“Алтын-Альянс” коомдук фондунун кызматкерлери менен жолугушуу.

2024-жылдын 14-февралында Талас мамлекеттик университетинин окутуучулары КРСУнун проректору т.и.д, профессор Г.В. Лоцев , г.м.и. К,Абдурахманов Г.А, ф.м.и.к. Н.М.Комарцов, т.и. к А. Джаманкулов, проекттер менен иштөө башкармалыгынын башчысы Б.С. Усупбеков жана “Алтын-Альянс” коомдук фондунун кызматкерлери менен жолугушушту. Жолугушууда КРСУ менен ТалМУнун ортосунда байланышты күчөтүү тууралуу маселелер тууралуу сөз болуп, окуу жайлар ортосунда меморандум түзүү керектиги айтылды. “Алтын -Альянстын “ кызматкерлерине окутуучулар тарабынан бир топ суроолор берилип, айрым суроолорду карап чечип берерин айтышты. Келген коноктор кесипти жогорулатуу , окутуучуларга илимий жактан Россиянын окуу жайлары менен байланыш түзүп , биргеликте иш алып баралы деген ойлорун билдиришти. Келген конокторго окуу жай тарабынан ыраазычылык билдирилди.

Прокрутить вверх