Бүгүн К. Медетбеков атындагы Талас облустук драма театрында Талас мамлекеттик университети Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Талас шаарынын мэриясы, Эл аралык түрк академиясы, Колпоч баатыр коомдук бирикмеси, Vll кыргыз,казак зыялыларынын форумунун алкагында “Эр Эшим хандын урпагы Колпоч баатырдын 320 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференция өтүп жатат.
Алгач Эр Эшим хандын урпагы Колпоч баатырга куран окутулуп, эстелигине гүлчамбарлар коюлуп,көргөзмө менен тааныштырылды.
Колпоч баатырдын 320 жылдыгына арналган видеотасма көрсөтүлүп, программа боюнча келген конокторго сөз берилип, илимий баяндамалар окулуп жатат.

Прокрутить вверх