“Манас “ улуттук академиясы мамлекеттик мекемеси жана Талас мамлекеттик университети биргелешип ”Манас” эпосу: изилдөө жана окутуу” аттуу илимий-практикалык конференция уюштурулду

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2022-жылдын 22-апрелиндеги #126 “Кыргыз элинин баа жеткис мурасы “Манас” эпосунун үчилтигинин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек”) жана кыргыз элинин материалдык эмес баалуулуктарын ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-2027-жылдардагы иш планын аткаруу максатында жана залкар манасчылар Саякбай Каралаевдин 130, Кааба Атабековдун 100, Сапарбек Касмамбетовдун 90, Уркаш Мамбеталиевдин 90 жылдыгына арналган “Манас “ улуттук академиясы мамлекеттик мекемеси жана Талас мамлекеттик университети биргелешип ”Манас” эпосу: изилдөө жана окутуу” аттуу илимий-практикалык конференция уюштурулду.

“Башканы коюп , Манасты айт” дегендей конференция студенттердин манас айтуусу менен башталды. Андан соң ТалМУнун ректору Ж.С.Шаршембиев катышуучуларга өтүлүп жаткан иш-чарага ийгилик каалап,ачык деп жарыялады.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Ы.Кулушев, Талас шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Р.Жээнбеков куттукташып, өтүлүп жаткан иш-чара жакшы жыйынтыктарды берет деген ойлорун билдиришти.

“Манас “ улуттук академиясы мамлекеттик мекемесинин башкы адиси , ф.и.к,доцент Ж.С. Орозалиева катышуучуларга конференциянын максаты, милдеттери тууралуу маалымат берүү менен окуу жай менен тыгыз байланышта кызматташууну сунуштап, белекке жаны чыккан китептердин сериясын берди. Ар бир катышуучуга ыраазылык кат, катышкандыгы тууралуу тастыктама берилди.

Куттуктоо сөздөрү келген конокторго берилип,

“Манас” улуттук академиясы мамлекеттик мекемеси жана Талас мамлекеттик университетинин ортосунда мындан ары биргелешип иштөө, чыгармачылык байланыштарды күчөтүү , эпосту окутуу, изилдөө максатында эки жактык келишимге кол коюлду.

Кыргыз Республикасынын Эл мугалими

Б. Исаков, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, философ.и.к, Э.А,Уметов, ф.и.к,доцент Т.К.Айталиева, т.и.к, Ж.К.Абдиева, А.С.Усубалиевалар жана магистранттар кызыктуу баяндамаларды жасашты.

Прокрутить вверх