ТалМУда билим күнүнө арналган иш-чара өттү
“Билим гана адамды бийик жана эркин кылат” Ч.Айтматов. Бүгүн Талас мамлекеттик университетинде 1-сентябрь билим күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Иш-чара эки бөлүктөн туруп, алгач окуу жайдын босогосун аттаган “Бектур агай” маалымат-технологиялык лицейинин окуучуларына ректораттын атынан куттуктоолор айтылып, маданий программалар тартууланып, биринчи коңгуроо кагылды. Андан соң ТалМУнун алдындагы КОБББнын студенттерине, ТалМУнун 1-курсунун студенттерине арналган салтанаттуу кече белгиленди. Кечеде ректорат, структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилери куттуктоо сөздөрүн айтышып, иш-чара маданий программа менен коштолуп жыйынтыкталды.
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2022/09/302274425_173834905156417_1808600898362096730_n.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2022/09/302309505_173894125150495_496378545316905688_n.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2022/09/302590504_173834935156414_468228331453355745_n.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2022/09/304834757_173834771823097_4289055817703603409_n.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2022/09/302437951_173834785156429_974334222641198614_n.jpg)