы негизинен студенттерди окуу процесске зарыл болгон адабияттар менен камсыз кылуусуна максатталган жана студенттердин семинарларга даярдануусуна,  курстук жана дипломдук иштерди жазуусуна, ошондой эле жогорку окуу жайдын ишмердүүлүгүнүн бардык багыттары боюнча илимий – изилдөө иштеринин эң негизги жардамчысы болот.

Силердин кызматыңарга:

  • Силер үйгө алып кеткенге мүмкүн болгон адабияттардын, окуу жана окуу – методикалык адабияттардын абонементи.
  • Үйгө 3 күндөн 7 күнгө чейин бериле турган китептердин жана адабий, илимий

адабияттардын абонементи.

Окуу залдары:

  • Китепкананын иштөө тартиби: күнүгө , ишемби — жекшемби дем алыш.

                                      ГЛОССАРИЙ

    Академиялык даража – мамлекеттик аттестациянын   жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайдын тарабынан жогорку кесиптик билим берүүнүн тиешелүү окуу программасын өздөштүргөн                                                             билим алуучуларга ыйгарылган даража.     

       Академиялык календарь – окуу жылы ичинде окуу сабагынын өткөрүлүшүн  жана текшерүү иш чараларды, эс алуу күндөрдү көрсөткөн график.

       Абитуриент – жогорку же атайын орто окуу жайына тапшырган жана орто (толук) билимге ээ болгон инсан.

       Студенттерди анкетирлөө (сурамжылоо)  – окуу программаларын өзүнүн окуу ишмердүүлүгүгүнүн  кызматтары жана ар кандай аспектилери менен студент канчалык деңгээлде канааттангандыгын аныктоо максатында суроолорду, интервьюну  колдонгон баалоонун методу.

Көбүнчө студенттерди ачык же жабык типтеги анкеталарды толтуруп берүүсүн же телефон боюнча суроого жооп берүүсүн суранышат. Студенттерден  анкеталык сурамжылоолордун кыскача баяндалышы  почта, телефон сүйлөшүүлөрдөн турат.

Студенттик сурамжылоолор – өткөрүү боюнча жөнөкөй, арзан жана көп сандагы студенттерди камтый алат. Кээ бир байкоочулар мындай сурамжылоолордун ишенимдүүлүгүнө, ошондой эле алардын билим берүү саясатындагы  маанилүүлүгүнө шектенишет.

Аудитордук окуу сабактары  – бекитилген расписание боюнча студенттердин группалары менен жана поток менен өтүлгөн сабактар: лекциялар, семинарлар, практикалык сабактар, лабораториялык иштер.

       Бакалавр – жогорку билим берүүгө туура келген билим берүүчү программаларды ийгиликтүү өздөштүрө алган инсанга аттестациянын жыйынтыктары боюнча ыйгарыла турган жана ага ээ болуучуларга аныкталган профессионалдык ишмердүүлүктөр менен машыгууга же көбүрөөк жогорку академиялык даражаны алыш үчүн магистрдик билим берүү программалары боюнча окууну улантууга укук берген биринчи академиялык даража (квалификациялык даража, квалификация).

       Дистанттык окутуу же аралыктан окутуу – окуу мекемесине келбестен, бирок окуу мекемесинин окутуучуларынын тынымсыз консультациялары менен камсыз кылуучу заманбап педагогикалык, компьютердик жана телекоммуникациялык технологиялардын, методдордун жана каражаттардын жыйындысы.

       Диплом – жогорку профессионалдык билим берүүнү бүтүрүүнү тастыктоочу официалдуу документ. КРнын мыйзам чыгаруучу органдары тарабынан ар түрдүү тепкичтер үчүн дипломдун төмөндөгүдөй түрлөрү белгилүү: бакалаврдын диплому, жогорку профессионалдык билим берүү менен адистиктин диплому.

       Дипломдук иш  – жогорку окуу жайынын студентинин окуунун акыркы жылынын жыйынтыктоочу аттестациясынын  этаптарында аткара турган жана анын адистик боюнча өз алдынча иштөөгө даярдыгын текшерүүнүн формаларынын бири катары кызмат кылган жана ага аныкталган квалификацияны ыйгаруу жана билим берүү мекемени бүтүргөндүгү тууралуу дипломду берүү үчүн кызмат кылган өз алдынча бүтүрүүчү квалификациялык иш.

       Зачет –окуу жана өндүрүштүк практикалар процессинде аткарыла турган лабораториялык, эсептик – графикалык иштерди, курстук проекттерди (иштерди), о.э. практикалык жана семинардык сабактардан алынган билимдерди, көндүмдөрдү баалоо үчүн арналган студенттердин арадагы аттестациясынын формасы. Курстук проекттерге (иштерге), өндүрүштүк практикаларга, сабактарга дифференцирленген баалар менен коюлган зачеттор университеттин окуу – методикалык кеңешинде бекитилет.

       Квалификация – 1) билимдерди жана көндүмдөрдү колдонуунун аныкталган жөндөмдүүлүктөрү; 2) тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан берилген, курстун программасын ийгиликтүү өздөштүрүүнү аныктаган жогорку билим берүүдөгү илимий даража, диплом же формалдуу аттестациянын башка типтери. Ар түрдүү өлкөлөрдө жана ар түрдүү деңгээлдерде жогорку билим берүүнүн көп сандагы даражалары кездешет (мисалы, бакалавр даражасы, магистр, доктор ж.б.). Квалификация компетенттүүлүктүн деңгээлин жана аныкталган билимдерди, билгичтиктерди, көндүмдөрдү кабыл алууну билдирет; 3) билим берүүнүн эрежеси катары аныкталган бул же тигил ишмердүүлүктөрдү аткаруудагы адистин даярдыгынын сапаттык көрсөткүчү.

       Конспект – үйрөнүлүүчү материалдардын мазмундарын кыскача жана удаалаш баяндоону өзүндө кмтыган окуу жазууларынын маанилүү бир формасы.

       Кредит – бул саат менен туюнтулган студенттердин эмгектерин өлчөөнүн бирдиги. “Кредит” термини студенттердин мобилдүүлүгүн кеңейтүү максатында окутуунун жыйынтыктарын салыштырууга мүмкүндүк берген жана салыштырмалуулукту системалуу туюнткан инструмент.

       Курстук иш –аныкталган мөөнөттө жана аныкталган талаптар боюнча университеттин студенттери аткара турган тапшырма. Курстук иштер даярдоо багыты (адистиги) боюнча негизги деп эсептелинген предметтерден жазылат.

Лекция — максаты логикалык – тууралыктан турган окуу сабагынын формасы, лектордун конкреттүү сабактын теориялык суроолорун  удаалаш баяндоосу. Эреже катары лекциялык материалдар семинардык сабактарда бекемделет.

Модуль – (латын сөзүнөн modulus – ченем)  курстук бирдик –билим берүүдө күтүлүүчү натыйжалардын аныкталган жыйындыларынын алкагында, компетенция терминин түшүндүргөн, зачеттук бирдиктерде өздөштүрүү кыйынчылыктарын мүнөздөөчү билим берүүнүн мазмундук жана методикалык бөлүгү.

Практика –окутуучунун жетекчилиги астында жана аныкталган программалар боюнча окутуу учурунда, студенттердин даярданып жаткан профессионалдык ишмердүүлүктөрүнө түздөн – түз катышууларын тастыктаган, адистиктин бирден – бир профессионалдык даярдыгын түзүп туруучу ЖОЖдогу иштердин маанилүү компоненти.

       Реферат – изилдөө маселеси боюнча бир нече булактардагы негизги мазмунду кыскача камтып турган студенттердин өз алдынча иштеринин формасы. Рефераттын эки түрү белгилүү: продуктивдик жана репродуктивдик. Репродуктивдик рефератта баштапкы тексттин мазмуну кайрадан иштелип чыгат. Продуктивдик реферат негизги булактардын чыгармачыл жана сын көз -караштагы мазмунун камтып турат.

       Семинар – окутуучунун жетекчилиги астында окуу жана илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча студенттердин аткарган докладдары, рефераттары жана билдирүүлөрдү талкуулоого арналган окуу иштеринин формасы. Окутуучу милдеттүү түрдө даярдыкты талап кылган семинардын талкуулануучу темасынын координатору болуп саналат. Семинардын темасы жана талкуулоонун негизги булактары талкуулоого чейин алдын ала берилет. Талкуулоонун максаты профессионалдык талашуу көндүмдөрдү калыптандырууга жана талкуулануучу теманы бекемдөөгө багытталган. Семинар сабактын группалык формасын камтуу менен студенттердин активдүү катышуусун божомолдойт.

       Стипендия – мамлекеттик билим берүү мекемелеринде жогорку жана профессионалдык билим берүүдө окутуунун күндүзгү формаларынын жакшы жетишкен студенттерине жана аспиранттарына, өндүрүштөн алынган окутуунун атайын курстарын ийгиликтүү өздөштүрүүчүлөргө төлөнүп берилүүчү акчалай жардам.

       Факультет –аныкталган адистиктер боюнча студенттерди жана аспиранттарды даярдоону ишке ашыруучу, анда бириктирилген кафедралардагы илимий – изилдөө жана окуу – тарбиялык ишмердүүлүктөрдү жетектөөчү ЖОЖдун окуу – илимий жана административдик бөлүмү.

Кинотеатр

Аталышы: Кырк–Чоро

Дареги:Бердике баатыр көчөсү

Талас  шаарындагы  парк

Баатырлар паркы

Ч. Айтматов көчөсү

Талас  шаарындагы  такси   кызматы:

Аталышы:           Телефондору:

Бай бол             0701 160 140

Жорго               0705 77 2022

Максат           6–17–17) 0707 521 621

Тулпар              0709 343 243

Удача                0703 899 189

Эконом              0703 88 99 22

Тил үйрөтүүчү курстар:

Secom                Оторбаев/Сарыгулов көчөсү,59

Movingforward  Сарыгулов/Манас  көчөсү

Ресурстук борбор

«Америка Ордосу»

Ч. Айтматов  көчөсү

Гуманитардык факультет 2–кабат

Жатаканалар:

Каныкей (кыздар  үчүн)

Сарыгулов көчөсү,17,

моб.тел:0702 56 50 38

Билимстан(балдар  үчүн)

Турдалиев көчөсү,123,

моб.тел:0703 50 45 06

Футбол талаасы

Кичи футбол  талаасы

К.Нуржанов  аллеясы,

№1–орто  мектеп

Облустук  китепкана

Ч.Айтматов көчөсү,353–А

+996 (3422)

 

ТалМУнун  жетекчилигинин  дареги жана  байланыш  телефондору:

Ректор

Айыл  чарба  илимдеринин  кандидаты, доцент

Упенов Айбек Шерипбекович

Ректордун  кабылдамасы:

+(996) 034225–20–15

Почтанын индекси: 724200

К.Нуржанов аллеясы 25, Талас шаары, Кыргызстан

Офис: №1–окуу  корпусу

Окуу жана  илимий иштер  боюнча  проректор:

Техника  илимдеринин кандидаты, доцент

Тургунбаев Мелис Сыргабаевич

Проректордун  кабылдамасы:

+996–3422–5–37–18

Почтанын  индекси: 724200

Нуржанов аллеясы 25, Талас шаары, Кыргызстан

Офис: №1– окуу  корпусу

Мамлекеттик  тил  боюнча  проректор:

Филология илимдеринин доктору

Жумалиев Самат Субанкулович

Проректордун  кабылдамасы:

+996–3422–5–23–37

Почтанын  индекси: 724200

К.Нуржанов аллеясы 25, Талас шаары, Кыргызстан

Офис: №1 –окуу  корпусу

Эл аралык байланыш  бөлүмү:

бөлүмдүн  башчысы:

Нуралиева Айгуль Темиркуловна

+996(3422) 5–43–37

Почтанын  индекси: 724200

К.Нуржанов аллеясы 25, Талас шаары, Кыргызстан

Офис: №1–окуу  корпусу

Окуу  бөлүмүнүн башчысы:

Бообекова Гуля Акановна

Телефон: +996(3422)5–25–80

Почтанын  индекси: 724200

К.Нуржанов аллеясы 25, Талас шаары, Кыргызстан

Офис: №1–окуу корпусу

Кадрлар бөлүмүнүн  башчысы:

Атыканова Айнур  Качкыновна

+996 (3422) 5–24–90

Почтанын индекси: 724200

К.Нуржанов аллеясы 25, Талас шаары, Кыргызстан

Офис: №1–окуу  корпусу

Экономика бөлүмүнүн  башчысы:

Сагынбаева Клара Тургунбековна

+996(3422) 5–21–39

Почтанын  индекси: 724200

К.Нуржанов аллеясы 25, Талас шаары, Кыргызстан

Офис: №1–окуу  корпусу

Китепкана:

Курманалиева Рейна Бекиевна

+996(3422) 5–20–67

Почтанын индекси: 724200

К.Нуржанов аллеясы 40, Талас  шаары, Кыргызстан

Офис: №3–окуу  корпусу

Аралыктан билим берүү технологиялар  борбору(АББТБ)

Мүдүрү:саясий  илиминин кандидаты, доцент

Укуева Айсалкын Калмурзаевна

Телефон: +996(3422)5–65–51

Ж.Мырзалиев көчөсү 65,

Дареги: №5–окуу  корпусу

ТалМУнун   факультеттери

Гуманитардык  факультет

Декан: тарых  илимдеринин  кандидаты

Абдиева Жылдыз Канатбековна

Телефон: +996(3422) 5–20–69

Офис: №6–окуу  корпусу

Технология– экономикалык факультет

Декан: экономика  илимдеринин кандидаты, доцент

Рыскулбеков  Иса Абдрайымович

Телефон: +996(3422) 5–21–28

Офис: №3–окуу  корпусу

Табият таануу  жана  педагогика факультети

Декан: биология  илимдеринин  кандидаты

Мырзабекова Укен Жаныбердиевна

Телефон: +996(3422) 5–51–85

Офис:  №5–окуу  корпусу

Пайдалуу  шилтемелер:

Прокрутить вверх