ЖОЖго ТАПШЫРУУ ҮЧҮН АБИТУРИЕНТТЕРГЕ КӨБҮРӨӨК МҮМКҮНЧҮЛҮК БЕРИЛДИ

10-августта Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылына Жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоо турларын жана кабыл алууну өткөрүү графиги бекиген №4841/1 буйругун чыгарды.
Бешинчи айлампага абитуриенттерди каттоо 14-август саат 8:00дөн 16-август саат 14:00го чейин жүргүзүлөт.
Жогорку окуу жайларында бош орундар болсо, 21-22-23-августта саат 9:00дө кабыл алууга кошумча сунушталган абитуриенттердин тизмеси жайгаштырылат.
ЖОЖго кабыл алууга кошумча сунушталгандардын тизмесине киргизилген абитуриент бир сутканын ичинде өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу керек.

jojobetjojobet girişmarsbahismarsbahis girişjojobet giriş adresijojobetholiganbetpashagaming
Прокрутить вверх