Улуттук тазалык күнү

2022-жылдын 6-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Улуттук тазалык күнү жөнүндөгү» Жарлыкка жана 2023-2025-жылдарга тиричилик калдыктарын башкаруунун натыйжалуу инфраструктурасын түзүү боюнча иш-чаралардын планына кол койгон.
Жарлыктын алкагында республикалык масштабда өткөрүлгөн ишембиликке Талас мамлекеттик университети, окуу жайдын алдындагы КОБББ, “Бектур агай” маалыматтык технологиялар лицейинин жалпы жамааты активдуү катышышты.
Талас шаарынын мэриясы тарабынан бөлүнгөн жерлерди тазалашып, шаарыбызды акыр-чикир таштандылардан арылтышты.

Прокрутить вверх