Notice: WP_Scripts::localize was called incorrectly. The $l10n parameter must be an array. To pass arbitrary data to scripts, use the wp_add_inline_script() function instead. Please see Debugging in WordPress for more information. (This message was added in version 5.7.0.) in /var/www/vhosts/talsu.kg/httpdocs/wp-includes/functions.php on line 5663

Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында  3-март КРнын Мамлекеттик Туусу расмий кабыл алынган күнүнө жана 5-март Ак калпак күнүнө карата Талас шаарынын борбордук аянтында орто кесиптик жана жогорку окуу жайларынын студенттеринин акциясы өттү. Бул акцияда студенттер  баштарына ак калпак кийип, КРнын Мамалекеттик туусун облусттук администрациянын алдынан салтанаттуу түрдө көтөрүп өтүштү. Андан соң КРнын Гимни жаңырып, КРнын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу  өкүлү Д.А.Кенекеев катышуучуларды  мамлекеттик  туу жана ак калпак күнү менен куттуктап, бул күндөрдүн тарыхый маанисин баса белгилеп өттү. Мекенчилдик темадагы обондуу ырлар аткарылып, улуттук бийлер бийленди.

Аталган акцияга ТалМУнун ректорку А.Ш.Упенов, облусттук ардагерлер кеңешинин төрагасы М.Мамбеталиев, КРнын Жазуучулар союзунун Талас областтык башкармалыгынын жетекчиси  Э.Үмөтов, шаардык мекеме-уюмдардын жетекчилери жана ТалМУнун студенттери менен окутуучулары, Талас агрардык-экономикалык колледжинин студенттери, Талас медициналык коледжинин студенттери катышты.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *