Кыргызстандын университеттеринин финансылык автономиясын өнүктүрүү

Талас мамлекеттик университети (DEFA) «Кыргызстандын университеттеринин финансылык автономиясын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында иш алып барып келет.

24 — январда И.Раззаков атындагы КМТУла Көндүмдөрдү өнүктүрүү борбору ачылып, университеттердин финансылык автономиясынын модели талкууланды. Көндүмдөрдү өнүктүрүү борбору заманбап жабдуулар менен жабдылып бардык ЖОЖдор үчүн семинарлар жана тренингдер өтүү үчүн шартталган.

ТалМунун ректору Ж.М.Шаршембиев жана DEFA долбоорунун ТалМУ боюнча координатору А.Т.Нуралиева аталган иш чарага катышышып, ЖОЖдордун финансылык автономиясынын маселелери жана DEFA долбоорун ишке ашыруунун максаттары, милдеттери жана жасалган иштери жөнүндө маалымат таратуу талкууланды. Бул иш чарага Билим берүү жана илим министрликтеринин, Erasnus+ офисине өкүлдөрү, Кыргызстандагы ЖОЖдордун ректорлору катышышты. Долбоордун менеджери Н.Омуров DEFA долбоорунун иш аракеттери менен тааныштырып кенен маалымат берди.Андан сырткары долбоордун өнөктөштөрү болгон Италиянын Флоренция университетинин профессору Елена Гори дагы баяндама жасады. Катышуучулар кызыккан суроолорго жооп алышып, мындан ары да бул долбоордун ийгиликтүү аяктап, университеттердин өз алдынча болушу аларга өнүгүүгө чоң өбөлгө түзөөрүн белгилешти.

Прокрутить вверх