22-апрелден баштап Талас мамлекеттик университети Талас облусунун орто билим берүү мектептеринин, лицей, гимназиялардын 9-класстын жана 11-класстын бүтүрүүчү окуучулары үчүн кесипке багыт берүү багытында «Билим кербени» аттуу иш сапарын баштады

2024-жылдын 22-апрелинен баштап Талас мамлекеттик университети Талас облусунун орто билим берүү мектептеринин, лицей, гимназиялардын 9-класстын жана 11-класстын бүтүрүүчү окуучулары үчүн кесипке багыт берүү багытында «Билим кербени» аттуу иш сапарын баштады.Талас мамлекеттик университетинин кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Р.А.Уркумбаева окуу жайдын факультеттеринин активдүү, чыгармачыл, эң жакшы окуган студенттер курамынан турган «Билим кербенинин» тобун жана иш-планын, программасын түздү.

Талас мамлекеттик университетинин»Билим кербенин» окуу жайдын ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Ж С. Шаршембиев жетектеди. Кербендин тобунда Талас мамлекеттик университетинин декандары — Абдиева Ж.К., Курманалиева А. Ө., Дүйшөналиева У.Э., орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн окутуучусу Мураталиева Назгүл, ТалМУнун алдындагы лицейдин директору А. М.Бутешова болду.»Билим кербенинин» иш сапары 26-апрелге чейин уланат. Ийгилик каалайбыз! Талас мамлекеттик университетинин «Билим кербенинин» сапары байсалдуу жана натыйжалуу болсун!

Прокрутить вверх