Жыйын залды жакшыртуу

Талас мамлекеттик университетинин Ч.Айтматов атындагы жыйындар залы университеттин өздүк каражатынын эсебинен ремонттон өткөрүлүп, пардалары, сахна килемдери менен дорожкалары жаңыланды. Ал эми залдагы отургучтарын жаңыртуу боюнча «Альянс Алтын» фондунун өкүлдөрү менен долбоорду тактоо иштери жүрүүдө. Буйруса, Улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 95 жылдык мааракесине карата жаңы окуу жылында жаркыраган залда шаардык, облустук, республикалык, эл аралык деңгээлдеги көптөгөн кызыктуу иш-чаралары өткөрүлөт.

Прокрутить вверх