Талас мамлекеттик университетинин материалдык-техникалык базасынын өнүгүүсү
Талас мамлекеттик университетинин (ТалМУ) материалдык-техникалык базасы күндөн-күнгө жаңыланып, Кыргызстандын башка окуу жайларынан кем калышпаган заманбап окуу борборлору, аудиториялар, компьютердик жана предметтик лабораториялар ачылууда. Жаздан бери түрк тили борбору, 2 компьютердик класс, агробиология лабораториясы, магистранттар үчүн китепкана, мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлерден тест алуу борбору ачылып, колледждин окуу аудиториялары жаңыланды. Алдыда Россия кызматташтыгы алкагында жаңы окуу борборун ачуу боюнча иштер жүрүп жатат жана ал үчүн заманбап компьютер, эмеректердин келиши күтүлүүдө. Учурда борбордун 25 аталыштагы 300 окуу-методикалык китептери келип калды.