«Дени сак улут, дени сак мамлекет» аттуу ден соолук спартакиадасын өткөрдү.

2024-жылдын 26- апрелинде Талас мамлекеттик университети, Талас облустук ички иштер Башкармалыгы менен бирдикте “Жаштар кылмыштуулукка каршы” деген ураандын алдында “Дени сак улут, дени сак мамлекет “ аттуу ден соолук спартакиадасын өткөрдү.

Спартакиадага окуу жайдын бардык структуралык бөлүмдөрү активдүү катышышты.

Спорттун ар кыл түрлөрү боюнча мелдештер кызуу өттү. Алгач студенттер арасында оюндар уюштурулуп, жеңүүчүлөргө дипломдор тапшырылды. Андан соң окутуучулар жамааты арасында жүргүзүлүп, мыктылары байгелер менен сыйланышты.

Прокрутить вверх