XII эл аралык конференция

ТалМУ Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы менен биргеликте «Студенттик спорт: улуттун саламаттыгы жана өнүгүшү» аттуу XII эл аралык конференциясын ийгиликтүү өткөрүп алды. Эл аралык конференцияны уюштурууга Кыргызстандын аймактык жогорку окуу жайлары чоң салымын кошушту. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1-Жарлыгына ылайык дене тарбия жана спортту көтөрүү максатында Чолпон-Ата шаарында студенттердин жана жаш окумуштуулардын эл аралык конференциясы жогорку деңгээлде уюштурулуп өткөрүлдү. Анын алкагында ТалМУ менен Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ортосунда эки тараптуу кызматташтык боюнча келишимге кол коюлду.

Прокрутить вверх